Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:11

Сынак аяктады, соттор башталды


Талапкерлердин тил сынагы түз эфирде көрсөтүлүүдө, 22-сентябрь 2011-жыл.
Талапкерлердин тил сынагы түз эфирде көрсөтүлүүдө, 22-сентябрь 2011-жыл.

23-сентябрда президенттикке талапкерлердин мамлекеттик тил боюнча акыркы сынагы өттү. Экзаменди премьер-министр Алмазбек Атамбаев да тапшырып, алдыңкы күндөрү кызматын өткөрүп берерин жар салды.

Ал ортодо президенттик жарыштан четтетилген талапкерлердин арыздарды сотто карала баштады. Түштөн кийин БШК дагы беш талапкерди расмий түрдө каттоодон өткөрдү.

Атамбаев айтылган сындарга жооп кайтарды

Бүгүнкү тил сынагынан ийгиликтүү өткөн премьер-министр Алмазбек Атамбаев буга чейин дарегине айтылган сындар боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип, өкмөт башчылык кызматын алдыдагы күндөрү өткөрүп берерин жар салды:

Алмазбек Атамбаев
- Өткөн аптада "КТРге көп чыкты" деп бизге доо коюшту. Бирок ошол жумада мен Өзбекстанга бардым. Андан кийин Кытайдын премьери менен жолуктум. Андан кийин Казакстандын премьери бизге келди. Андан башка да кызматым бар да. Мен эми жатып алайынбы иштебей? Мен иштеп жатам, ошон үчүн көрүнүп жатам. Анын үстүнө бир-эки күндүн ичинде, каттоодон өткөндөн кийин шайлоонун жыйынтыгы чыкканча кызматымды өткөрүп берем.

Ал ортодо президенттик жарыштан четтетилген талапкерлердин арыздары сотто карала баштады. Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда БШК каттоодон баш тарткан Нариман Түлеевдин арызы териштирилип, документтердин жетишсиздигинен соттук иш 24-сентябрга жылдырылды. “Жашасын Кыргызстан” партиясынын лидери Токтайым Үмөталиеванын арызы болсо учурда териштирилүүдө.

Нааразылык уланууда

Түшкө чейин “7-апрель жаштар кыймылы” партиясы кайрадан маалымат жыйынын өткөрүп, Нариман Түлеевдин талапкер катары катталышын талап кылышты. Түлеевдин шайлоо штабынын жетекчи орун басары Феликс Ким:

Феликс Ким
- Биз болгон күчүбүздү бул оюнду уюштургандардын жашыруун ниети аткарылбашы үчүн жумшайбыз. Мен билип турам, “7-апрель жаштар кыймылы” партиясынын өкүлдөрү элди көтөрүп, өлкөдөгү абалды туруксуздаштыруусун күтүп жаткандар бар. Мындан улам мен кайталап айткым келет, биздин бардык аракеттер укуктук нукта гана болот.

Түштөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы дагы беш талапкер:
Исхак Масалиев, Курманбек Осмонов, Алмамбет Матубраимов, Марат Иманкулов, Кубанычбек Исабековду расмий каттады.

Жетиштүү анык кол топтой албай калды деген негизде Өмүрбек Эгембердиев талапкер болуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады.

Ал арада талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктарына аз күн калганын БШК төрагасы Туйгуналы Абдраимов эскертти:

БШК отуруму
- Үгүт иштери 24-сентябрдан 25ине караган түнү башталат. Ага чейин биз бардык талапкерлерди каттап бүтүшүбүз керек. Кудай буйруса эртең ондордо жыйын кылып, ошондо талапкерлерди каттап бүтөбүз.

Боршайкомдун басма сөз кызматы кабарлагандай, “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев талапкерлигин алып салгандан кийин, 23-сентябрга карата президенттик шайлоого ат салышчу 23 талапкер калды. Алардын ичинен расмий каттоодон өткөндөрү 14тү түздү.

Жарыштан четтетилген бир катар талапкер БШК чечимин сотко берген эле. Бул соттук жараяндар талапкерлердин пайдасына чечилсе, Боршайком кезексиз тил сынагын өткөрмөкчү.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 30-октябрга белгиленген.

XS
SM
MD
LG