Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:53

Беларус: Элчиликтин алдындагы окуя – чагым


Элчиликтин алдындагы нааразылык акциядан кийин, 28-август, 2012-жыл
Элчиликтин алдындагы нааразылык акциядан кийин, 28-август, 2012-жыл

Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенко элчиликке нааразылык билдирип келгендердин аракетин чагым деп баалады.

Мындай билдирүүнү элчи журналисттер үчүн 30-августта уюштурган маалымат жыйынында айтып, апрел окуясындагы өлүм үчүн айыпталып жаткан Жаныш Бакиевдин Беларуста жүргөндүгү тууралуу маалымат тастыктала электигин билдирди.

Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенко 28-августтагы элчилик имаратынын таш бараңга алынганын атайын уюштурулган иш экенин билдирди. Анын айтымында, муну кайсы бир чагымчыл күчтөр уюштуруп, ар бир кадамы ойлонулган:

- Биз бул аракеттердин чагым экенин жана атайын уюштурулганын билдирип жатабыз. Себеби бүгүн бул акциянын уюштуруучулары “мындай болуп кетерин билген эмеспиз, бул кадамдарга биз жооп бербейбиз” дегени менен элчиликке ыргыталган таштарды айымдардын сумкасына атайын салып келишкен. Анан элчиликтин айнектери сынган соң кайра алып кетишиптир. Бул чагымчылдык эмеспи? Бул алдын ала даярдануу эмеспи? Анда муну кантип түшүндүрсө болот?

Элчиликтин алдындагы акция, 28-август
Элчиликтин алдындагы акция, 28-август
Элчи кайсы күчтөр тууралуу сөз болуп жатканын тактаган жок. Анын билдиришинче, Жаныш Бакиевдин Минскте жүргөнү тууралуу маалымат тастыктала элек, бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги нааразылык нотасын жиберген соң Беларустун күч органдары бул багытта иш жүргүзүп жатышат.

Ал эми беларус активисти Михаил Пашкевичтин айткандарына жеке өзү ишенбей турганын билдирген элчи бул анын депутаттыкка ат салышар алдындагы саясий кадамы болушу мүмкүн деп баалады:

- Беларус тарап Жаныш Бакиев биздин өлкөдө деп эч качан билдирген эмес. Муну оппозициячыл саясатчылар гана айтып келишет. Ошол эле учурда эки өлкөдөгү ири саясий өнөктүк учурунда чыгып жатканын кандай деп ойлойсуңар? 23-сентябрда Беларус парламентинин эл өкүлдөр палатасына шайлоо болот. Ошондой эле Кыргызстанда да өкмөттү кайра түзүп жатышат. Мындан улам мен Жаныш Бакиев тууралуу маалыматты тастыктай да, төгүндөй да албайм.

Денисенко Бакиевдердин тегерегиндеги азыркы кырдаал эки өлкөнүн кызматташтыгына таасирин тийгизбейт деген ишенимин билдирип жатат.

Дүйнө тиктеп турат

Анткен менен 28-августта нааразылыкка чыгып, элчилик имаратын таш бараңга алган апрель окуясында жабыркагандардан түзүлгөн “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” бирикмелеринин өкүлдөрү бул окуяны алдын-ала даярдалган чагым деген элчинин божомолун төгүндөшүүдө.

“Мекен шейиттери” уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариевдин айтымында, Беларус Бакиевдерди кайтаруу боюнча Кыргызстандын талабын орундатпай отуруп, ушундай окуялардын орун алышына шарт түздү:

- Эл аралык келишимдерге ылайык, кылмышкерлерди кайтарышы керек эле, аны кайтарбай жатышат. Буга кошумча элчилик алдына барган элге эч түшүндүрмө беришкен жок. Эгер элге ошондо эле жооп кайтарса, бул окуя чыкмак эмес. Канча адам Бакиевдердин айынан жакындарынан ажырап, өздөрү жабыркады! Анан элчиликтин ушундай мамилесинен соң ушул кадамдарга барышат да.

Ишенбай Абдуразаков
Ишенбай Абдуразаков
Ошол эле элчиликтин имаратын таш бараңга алуу жакындарынан айрылгандардын аргасыз айласы деп айтылган менен адистер дипломатиялык мекемеге кол салууну чектен чыккан кадам катары баалап жатышат. Тажрыйбалуу дипломат Ишенбай Абдуразаковдун пикиринде, бул окуя Кыргызстандын эл аралык чөйрөдөгү кадыр баркына доо кетириши мүмкүн:

- Негизи дипломатиялык мекеменин алдына плакаты менен нааразылык акцияга чыгып, талаптарын айтып, тарап кетсе эч нерсе деле болбойт. Бирок аларга кол салып, таш ыргытып, терезесин талкалап кетүү биздин өлкө тууралуу жакшы пикир калтырбайт. Ошондуктан бизде болгон окуяны эл аралык коомчулук маданиятсыз кадам катары кабыл алат.

Беларус элчилигинин алдындагы окуя боюнча Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгы иш козгоп, тергөө, иликтөө иштери жүрүүдө.

Анткен менен Беларус бийлигинен Бакиевдерди өткөрүп беришин талап кылган акция уланууда. 30-августта да укук коргоочу, “7-апрель” кыймылынын жетекчиси Өндүрүш Токтонасыров элчилик алдына чыгып, Бакиевдер Кыргызстанга өткөрүлүп берилбесе, элчилик ишин токтотсун деген талапты койду.

Жакында беларус активисти Михаил Пашкевич Кыргызстанда бир катар оор кылмыштар үчүн айып тагылып, Интерпол аркылуу издөө салынган мурдагы президенттин иниси Жаныш Бакиевди Минскиде көрүп, сүрөткө тартып алган. Анын сүрөттөрү интернетке жарыяланып кеткен соң кыргыз коомчулугунда Беларус бийлигине нааразылык кайра жанданган. Буга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Беларуска кайрылып, Жаныш Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Бирок Беларус тараптан тийиштүү жооп болгон эмес. Натыйжада Кыргызстан Беларустагы элчиси Эрик Асаналиевди кеңешүү үчүн чакыртып алган.

Таш бараңга алынган элчилик
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:54 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG