Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:52

Баткенде барымтадагы 19 тажик жараны бошотулду


Кыргыз-тажик чегиндеги жол тосуу. Баткен, Кара-Бак айылы, 18-апрель, 2011. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)
Кыргыз-тажик чегиндеги жол тосуу. Баткен, Кара-Бак айылы, 18-апрель, 2011. (Сүрөттүн азыркы окуяга тиешеси жок.)

Баткен облусунда жергиликтүү эл Тажикстандан соода кылганы келген 19 кишини барымтага алып, кайра коё беришти.

Облус бийлигинин билдиргенине караганда, аларды чек арага жакын жайгашкан Кара-Бак айылынын тургундары бир күн мурда Тажикстанда камакка алынган 3 жердешине алмашуу үчүн кармашкан. Ал эми учурда эки өлкө чек арасында кырдаал тынч экенин Баткен облусунун бийлигинен “Азаттыкка” кабарлашты.

Окуя кандай болду?

21-июнда эртең менен кармалган тажик жарандары кайра эле саат түшкү 12де бошотулганын Баткен облусунун губернаторунун орун басары Саитжан Эратов билдирди.

- Эртең менен сүйлөшүп баштап, саат 12де Тажикстандын жарандарынын баары коё берилди. Бул кылмыш ишин жасаган адамдардын үстүнөн иш козголду. Азыр тергөө жүрүп жатат.

Тажикстандын жарандарына эч кандай ыдык көрсөтүү же кордоо болгон эмес. Эратовдун айтымында, алар бири-бирин жакшы тааныган адамдар болгон. Аларды барымтага алууга 20-июнда Кыргызстандын үч жараны: Икрамжан Айтматов, Манас Надиров жана Чыңгыз Абдрахманов кызыл сымап алып жүргөнүнө байланыштуу Тажикстандын аймагында кармалышы себеп болгон.

- Алдын-ала маалыматтар боюнча, алар 103 килограмм кызыл сымап менен Тажик Республикасынын Чоң-Кишлак айылынын Шахраб зонасында кармалышкан. Учурда үч жаран Тажикстандын Исфара шаарынын убактылуу кармоо жайында кармалып турушат. Алардын үстүнөн иш козголгон.

Эратов тажик жарандарын барымтага алууну Тажикстанда кармалган жогорудагы адамдардын жакындары уюштурганын кошумчалады.

- Тажикстандын 19 жараны Икрамжан Айтматовдун балдары, туугандары тарабынан Баткен шаарынын Базар-Башы кварталындагы гаражда кармалып турушкан. Алар негизи бири-бири менен тааныш адамдар болгон. «Суранабыз, отуруп тургула, биз жакындарыбызды бошотуп алалы» десе, ал достору (тажик) отуруп турушкан.

Барымта менен маселе чечилбейт

Баткен облусунун акимчилиги бул окуяда эч кандай улут аралык чыр-чатак жок дейт. Негизинен кыргыз-тажик чек арасында буга чейин да чырлуу маселелер болуп келген. Бирок бул сыяктуу окуя, тагырак айтканда барымтага алуу биринчи жолу болуп жаткандыгы, мындай көрүнүш эки мамлекеттин алакасына доо кетирери айтылууда.

Баткендик серепчи Базарбай Масейитов бардык маселени мыйзам жолу менен чечүү зарыл деп эсептейт:

- Барымтага алуу менен кыргыз жарандарын бошотуп алабыз дешкен. Негизи бардыгын мыйзам чегинде чечүү керек. Баткенге соода кылганы келген тажик жарандарын барымтага алуу туура эмес болду. Бул эки элдин ортосундагы мамилеге, чек арадагы абалга терс таасирин тийгизет.

Анткен менен айрым учурда кыргыз-тажик чек арачыларынын, укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттери, ошондой эле жергиликтүү бийликтин маселени өз учурунда чечпегени жарандардын өз алдынча чечимдерди кабыл алышына себепчи болот дегендер да бар. Ал эми Тажикстанда кармалып турган үч жаран боюнча эртең атайын топ кошуна өлкөнүн Исфара шаарына барып, аларды бошотуп алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөкчү.

XS
SM
MD
LG