Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:01

Орусия дагы миллиондорду убада кылды


Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга бөлүнгөн акча бул өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусуна колдоо болорун айтты.
Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстанга бөлүнгөн акча бул өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусуна колдоо болорун айтты.

Орусия Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүгө даярдык көрүүсү үчүн 500 млн. доллар каражат берерин убада кылды.

Убада берилди, акча качан?

Орусия Кыргызстанга 500 млн. доллар бөлөрү 11-августта кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев менен орус президенти Владимир Путиндин Сочидеги жолугушуусунан кийин дайын болду. Жолугушууда Алмазбек Атамбаев Кыргызстан Бажы биримдигине кошулууга жан үрөп жатканын айтып, Орусия тараптан реалдуу жардам болсо деген ниетин билдирди:

- Кыргызстан стратегиялык өнөктөшү Орусия менен мамилени дагы бекемдеп, күчөтүүгө кызыкдар. Албетте, ушул жылдын аягына чейин Кыргызстан Бажы биримдигине, Евразия экономикалык биримдигине кирүүгө даяр. Бул боюнча эки тараптуу каалоо, реалдуу жардам болсо, Кыргызстан азыр бул жаатта жигердүү иштеп жатат.

Кыргыз-орус президенттеринин жолугушуусу бүтөр замат орус тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттерге маалымат берип, Кыргызстанга бөлүнгөн акча бул өлкөнүн Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуусуна колдоо болорун айтты:

- Бул каражаттын бөлүнүшү Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кыйналбай кирүүсү үчүн Орусиянын салымы, колдоосу десек болот.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн алгачкы жылдарына колдоо көрсөтүү үчүн Орусия 1 миллиард доллар көлөмүндөгү кыргыз-орус фондун түзүүнү убада кылган. Мындан сырткары да 200 млн. доллар грант жол картасын ишке киргизүү үчүн берилерин билдирген эле. Бирок Бажы биримдигине кошулууга учурда даярдык кызуу жүрүп жаткан менен убадаланган акчадан дайын жок. Өкмөт болсо бул каражат бери дегенде эки жыл аралыгында бөлүнөрүн айтууда.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Орусиядан келчү акчаны бөлүштүрүү механизмин иштеп чыгуу Экономика министрлигине тапшырылганын, алар жакынкы күндөрү бул боюнча өкмөт башчыга маалымат берерин айтты:

- Акчанын негизги бөлүгү Бажы биримдигине даярдыктын алкагында жумшалат. Экспорттук потенциалы бар мекемелер менен иштешебиз, аларды колдойбуз, мунун бардык деталдарын Экономика министрлиги жакында даяр кылат.

Оппозициячыл депутат Равшан Жээнбеков Орусиядан келчү каражаттар эффективдүү пайдаланыла турганынан күмөн саноодо. Ал буга чейин да Орусиядан келген каражаттардын көбү уурдалып, эгемен Кыргызстандын тарыхында Орусиянын жардамы менен аяктап, ишке кирген бир да ири долбоор болбогонун айтты:

- Орусиядан келген насыя биздин тарыхыбызда бир да жолу натыйжалуу пайдаланылган эмес. Бакиевге келген акчалар кайда кетти? 300 млн. доллардын 100-150 миллионго жакынын Камбар-Атага жумшаган, жакында эсеп палатасы бул насыянын бир жарым миллиард сому уурдалып кеткенин санап чыгышты. Калган 150-200 миллион кайда кеткенин биз таба албай жатабыз. Эми келе турган 500 млн. каражатты да мен так айта алам, муну туура пайдаланбайбыз, көпчүлүк бөлүгү уурдалат, калган бөлүгү Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң деле пайда алып келе албайт.

Кыргызстан буга чейин Орусиянын жардамы менен Камбар-Ата -1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишим түзүп, иш ушул жылдын жаз айларында башталмак, бирок ал токтоп турат. Өткөн жылы да Орусия Кыргызстанга баасы 1 миллиард доллардан ашкан курал-жарак жөнөтөрүн убада кылган эле, азыр андан да дайын жок. Орусия жаңы убада кылган 500 млн. доллар качан кыргыз казынасына түшүп, Бажы биримдигинин стандарттарына шайкеш келчү иштер аткарыла баштайт, азырынча белгисиз бойдон калууда. Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине даярдык үчүн коротулчу акчанын баарын Орусия каржылайт деп ишендирүүдө.

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG