Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:25

БШК Атамбаев кыйыр үгүттөп жатат деп эсептейт


Кыргызстан Боршайкому президенттикке талапкер, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев үгүт ишин эрте баштады деп эскертти.

Ушундай эле эскертүү дагы бир талапкер Өмүрбек Суваналиевге да жолдонду.

Атамбаевдин өкүлдөрү дооматтарды четке кагып, өкмөт башчы өз милдетин гана аткарып жатканын айтышууда.

БШК 17-сентябрда Алмазбек Атамбаев президенттикке талапкер катары көрсөтүлгөндөн бери мурункуга салыштырмалуу гезит беттерине, радиого жана телеэкранга тез-тез чыкчу болгонун тастыктады.

Айрым маектеринде коомчулук алдында чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө үгүттүн белгилери бар экени белгиленди. Айлык акыны көбөйтүү тууралуу көп кеп кылып, айрым саясатчыларды Кыргызстанды бөлүп-жарган долбоорлорго аралашып жатат деп сындаганы мыйзамга төп келбей турганын айтты.

Президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген
БШК Атамбаевди кызматынан ашкере пайдаланып жатканы үчүн эскертме берди.

Атамбаевдин туруктуу өкүлү Индира Жолдубаева БШКнын расмий эскертүүсүн ала электигин “Азаттыкка” билдирди. Бирок коюлуп жаткан дооматтардын баарын четке какты:

- Интернетке чыккан мыйзам бузду деген билдирүү таптакыр чындыкка туура келбейт. Анткени ал бүгүнкү күндө каттоодон өткөн талапкер болуп эсептелет, анан ал премьер-министр катары милдетин дагы эле аткарып жатат. Ал суроолорго премьер-министр катары жооп берген. Эч кандай мыйзам бузулган эмес. Телевизордон түшпөй калды деген дооматка эч нерсе деп айта албайм, негизи буга өкмөттүн маалымат кызматы жооп бериши керек. Бул жерде деле үгүт жок. Бул өкмөттүн иши. Бүгүнкү күндө коомчулуктун назары өкмөт кандай иштеп жатканына бурулуп жатпайбы.

БШК президенттикке дагы бир талапкер Өмүрбек Суваналиевдин гезиттерге, Интернет булактарына берген маектерин иликтеп көрүп, үгүттү эрте баштап, мыйзамды бузуп жатканы үчүн эскертүү жолдоду.

“Прогресс” кору президенттикке талапкер Алмазбек Атамбаев кызматынан пайдаланып жатканын айтып, БШК бир нече жолу кайрылуу жолдогон. Кордун төрагасы Адил Турдукулов эми мындай эскертүүлөрдү маалымат каражаттары да алышы керек деген пикирде:

- Буга көптөн бери эч кандай көңүл бурулбай, эскертме да берилген эмес. Эми азыр берилип жатканы туура деп ойлойм. Бирок башка нерселерге да көңүл бурулбай жатат. БШК Атамбаевге эле эмес, азыркы телерадио компанияларга да эскертүү берсе туура болот эле.

Серепчи Аскарбек Мамбеталиев бийликте туруп шайлоого бараткан талапкер административдик ресурсту колдонбой койо албайт деп айтты.

Мамбеталиев премьер-министр Атамбаевге башкаларга караганда көбүрөк сөз тиет деп белгиледи:

- Казандын башында туруп, андан ооз тийбей койо албайт. Сөзсүз жок дегенде жыттайсың. Биринчиден, ал үчүн чоң кыйынчылык. Ал колдонсо да, колдонбосо да сөз тиет. Экинчи жактан, ал ушундай кызматта тургандыктан кызматынан колдонбой койо албайт. Кызматынан колдонбой коюу үчүн адам эмес, кандайдыр бир периште болушу керек. Эми ал мындай басса да, андай басса да сөзсүз сөз тиет. Бийликтин башында тургандыктан Роза Отунбаевага окшоп шайлоого барбашы керек эле. Ошондо таза, жакшы, парламенттик өлкөнү чыңдаган киши болуп калмак. Анткени премьер өйдө болот деп айтып жатпайбы. Бирок премьерликте туруп президенттикке барышы анча жакшы болбой жатат.

Бийликте туруп шайлоого катышкандарды административдик ресурс колдонду деген айыптаган учурлар буга чейин деле арбын кездешчү. Мурунку президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев кызматта туруп шайлоолого катышкан. Добуш берүү мөөнөтү белгиленип, шайлоо жакындаганда алар жалындуу убадалар менен маалымат айдыңда тез-тез пайда болуп, маалымат каражаттары мактаган-жактаган материалдарга толуп калар эле.

XS
SM
MD
LG