Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:54

Пахтаны курт кууратты


Айыл чарба министрлиги Ош облусунун Кара-Суу районунда 9 миңден ашык гектар жана Араван районунда беш миңге чукул гектар пахта талаасын курт басып кеткенин билдирди. Мунун себебин адистер Өзбекстандан алынуучу дары-дармектин жоктугу менен байланыштырууда. Эгер чара көрүлбөсө, быйыл пахта күйүп кетүү коркунучу бар.

Кара-Суунун Ынтымак айылынын тургуну Гүлзат Садыкова пахтасына түшкөн курттарды айтып, кейиди.

Гүлзаттын үй-бүлөсү быйыл 1 гектардай жерди ижарага алып, анын жарымына пахта эгишкен. Түшүм жакшы болсо, жарымдап турган үйүн бүткөрүшмөк. Бирок эми минтип зыянкечтердин айынан алардын пахтасы болбой калышы да мүмкүн:

Гүлзат Садыкова
- Сентябрь айынын 15терине барып пахта ачылса, курт жеп койгондор эми ага чейин эле ачылып алат да, чиртек болуп калат. Бул болсо эч кандай пахта бербейт дегендик.

Ар бир косекте тогуздан-ондон чигит болсо, булар бир да чигит албайт. Түшүм бербейт эми. Суу да иче албайт.


Гүлзат Сыдыкованын жолдошу учурда жумушсуз. Төрт баласын алар ушул дыйканчылык менен багышат. Бирок дарылардын жоктугунан зыян тарткан эгини аларга дагы кыйынчылык алып келет.

Фермердин айтымында, дарынын кымбаттыгынан да жетишсиздиги аларды көп кыйнаган.

Тапкан дарыларды берсе, анысы же зыянкечтерди жоготууга жарабады:

-50 сотик жерге 380 сомдук дары бериш керек. Аны бир эле жолу бермек белең, төрт-беш сыйра кайталаш керек. Бирок бизде андай болбой калды. Бишкекте дары 200 сом болсо бизге келгиче кымбаттап кетүүдө. Айрыкча дары бере турган убакта, апрель айларында баасы өтө эле асмандап кетти. Же дары ала албайсың, же жер семирткич ала албайсың.

Айылдагы дагы бир фермер Сабира Сайназарова быйыл дыйкандар оор абалда калганын айтууда:

Сабира Сайназарова
- Бар мүмкүнчүлүгүбүздү эгинге жумшайбыз. Колубуздан келишинче карайбыз. Анан ушинтип эле жер семирткич жок, дары-дармек жок болбой калат да, отуруп калабыз. Айрымдары жерлерин такыр иштетпей коюшту. Эл артка кетип, жумушсуз калууда.

Өзбекстандан алынуучу дары-дармектин жоктугунан быйылкы жылы Кара-Суу районунда 9065 гектар жана Араван районунда 4910 гектар пахта талаасын курт басып калганын Айыл чарба министрлиги маалымдады. Бул Ош облусундагы пахтанын дээрлик бардыгы дегенди түшүндүрөт. Ошол себептүү быйыл пахта күйүп кетүү коркунучу бар дейт адистер.

Жергиликтүү бийлик учурда облустагы 16 100 гектар пахтанын баары дарыланып бүтүп калганын билдирүүдө. Облустук айыл чарба бөлүмүнүн жетекчиси Жуманазар Камалов бул жаатта дыйкандарга түшүндүрүү иштери жасалып жатканын айтат:

- Пахтанын ылаңдары, зыянкечтер каптаганы жылда эле болот. Бирок аны алдын алып кол менен, биологиялык жол менен, көпөлөктөрдү койо берүү жолдору менен зыянкечтерге каршы аракеттерибизди жасайбыз. Облустагы агродүкөндөрдөгү бар химикаттардын болгонун пайдаландык. Ал дарылар биринчи-экинчи муундагы зыянкечтерге гана таасир этти. 3-4-муундарына таасир эте албай койду.

Жуманазар Камалов
Камаловдун айтымында, пахта дарысынын жетиштүү эле болду. Болгону анын сапаты мурдагыдай болгон жок дейт ал:

- Дарылар бар. 20-23 түрү бар. Анын баасында, жок экендигинде кеп жок. Кеп анын сапаттуулугунда болуп жатат.

Сапаттуу химикат болгондо дыйкандар кымбат болсо да алышат. Ошол себептүү мамлекеттик деңгээлде сапаттуу дарыларды чыгарып, дыйкандарга таратуу боюнча бир чара көрүлүшү керек. Айлабыз кеткенде биз 4-5 дарыны кошуп алып, учак менен чачып жатабыз.


Канткен менен дыйкандар жок дегенде талаага жумшаган каражаттары акталып калса деген үмүттө турушат. Эгерде күздө пахта наркы көтөрүлбөй калса жүздөгөн фермерлер банкротко учурашы мүмкүн.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG