Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

"Себат" билим мекемеси терең билим, татыктуу тарбия берет


Бишкек шаарында “Робот таймашы” сынагы болуп өттү. Таймашка Эл аралык “Себат” билим берүү мекемелеринин бардык лицейлеринин жана башталгыч класстардын окуучулары катышты.
Бишкек шаарында “Робот таймашы” сынагы болуп өттү. Таймашка Эл аралык “Себат” билим берүү мекемелеринин бардык лицейлеринин жана башталгыч класстардын окуучулары катышты.

Кыргызстандын 2005- жана 2010-жылдардагы кош элдик ыңкылаптан кийинки олуттуу көйгөйү – билим берүүнү жаңы тепкичке көтөрүү. Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин учурда бул жаатта “Себат” системасына таандык окуу жайлар Кыргызстандагы таалим-тарбия көйгөйлөрүн чечүүдө олуттуу салым кошуп жатканын белгилейт.

Жакында Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев интеллектуалдык көрөңгөнү өстүрүү аркылуу коомду мындан ары байсалдуу өнүктүрүүнүн заманбап милдетин жүзөгө ашырууга жетишүүбүз керектигин өзгөчө белгилеп айтты.

Бишкектеги "Себат" түрк лицейлеринин бири.
Бишкектеги "Себат" түрк лицейлеринин бири.


Бул жаатта "Себат" агартуу мекемелери постсоветтик өлкөдө омоктуу салым кошууда.

Мен “Себат” системасы тарабынан негизделип, Кыргызстандын булуң-бурчунда иштеп жаткан кыргыз-түрк мектептеринин бир кыйласын кыдырып чыктым. Аларда эмгектенип жаткан окутуучулар жамааты менен дагы, окуучулары менен дагы кеңири баарлаштым.

2012-жылдан тартып “Диалог Евразия” коомдук фонду менен тыгыз кызматташып, жер-жерлерде эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйындарды өткөргөн чакта биз Бишкек, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын, Кадамжай, Токмок, Чок-Тал, ж.б. шаарларда жана кыштактарда жайгашкан “Себат” мектептерин кыдырып, бул мектептердин ажайып дүйнөсүнө сересеп салууга мүмкүндүк алып келдик.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов (1928-2008) “Себат” таалим мекемелерин ырааттуу колдоп келген. Азыр жазуучунун ысымын “Себаттын” Бишкектеги бир мектеби сыймык менен алып жүрөт.
Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов (1928-2008) “Себат” таалим мекемелерин ырааттуу колдоп келген. Азыр жазуучунун ысымын “Себаттын” Бишкектеги бир мектеби сыймык менен алып жүрөт.

Маркум Чыңгыз Айтматов (1928-2008) атабыз бир ирет осуят катары сөз айтып, бүгүнкү кыргыз уул-кыздары бери дегенде төрт тилди өздөштүрүүсү керектигин белгилеген.

Менимче, “Себат” системасындагы окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү дал ушул осуятка ылайык кыргыз, орус, англис жана түрк тилдерин мыкты өздөштүрүүдө. Айрым окуучулар мындан да көп тилди өздөштүрүп жатышат.

Окуучулардын сабак өздөштүрүүсү үчүн керектүү шарттар, окуу инфраструктурасы жаатында айтчу болсок, “Себат” мектептеринде интернетке түз байланган интерактивдүү (“акылдуу”) такталар бир нече жылдан бери колдонулуп жатат (мындай “акылдуу” такталар айрым кыргызстандык университеттердин кээ бир гана факултеттерде учурайт, көптөгөн жергиликтүү мектептердин түшүнө да кире элек).

Адатта, тымызын буюртма аткарган же айың кептерге азгырылган кээ бир сынчылардан “Себат” мектептеринде Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келбеген билим-таалим иштери жүрүүдө, деген курулай дооматтарды уга калып жүрөбүз. Чын-чынында, “Себат” мектептери Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин стандарттарына төп окуу программасынын негизинде гана иш аткарып келишет.

Сабактан тышкаркы убакта окуучулар менен жеке инсан катары иш алып баруу демейдеги мектептердин кыйласында унутта калган. Ал эми “Себат” мектептеринде тарбия-таалим иштери дурус жолго коюлган.

