Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:50

Дүйнө өткөн жылы 60 журналистти жоготту


Жеймс Фоули Сириянын согуш жүрүп жаткан Алеппо шаарында. 5-ноябрь, 2012-жыл
Жеймс Фоули Сириянын согуш жүрүп жаткан Алеппо шаарында. 5-ноябрь, 2012-жыл

Эл аралык басма сөзгө баяндама (29-декабрь - 4-январь).

Newsweek журналы 2014-жылы кызмат учурунда киши колдуу болуп каза тапкан журналисттердин тизмесин чыгарды. Эл аралык Журналисттерди коргоо комитетинин маалымдоосу боюнча, дүйнөдө узаган жылы 60 журналист өлтүрүлгөн. Көч башында "Ислам мамлекети" уюму тарабынан башы алынган америкалык журналист Жеймс Фоули турат. Ал Сирия, Ливия, Ирак жана Ооганстанда Global Post жана France Press агенттиктери үчүн иштечү.

Associated Press агенттигинин фото кабарчысы, Босния-Герцеговина, Югославия, Ооганстан жана Пакистандагы согуш учурунда иштеген Аня Нидрингхаус 48 жаш курагында Ооганстанда өлтүрүлдү. Тизмеде журналисттер Люк Сомерс, Камилла Липейж, Мишел ду Силли, Онг Кё Нанг, Симон Камилли, Эндрю Стенин жана башкалар бар. Алардын баарынын жашы 25тен 40ка чейинкилер эле деп эскерет Newsweek.

Көч башындагы Орусия өзү жардамга муктаж

The Business Insider журналынын 31-декабрдагы санына “Орусиянын жаӊы экономикалык союзу эртеӊ ишин кыйроо менен баштаганы турат” аттуу макала чыкты. “2015-жылдын 1-январынан тарта Орусия, Казакстан, Беларус, Армения жана Кыргызстан бириккен Евразия экономикалык биримдиги өз ишин баштайт. Бирок бул уюмга лидерлик кылган Орусия өзү каржылык кризиске белчесинен батып калды”,- дейт макаланын автору Майк Бёрд.

"Орусиянын каржылык абалы мунайдын арзандоосу, рублдун куну түшүүсү жана Батыш санкцияларынын айынан ансыз да оор абалда. Ушул абалдан чыгууга анын уюмдагы өнөктөштөрү кантип жардам бере алат" деген суроону койот автор. Маселен, Казакстан орус экономикасына даба боло албайт. Анткени Орусияга караганда казактардын экономикасы азыр жакшы нукта. Андыктан Нурсултан Назарбаев Москва менен өтө жакын байланышкысы келбейт.

Беларустун экономикасы да азыр маӊдай жылытарлык эмес. Рублдун арзандоосу Беларус калкын да азапка салып, Орусиядагыдай акча алмаштыруучу жайларда кыйсыпыр башталды. Буга чейин Орусиянын эӊ жакын өнөктөшү болуп келгенине карабай Александр Лукашенко мындан ары Орусия менен соода-сатык доллар же евро менен гана жүргүзүлөт деп чыкты. Ал эми Дүйнөлүк банктын эсебинде, уюмга жаӊы эле кирген Кыргызстандын ички дүӊ өнүмүнүн көбү Орусиядагы мигранттар салган акчадан куралып келген. Мындай шартта Кыргызстандын да жакынкы жылдары Орусиядай кыйналары талашсыз экенин эскертет журналист-аналитик Майк Бёрд.

"Ислам мамлекети" тобунун коркунучу

Америкада чыккан Global Post онлайн басылмасында Сирия менен Ирактын аймагындагы "Ислам мамлекети" радикал уюмунун таасири кеӊири чагылдырылды. Орто Азияда бир нече жылдан бери согуш чордону болуп келген Ооганстанда азыр айрым талибдер өзүн "ислам халифатынын" руханий лидеримин деп атап алган Молдо Оморду туу тута баштаганын басылманын кабарчыларына айтышкан.

Маселен, талибдердин мурдагы талаа командири, 37 жаштагы Ибрахим Коротай Ооганстанда “ДАИШ” деген ат менен таанымал "Ислам мамлекети" уюмуна карата: “Биз күткөн халифат курулууда. "ДАИШ" эми мусулмандардын чыныгы мамлекети болмокчу”, - деген пикирин айткан. Макаланын авторлору Америка Кошмо Штаттары Ооганстандагы согуш жана согуштан кийин тынчтыкты орнотуу үчүн 7,6 миллиард доллар жумшап, миӊдеген аскерлерин аймакка жибергени менен бул өлкөдө коопсуздук али да болсо коркунучта дешет. Алар буга мисал катары Газни провинциясындагы кара желектердин асылуусу менен алтымыштан ашуун үйдү өрттөп, жүзгө чукул кишини өлтүргөн учурду жазышкан.

"Америка Кошмо Штаттарынын Ооганстандагы согуштук операциясы соӊуна чыкса да, бул өлкөнүн келечеги туӊгуюкта, себеби "Ислам мамлекети" уюму азыркы учурда талибдерден да өткөн кооптонууну жаратат" дешет журналисттер Жин Мак Кензи менен Азиз Ахмед Тассал Global Post басылмасында.

Букингем cарайындагы чатак

Жыл жаӊырары менен Британияны жаӊы чыр каптады. Бардык британ басма сөзүндө Елизавета ханышанын кенже уулу-ханзаада Эндрю тууралуу уу-дуу кептер тарады. Бирок Evening Standard гезитинин акыркы санында Букингем сарайынын расмийлери АКШ сотундагы сексуалдык чырга байланышкан ишке ханзаада Эндрюнун эч кандай катышы жок экенин билдиришти.

1999-2002-жылдары 17 жаш курагында секс кулчулугуна кабылып, "ханзаада жана америкалык миллиардер Жефри Эпштейн тарабынан зордукталдым" деп айтып чыккан флоридалык айымдын иши кайрадан коомчулуктун кызуу талкуусуна алына баштады. Бул боюнча миллиардер Эпштейн 2008-жылы 18 айга камакка алынган эле дейт Evening Standard.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG