Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Соттолгонду коом кабыл алалбай жатат


Бишкектин четиндеги №3 түрмө
Бишкектин четиндеги №3 түрмө

Кыргызстан эгемендигинин 20 жылдыгына карата миңдеген соттолгондор мунапыс алып, эркиндикке чыгышат. Бирок адистер абак жайлардан чыккан атуулдардын жөн-жай турмушка аралашып кетүүсү кыйын болорун, коомчулук да аларды оңой-олтоң кабыл албай турганын белгилеп жатышат.

Тажрыйба көрсөткөндөй, түрмөдөн азат алгандардын негизги бөлүгү убакыт өткөн соң кайра камакка түшөт. Адатта соттолуп чыккандардын ишке орношуусу өтө кыйын, ошондой эле коомчулук ичинде аларды жерүү сезими дагы эле күч.

Мыйзамга ылайык, абак жайларда курагы 55 жаштан өйдө болгон аялдар, 60 жаштан жогору курактагы эркектер, I жана II топтогу майыптар, кош бойлуу аялдар, кылмыш жасап, келтирилген материалдык зыяндын ордун толтургандар эркиндикке чыгышат.

Ошол эле убакта өмүр бою эркинен ажыратылгандарга, мурда мунапыстан пайдаланып, бирок кайрадан кылмыш жасагандарга, оор кылмыш кылган, уюшма кылмыш топтун мүчөлөрүнө, экиден көп жолу түрмөгө түшкөн жана абак жайларда тартип бузган 5 миңден ашуун адамга берилбейт.

Жаза аткаруу башкы башкармалыгынын башчысы Шейшенбек Байзаковдун айтымында, Кыргызстанда жалпысынан 16 миңден ашуун соттолуучу болсо, мунапыс жалпысынан 8,5 миңге чукул адамга тиешелүү. Алардын айрымдарынын жаза өтөө мөөнөтү кыскартылса, 3100дөн ашууну түрмөдөн чыгат.

- Мунапыстын 1-беренеси боюнча колониялардан 250, убактылуу кармоо жайынан 2, каттоодон тургандар жана башкалар болуп жалпы 3115 адам бошотулат. 4 миңге чукул адамдын абакта отурган мөөнөттөрү кыскартылат. Ошону менен жалпы 8 миңден ашуун адамга мунапыс тиешелүү болот. Үч айда биз материалдарды топтоп, прокуратурага өткөрүп беребиз.

Мунапыска туура келчү адамдарды атайын прокуратура, жаза аткаруу кызматы жана байкоочу кеңештин өкүлдөрүнөн турган комиссия аныктайт. Байзаков комиссия бул ишти келерки дүйшөмбүдөн тарта баштай турганын кабарлады.

"Түрмөдөн чыкканды ишке аласызбы?"

Бирок адистер абак жайлардан чыккан атуулдардын жөн-жай турмушка аралашып кетүүсү кыйын болорун, коомчулук да аларды оңой-олтоң кабыл албай турганын белгилеп жатышат.

Адатта соттолуп чыккандардын ишке орношуусу өтө кыйын, ошондой эле коомчулук ичинде аларды жерүү сезими дагы деле күч.

Токтобайдын түрмөдөн чыкканына кыйла жыл болсо да, азыркыга чейин жумушка орношууда анын абакта отуруп чыкканы тоскоол болуп келет.

- Чындыгында ушул күнгө чейин жумушка орношууга бул тоскоол болуп атат. Отургансың деп ишке жакындатпайт.

Мына ушундан кийин Бишкектеги айрым курулуш, кызмат көрсөтүү ишканаларына телефон чалып, "түрмөдөн чыккан адамды кызматка аласыңарбы" деп сурап көрдүм.

Айрымдары "ала беребиз" десе, бир тобу кесиби жана тажрыйбасын сурап келип, түрмө тууралуу сөз болгондо "азырынча орун жок" дегенге өтүштү.

"Кандай болсо да бизде азыр орун жок".

- Жакшы адис болуп, бирок түрмөдөн чыккан адамды кызматка аласыздарбы?

"Бизде негизинен түрмөдөн чыккандарды албагыла деген көрсөтмө жок. Эгер адам түрмөдөн чыкса эле аны эч жакка чыгарбай, жаап коюш керекпи? Андай болушу мүмкүн эмес. Бирок бизде азыр орун жок".

"Жок, жакшы адис болсо алат элек. Бирок бизде штат жок. Ар кандай адам жаңылышат. Түрмөдө отурса деле бокочо эмес да. Бизде андай дискриминация жок".

"Кайсы берене менен түшкөндүгүнө жараша болот. Азыр эч нерсе айта албайм. Биз беренесине, анан адамдын өзүнө карайбыз. Келип көрсүн".

"Билбейм аны. Албайбыз го".

"Аа, түрмөдөн чыктыбы?! Жок, кызматка ала албайбыз".

Мамлекеттик программа зарыл

“Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун эксперти Абдыкерим Ашыров абак жайлардан чыккан адамдарды коомго аралаштыруу, жумушка орноштуруу боюнча атайын мамлекеттик программа зарыл экенин белгилейт.
Эгер адам түрмөдөн чыкса эле аны эч жакка чыгарбай, жаап коюш керекпи? Андай болушу мүмкүн эмес. Бирок бизде азыр орун жок.

- "Түрмөдөн чыккандарды кандай жумушка алыш керек, көчөдө жүрүп да кылмышка аралашып кетишине жол бербеш үчүн эмне жасаш керек" деген мамлекеттик деңгээлдеги атайын программа жок. Аларды мындайча айтканда “изгой” кылып, коомдон түртүп салып, булар кылмышкер дегендей көз карашта болсо алар кайра жаман болот.

Тескерисинче, үй-бүлөсү менен жакшы жашап кетсин, турмуш курсун, иштесин, башка мындай ката кетирбесин дегендей аракет сөзсүз жасалыш керек. Муну мамлекеттен тартып коомчулук, маалымат каражаттары чогуу жасаш керек.


Тажрыйба көрсөткөндөй, түрмөдөн азат алгандардын негизги бөлүгү убакыт өткөн соң кайра камакка түшөт.

Байзаков абактарда иштеген психологдор мунапыска туура келчү же жаза өтөө мөөнөтү жакындаган адамдар менен иштеше турганын белгиледи. Анда жөн-жай турмушка аралашуу тууралуу кеңештер берилет.

Андан сырткары түрмөдөн чыкканда документи жок болуп калбасы үчүн учурда абактарда паспорттоштуруу иши жүрүп жатыптыр. Бул үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG