Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Жолдон жоголгон миллиондор


Кыргызстанда жол куруу тармагында бир канча жылдан бери калыптанып калган коррупциялык схемалар бар экени айтылып келет.
Кыргызстанда жол куруу тармагында бир канча жылдан бери калыптанып калган коррупциялык схемалар бар экени айтылып келет.

Унаа жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов беш миллион сом пара алган деген шек менен камакка алынды.

Ал Жалал-Абад облустук жол курулуш башкармалыгы менен биргеликте 22 миллион сомду туура эмес пайдаланган деп айыпталууда. Эксперттердин пикиринде, Унаа жана байланыш министрлиги эң көп коррупциялашкан тармактардын бири. Кыргызстан тышкы карыздын көбүн жол куруу үчүн алат, бирок аны пайдаланууда коррупциялык схемалар көп экени айтылып келет.

22 миллион сомдун изи

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаевдин айтымында, Унаа жана байланыш министрлигинин статс-катчысы Максат Дыйканов Жалал-Абад облустук жол курулуш башкармалыгы менен биргеликте 22 миллион сомду мыйзамсыз пайдаланган деп айыпталууда.

- Бул кылмыш иши боюнча ИИМ менен Башкы прокуратура биргеликте иштеген. Текшерүү учурунда мыйзамды бузган фактылар аныкталган. Козголгон кылмыш ишинин негизинде Унаа жана байланыш министрлигинин статс-катчысы кармалып, камакта отурат.

Дыйкановдун баш коргоо чарасын караган сот аны эки айга камакка алды. Ага кылмыш иши “коррупция” жана “кызматынан кыянат пайдалануу” беренелери боюнча козголгон.

Ал эми Башкы прокуратуранын билдиргени боюнча, Максат Дыйканов 2010-2011-жылдары министрликтин экономика жана каржы башкармалыгын жетектеп туруп, Жалал-Абад облустук курулуш башкармалыгына 22 миллион сомду мыйзамсыз которгон. Ал каражат жол куруучу фирмаларга берилип, бирок ушул эле сумманын 5 миллион сомун Дыйканов баштаган министрликтеги адамдар пара катары алышкан. Атап айтканда, Баткендеги Самаркандек - Мадыген - Дархун, Айгүл-Таш - Согмент - Таян жолдорун куруу үчүн жумшалган акчалар мыйзамсыз коротулганы айтылат.

Жолчулардын жолу куушпу?

Жогорку Кеңеш депутаты Нарынбек Молдобаевдин пикиринде, Кыргызстандын тышкы карызынын 30 пайызын жол куруу үчүн алган акчалар түзөт. Бирок алардын пайдалануусу күмөн жаратат:

- Жантөрө Сатыбалдиев Бишкек - Ош жолунунун курулушуна катышты эле, анын да артынан азыркы кезге чейин чуулгандуу сөздөр басыла элек. Андан кийинки министр Нурлан Сулайманов жол куруу боюнча иштеринин негизинде “ичип алды, жеп алды” деп айтылып, кылмыш иштер козголгон. Эми болсо Максат Дыйканов кармалды. Демек бул жол курган жерлерде коррупциялык схемалар дагы эле бар экенин билдирет.

Адистердин пикиринде, жол куруу тармагында бир канча жылдан бери калыптанып калган коррупциялык схемалар бар. Бул тендер өткөрүү, жол курулушунун баасын эсепсиз көтөрүү, жолдун энин же калыңдыгын долбоордо көрсөтүлгөндөн кемитип салуу сыяктуу көрүнүштөр.

Депутат Нарынбек Молдобаевдин айтымында, Кыргызстанда учурда бир километр жолдун баасы 2 миллион долларга чыкты. "Бирок адистер муну жол куруудагы материалдардын жана күйүүчү майдын кымбаттыгы менен түшүндүрүп жатат”, - дейт депутат:

- Нурлан Сулайманов жаңы министр болгондо бир километр жолдун курулуш наркы 300 миң эле доллар болчу. Бирок ошол эле Сулаймановдун учурунда 700 миң долларга чыкты. Кийин 1 миллион доллар болду. Азыр болсо түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун баасы 2 миллион доллар деп салынып жатат.

Жарандык коомдун өкүлдөрү да Унаа жана байланыш министрлигинин эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын катарына кошот. Буга чейин аталган министрлик ачуу сындардан кийин андагы коомдук байкоочу кеңешти таратып жиберген.

Коррупцияга каршы ишкер кеңештин төрайымы Нурипа Муканова буларга токтолду.

- Байкоочу кеңеш коррупциялык схемаларды таап чыкканда ошол кездеги министр аны таратып жиберген. Унаа жана байланыш министрлиги, Энергетика министрлиги бир гана кредиттерди жеп отурушат. Өздөрүнүн фирмаларын тендерге катыштырып, кайра аларга бөлүнгөн акчадан өздөрү жешет.

Кыргыз бийлиги коррупцияга каршы күрөш жарыялганы менен анын ийгиликтүү натыйжасы боло элек. Ар кандай эсептөөлөр боюнча, мамлекет жемкорлуктун айынан жылына 1 миллиард долларга жакын чыгым тартат.

XS
SM
MD
LG