Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Иран: уран байыткан центрифугалар 9 миңге жетти


15-февралда Иран өзү жасаган ядролук отундун огун Натанздагы реакторго жүктөй баштады.

Ошондой эле өлкөдө жасалган жаңы центрифуганын ишке киргизилгени расмий жарыяланды. Удаа эле Евробиримдиктин алты өлкөсүнө мунай сатуу азайтылганын Ирандын маалымат булактары кабарлады. Бул чара Евробиримдиктин Тегерандын ядролук программасына каршы санкцияны күчөткөндөн улам кабыл алынган.

Ирандын өкмөттүк телеканалы өлкөдө жасалып, 20% байытылган урандын огун реакторго президент Махмуд Ахмединежаддын өзү жүктөгөнүн түз алып көрсөттү. Ахмединежад буга байланыштуу сүйлөгөн сөзүндө Батышты улуттук ядролук программага түрдүү айла-амалдар менен бут тосту деп күнөөлөдү:

- Алар (БУУнун) резолюциялары, санкциялар, саясый кысым жана пропаганда менен bран элинин жетишкендигин токтотконго аракет кылышты. Бирок анысы ишке ашпады.

Иран президенти Тегерандын ядролук программасы боюнча алты жактуу сүйлөшүүнү жөн гана шылтоо деп атады:

- Батыштын Ирандын ядролук программасын сындоосу тек гана шылтоо. Мунусун четке каксак, алар башка шылтоо табышат. Алар биз менен сүйлөшкүбүз келет дейт. Силер чындап эле биз менен сүйлөшкөндү каалайсыңарбы? Же бизди столго отургузуп, "мен айтканга кол кой", - деп айтасыңарбы? Бул сүйлөшүүбү?

Ахмединежадды куйрук улай Ирандын атомдук агенттигинин башчысы Натанздагы ядролук объектте улуттук ишканаларда жасалган центрифугалар пайдаланууга берилгенин жар салды. “Жаңы центрифугалар мурдакылардан үч эсе кубаттуу”,-деп билдирди Ферейдун Аббаси-Давани. Ал эми Ахмединежаддын айтымында, 3 миң жаңы центрифуга пайдаланууга берилгенден кийин Ирандагы уран байытуучу центрифугалардын жалпы саны 9 миңге жетти.

Былтыр ноябрда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттик - МАГАТЭ жарыялаган изилдөөдө Иран ядролук бомбаны жасоого тиешеси бар сыноолорду жүргүзгөнү мүмкүн экендиги көрсөтүлгөн болчу.

Кээ бир серепчилер эми Иран бир-бир жарым жылдан кийин жөнөкөй атомдук бомбанын дүрмөтүнө жеткендей байытылган уранга ээ болот деп болжошот.

Батыш өлкөлөрү Иран береги реакторду ядролук бомба жасоо үчүн пайдаланат деп узактан бери кооптонуп келет.

Тегеран болсо ядролук программасы тынчтык максатын гана көздөйт же уран ядролук электростанцияны отун менен камсыздоо үчүн гана байытылууда дейт.

Ядролук жетишкендиктери кеңири жарыя болгондон кийин Ирандын англис тилдүү телеканалы 1-июлдан тарта кара майды экспорттоо кээ бир Европа мамлекеттерине токтотуларын маалымдады. Бул чара Евробиримдик Тегерандын ядролук программасына каршы санкцияны күчөтүүсүнө жооп катары кабыл алынган. Ошентип жайдан тарта Грекия, Испания, Италия, Португалия, Нидерландия жана Францияга мунай сатуу токтотуларын Ассошэйтед Пресс агенттиги тактады. Евросоюз керектеген мунайынын 18% Ирандан алат.
Силер чындап эле биз менен сүйлөшкөндү каалайсыңарбы? Же бизди столго отургузуп, "мен айтканга кол кой", - деп айтасыңарбы?

Еврокомиссиянын өкүлү Ирандын кара майы келбей калган өлкөлөр кемтигин Сауд Арабия жана башка өндүрүшчүлөрдүн эсебинен жабаарын билдирди.

23-январда Евросоюз акырындап Ирандан кара май экспорттоону токтотолу деп макулдашкан.

Тегеран шаршемби күнү дипломаттык кадам да жасады. Ирандын ядролук сүйлөшүүлөрдөгү баш өкүлү Саед Жалили Евросоюздун тышкы саясат боюнча комиссары Катерин Эштон айымга кат жолдоп, Тегеран ядролук программасы боюнча алты жактуу сүйлөшүүлөрдү кайра улантканга даяр экенин кабарлаган. "Р5+1" деп аталган береги топко БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия кирет. Бул группанын Иран менен акыркы сүйлөшүүсү бир жыл мурда Стамбулда майнапсыз аяктаган.

Ирандын соңку саясый жана технологиялык жүрүштөрү Израил Тегеранды Таиланд, Индия жана Грузиядагы дипломаттарына каршы үстүбүздөгү аптада болгон бомба чабуулун уюштурду деген айыптолоруна удаа жасалды. Иран бийликтери Израилдин айыптоолорун “негизсиз” деп, жардырууларга эч кандай тиешеси жок экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG