Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:03

Мырзакматов боюнча сот өкүмү өзгөрүүсүз калды


Мырзакматовдун тарапкерлери сот алдында
Мырзакматовдун тарапкерлери сот алдында

Бүгүн Ош облустук соту Мелис Мырзакматов боюнча шаардык соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырды. Бул учурда облустук сот имаратынын алдына Мырзакматовдун миңден ашык тарапташтары чогулду.

Бүгүн Ош облустук соту Мелис Мырзакматовго Ош шаардык соту тарабынан чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арызды карады. Облустук соттун жараянын мурдагы мэрдин миңден ашык тарапкерлеринин митинги менен коштолду.

Облустук сот имаратынын алдындагы митингди Ош шаардык жана облустук милициянын өздүк курамындагы 500 кызматкер көзөмөлдөп турушту.

Өткөн аптада Ош облустук соту Ош шаарынын мурдагы башчысы Мырзакматовдун ишин бүгүн карамай болгон. Бирок Мырзакматовдун жактоочулары облустук соттун курамына ишенбөөчүлүк жарыялашкан. Андан сырткары Ош шаардык жана Ош облустук сотторунун аракетине баа берүү боюнча өтүнүчтү Конституциялык палатага жиберишкен болчу. Ага карабай Ош облустук сотунда Мырзакматовдун иши каралды. Бирок Мырзакматовдун жактоочулары бүтүндөй Ош облустук сотуна ишенбөөчүлүк жарыялап, териштирүүгө катышпай чыгып кетишти.

Мырзакматовдун адвокаты Чынара Жакыпбекова “Азаттыкка” Ош облустук соту коомчулукту жаңылыштыкка түртүүдө деп билдирди:

- Бүгүнкү сот мыйзам боюнча облустук сотто эмес, Жогорку сотто каралышы керек болчу. Мен сотторго ишенбестик көрсөтүп, Жогорку Сотко кайрылгам. Бүгүн же башка күнү ошол жакта каралышы керек эле. Мага күчүнө кире элек мыйзамды көрсөтүшүп, алдап, мени да, коомчулукту да адаштырууда.

Жакыпбекова Мырзакматовдун ишине байланыштуу кылмыш иши боюнча сот чечими өтө кыска убакытта шашылыш кабыл алынганын, ошондой эле облустук соттогу Мырзакматовдун ишин караган үч кишиден турган соттук коллегия кандай гана суроо болбосун, кеңешүү үчүн залдан чыгып кетип атышканы процессуалдык нормаларды бузууга жатарын белгиледи. Адвокат бул алардын жогору жактагы кимдир бирөөнүн оозеки көрсөтмөсү менен иштеп жатканынан шек туудурат деген оюн айтты.

Сот учурунда коопсуздукту камсыздаган укук коргоо органдары
Сот учурунда коопсуздукту камсыздаган укук коргоо органдары

Жактоочулар менен кошо Мырзакматовдун тарапкерлери да сот залынан чыгып кетишкен эле. Сот залында эки прокурор менен эле катчы калганына карабай соттук териштирүү улантыла берди. 20 мүнөткө созулган кеңешмеден кийин Ош облусунун соттук коллегиясы Мырзакматовду жети жылга камоо тууралуу шаардык соттун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган чечимин жарыялады.

Соттун бул чечимине Мелис Мырзакматовдун тарапташтары нааразылык билдирип, “облустук сот таратылсын” деп кыйкырып жатышты.

Мелис Мырзакматов "Азаттыктын" студиясында, 17-январь, 2013-жыл
Мелис Мырзакматов "Азаттыктын" студиясында, 17-январь, 2013-жыл

Мырзакматов “Ата Мекен” партиясынын алдыңкы сабынан орун алганы буга чейин жарыяланган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Ишенбай Кадырбековдун айтымында, мыйзам боюнча облустук жана Жогорку Соттун өкүмү жарыяланган учурдан тарта күчүнө кирет. Мындай учурда “Ата Мекендин” тизмеси өзгөрүшү керек болот. Бирок аталган партия бул боюнча азырынча эч кандай комментарий бере элек.

Талдоочу Рита Карасартованын пикиринде, бүгүнкү чечим Мырзакматовду саясий аренадан жок кылышы да, тескерисинче улуттук баатырга айландырып жибериши да мүмкүн. Бирок Мырзакматов "Ата Мекендин" тизмесинде кала турган болсо чоң саясий соодалашууга барышы керек.

- Бул өкүмдөн кийин партия аны тизмеден алып салганга барат болушу керек. Эгер эле Президенттик администрация менен тил табышпаса, 4-октябрга чейин бул чечимдерди жокко чыгарууга жетише албаса керек.

Ош шаардык соту Мырзакматовду мэр болуп турганда эстакада көпүрөнү курууга 29 миллион сомду мыйзамсыз короткон деген айып менен 22-июлда сыртынан жети жылга соттоп, үй-мүлкүн конфискациялоо чечимин чыгарган. Мырзакматовдун жактоочулары Ош шаардык сотунун ага карата өкүмүнүн мыйзамдуулугун кароону суранып, Конституциялык палатага кайрылышкан.

XS
SM
MD
LG