Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Пирматов чакырылды, кезек кимде?


Исхак Пирматов
Исхак Пирматов

Жогорку Кеңеш “Республика” фракциясынын мүчөсү Исхак Пирматов боюнча комиссия түздү. Бул комиссия Пирматовдун депутаттык кол тийбестигин алуу боюнча Башкы прокуратуранын кайрылуусун карап чыгууга тийиш. Башкы прокуратура ушундай эле кат менен Камчыбек Ташиев, Нариман Түлеев жана Нурлан Сулаймановго байланыштуу да кайрылуу алдында турат.

Башкы прокуратурадан алынган маалымат боюнча, Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Ата Журт” фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев жана анын фракциялаштары Нариман Түлеев, Нурлан Сулаймановго байланыштуу кылмыш иштер ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул депутаттарга карата кылмыш иши 2010-жылы эле козголуп, бирок ар кандай себептер боюнча токтотулуп келгенин Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын жетекчиси Жаныбек Салиев тастыктады:

- Бул кылмыш иштер 2010-жылы эле козголгон. Андан кийин ал иштер кандайдыр бир жагдайлар боюнча токтоп калыптыр. Азыркы мезгилде бул иштердин баары мыйзамдын чегинде инвентаризациядан өтүп жатат. Мыйзамсыз токтотулган иштер жандандырылып, мыйзам чегинде далилдер, иштин жагдайлары иликтенип, жыйынтыкка келебиз. Ал эми парламентке кайрылуу жолдоно элек. Иштер мыйзам чегинде тергелип жатат.

“Республика” фракциясынын мүчөсү Исхак Пирматовго байланыштуу ишке чечимди эми парламент кабыл алаарын прокурор белгилеп өттү:

- Бүгүнкү күндө Исхак Пирматовдун үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча жыйынтыкка келип, бул кишини жоопко тартыш үчүн Жогорку Кеңешке сунуш киргиздик. Эми кандай чечим кабыл алат - бул Жогорку Кеңештин өз иши.

Жогорку Кеңеш болсо 22-февралда Башкы прокуратуранын Пирматов боюнча кайрылуусун карап, депутаттык комиссия түздү. Анын курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирди.

“Ата Журт” фракциясынан комиссияга мүчө болгон депутат Мыктыбек Абдылдаев комиссия бир ай ичинде өзүнүн жообун иштеп чыгыш керектигин билдирди:

- Бир ай изилдейт. Бизде депутаттын макамы жөнүндө мыйзам бар. Мына ошол мыйзамдын талабына ылайык комиссия бир ай иштеп, анан жыйынтыгын чыгарат.

Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча башкармалыгынын жетекчисинин айтымында, отуздан ашуун кылмыш иши бар. Алардын арасында башка депутаттардын да ысмы барбы деген суроо жоопсуз калды.

Маалыматтарга караганда, Камчыбек Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигин жетектеп турганда база куруу үчүн бөлүнгөн жерди менчиктеп алган деп, Нариман Түлеев кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Нурлан Сулайманов транспорт жана жол министри кезинде акча уурдоолорго жол берген делип жатат.

Камчыбек Ташиев коюлган айыптарды төгүндөп, мамлекеттен жер эмес, бир кышты да менчиктештирип албаганын билдирүүдө. Ал ошондой эле 1-мартта Ошто, андан кийин Бишкекте ири митинг өтөөрүн кошумчалаган.

Эксперт Кубатбек Кожоналиевдин айтымында, бийлик коррупцияга каршы күрөштү өзүнөн башташ керек эле:

- Мыйзам баарына тең пайдаланылыш керек. Ошондо нааразылык болбойт. Мына “Финанскредитбанк”, Улуттук банк жөнүндө бир айдан бери сөз болуп жатат. Оозуна талкан салып алгандай башкы прокурорубуз унчукпай отурат. Көмүр, энергетика тармагы, ликер-арак заводу боюнча... Анан кийин оппозицияда жүргөн жигиттерди эмес, биринчи өзүнүкүн бүтүрүп, "мына мен тазаландым, эми сен да тазалан" деш керек. Мына ошондо нааразычылык болбойт. Эгерде тандап иш козгой турган болсо, анда оппозициянын айта турган сөзү болуш керек.

Жогорку Кеңеште да Башкы прокуратуранын демилгеси боюнча сындар айтылды. Ошондуктан депутаттарды кылмыш жообуна тартууга макулдук алуу жеңил болбой турганы байкалууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG