Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:57

Ангела Меркель Ак Үйдө санжаптап тосулду


Канцлер Ангела Меркель мамлекеттик сый тамак учурунда президент Барак Обаманын мартабалуу коноктун урматына тост көтөрүү жөнүндөгү сунушуна ушундай реакция жасады. 7-июнь 2011
Канцлер Ангела Меркель мамлекеттик сый тамак учурунда президент Барак Обаманын мартабалуу коноктун урматына тост көтөрүү жөнүндөгү сунушуна ушундай реакция жасады. 7-июнь 2011

Канцлер Ангела Меркель АКШда мамлекеттик визит менен жүрөт. Ак Үйдө 7-июнда болгон кездешүүдө президент Обама жана Меркель айым Ливиядагы кырдаал, Ооганстандагы НАТОнун вазийпасы сыяктуу орчун эл аралык маселелерди талкуулашты.

АКШнын биринчи ынды кара президенти Барак Обама шаршемби күнү Германиянын биринчи аял канцлери Ангела Меркелди өтө чоң сый-урмат менен тосуп алды. Коноктун урматына замбиректен 19 жолу салют атылды жана Ак үйдүн алдындагы Роза багында мамлекеттик сый тамак берилди. Обама президент катары буга чейин ачык асман алдында Индия, Мексика жана Кытайдын лидерлерине гана минтип дастаркон жайган эле.

Ак үй алдындагы көк жайсаңда болгон салтанатта Барак Обама конокту күтүп алуу дүйнөлүк орчун маселелер желкелеп турган кездеги эки өлкөнүн алакасын күбөлөйт деди:

- Бүгүн менин президенттик кезимдеги Европа лидеринин биринчи ырасмий визитин белгилеп, мамлекеттик сый тамак берилди. Бул каада. Дүйнөдө тынчтыкты жана жыргалчылыкты жайылтууда трансатлантикалык альянс биздин негизги таянычыбыз. Германия Европанын жүрөгү, биздин ишенимдүү союздашыбыз. Канцлер Меркель менин эң жакын глобалдык өнөктөштөрүмдүн бири.

Акыркы айларда АКШ жана Германияны ташбүшкө салган эң чоң көйгөй Ливиядагы кырдаал болууда. Ливиянын аба мейкинин учууга жабык зона деп жарыялоо жөнүндөгү сунуш мартта Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинде каралганда, Германия бейтап позицияны ээлеген. Бул сунушту НАТОнун Германиядан башка бардык мүчөлөрү колдогон.

Ливия телевидениеси Муаммар Каддафи белгисиз адамдар менен кездешип жаткан учурду 7-июнда көрсөттү.
Обама шейшемби күнү билдиргенге караганда, Ливия боюнча Вашингтон - Берлин арасындагы айрымачылыктан окшоштуктар көп экенине токтолду жана Меркель айым да Ливия лидери Муаммар Каддафи бийликтен кетүүсүн колдоорун айтты. Ал ошондой эле Германияга Ооганстанда өзүнө кошумча жоопкерчилик алып, Ливияга “каражат табууга” салым кошкону үчүн ыраазылык билдирди.

Президент Барак Обама Каддафиден кийинки Ливияны колдоодо Германиядан үмүтү чоң экенин да баса белгиледи. Меркель өз кезегинде Германия Ливиядагы кырдаалдан сыртта турбасын айтып, НАТОнун бул өлкөдөгү миссиясына ийгилик каалады.

Ак үйдөгү сүйлөшүүдө НАТОнун Ооганстандагы миссиясы жана аларды чыгарып кетүү мөөнөтү да талкууланды.

Ангела Меркель аскерлер чыгарылгандан соң да эки жак Ооганстандагы кызматташуусун токтотпосуна кабарчылардын көңүлүн бурду:

- Ооганстандагы кызматташуубуз биздин биримдик канчалык бекем экенин көрсөтөт. Биз Ооганстандын түндүгүндөгү өз ара үзүрлүү кызматташууга ыраазыбыз. Ооганстандагы аскерлер тынчтыкты, саясый жана аскерий түзүмдөрдүн өнүгүүсүн камсыздайт деп билебиз. Биз чогуу барганбыз жана Ооганстан дагы узак мезгил биздин колдообузга муктаж экенин унутпастан бир күнү татыктуу жол менен чогуу чыгып кетебиз деп айта кетем.

Германиянын Ооганстанда 7 миң аскери бар же Батыш өлкөлөрдүн ичинен АКШ жана Британиядан кийинки үчүнчү чоң колду жөнөткөн. Ооган жеринде америкалык 100 миң кол бар. Алар ушу жайда чыгарыла башталат. Германия жаңы жылга чейин Ооганстандагы көп улуттуу күчтөрдүн курамындагы аскерлери өлкөгө кайтат деп чамалоодо.

Обама жана Меркель шаршемби күнү Европадагы дебеттик кризисти да талкуулашып, Грекияны дефолттон сактоого АКШ жардам бермек болду. Лидерлер Израил-Палестин чатагын, Ирандын ядролук программасын талкуулашып, катаал маселелерди жөндөөдө бир көз карашта экенин билдиришти.

Ангела Меркелди чоң каада менен күтүп алуу жана ага АКШнын аскерий эмес адамдарга берилчү эң жогорку сыйлыгы - Эркиндик медалын ыйгаруу глобалдык саясат жана экономика боюнча АКШ-Германия арасындагы бир катар келишпестиктерди жөндөөгө кандай жардам берет, азырынча белгисиз.

("Азаттык:" Санжаптап - кастарлап деген мааниде. Кыргыз тилинин сөздүгү, Бишкек, 2010-жыл.)

XS
SM
MD
LG