Мындагы окуучулардын бирдей мектеп кийимин кийип жүрүүсү тууралуу ар кыл ойлор айтылып келет. Мен Улуу Британияда, Чехияда, Германияда, Кытайда бирдей мектеп кийимдерин кийген окуучуларды кезиктиргенде, өзүм бирдей кийим кийип жүрчү бала чагымды да элестетип кеттим. Бирдей кийим – балдардын жана алардын ата-энелеринин социалдык ар башка катмардан экендигин жымсалдап, алардын максаттары бирдей экенин, алар билим алуу, таалим алуу деген мүдөө менен бир мектептин алкагында тарбияланып жаткан жеткинчектер жана өспүрүмдөр экенин тастыктап турат. Андан тышкары, мектептин эн тамгасы билим бешиги жана учкан уя – өзүңдүн куттуу мектебиң экенин да айырмалап көрсөтөт. Бул жаатта “Себат” окуу мектептери эл аралык тажрыйбаны ырааттуу колдонуп, мектептеги ынтымакты чыңдап жатканын аңдай алабыз.

Мындай мектептерде тарбияланган, көп тилди билген, дүйнөгө сергек карап, кадыресе анализ кылууга жаштайынан телчиккен балдар-кыздар мектеп партасында жүрүп эле ар кыл эл аралык мелдештерге жана сынактарга катышып, Кыргызстандын абройун көтөрүп жатышат.

Бул сөзүмдү соңку айрым фактылар менен тастыктай кетким келет.

2015-жылы сабакты өздөштүрүү жаатындагы Евразиялык эл аралык мелдеште “Себат” мектептеринен барган курама топ коло медалга арзыган. Андан тышкары, маалымат технологиясы, кибернетика жаатындагы мелдештерде Кадырбек Нармаматов, Эркин Матказиев, Зарлык Жусупов коло медалга, физика боюнча мелдеште Темирлан Улугбек уулу коло медалга, химия боюнча Темирлан Кубаналиев коло медалга арзыган. Темирлан Кубаналиев деген уулубуз дүйнөлүк олимпиадада дагы химия сабагынан коло медал жеңип алган.

2016-жылы математика, физика жана компүтердик билимдер боюнча эл аралык Жаутыков олимпиадасында (Алматы, Казакстан) Амангелди Жусубалиев күмүш медалга ээ болду.

2016-жылы 11-февралда Болгариянын София шаарында Эл аралык Sofia Trophy муз үстүндө бий мелдеши өттү. Муз үстүндөгү бий мелдешине дүйнөнүн 27 мамлекетинин спортсмендери катышышты. Кыргызстандын атынан Эл аралык “Себат” билим берүү мекемесинин “Сейтек” башталгыч мектебинин окуучусу Кутманова Медина катышып, коло медалга ээ болду.

Кыргызстандын ички сынактарында да “Себат” мектептеринин тарбиялануучулары алдыңкы орундарга ээ болуп келишет.

Бишкек шаарында “Robot Competition” - “Робот таймашы” сынагы болуп өттү. 23.4.2016.
Бишкек шаарында “Robot Competition” - “Робот таймашы” сынагы болуп өттү. 23.4.2016.

Быйыл 23-чын куран (апрел) күнү Бишкек шаарында Robot Competition - “Робот таймашы” сынагы болуп өттү.

Таймашка Эл аралык “Себат” билим берүү мекемелеринин бардык лицейлеринин жана башталгыч класстардын окуучулары 50 долбоору менен аттанышты. Сынактын жыйынтыгында Бишкек шаарындагы “Айчүрөк” лицейинин тобу биринчи орунга ээ болду; ал эми башталгыч мектептер арасындагы сынакта “Сейтек-Тунгуч” мектебинин тобу жеңишке жетти.

Бул таймаштын алкагында роботтордун бийи, робот унаалардын жарышы, сумо жана бокс мушташы сыяктуу сынактар болду. Окуучулар роботторду “Лего” конструктордук аспаптарынан өздөрү чогултуп, өз роботторуна кыймыл-аракеттик программаларды жазып даярданышкан. Бул илимий-өндүрүштүк иш-чара быйыл экинчи жолу өткөрүлүп жатат. “Роботтор таймашынын” негизги мүдөөсү – азыркы окуучуларды роботтор дүйнөсү менен кеңири тааныштыруу жана роботторду башкаруунун алгачкы кадамдарына телчиктирүү болуп саналат.

“Себат” системасы дүйнөдөгү ар кыл диндеги жана расадагы элдердин маданий жана руханий баарлашуусу үчүн көпүрө кызматын аркалоодо. Алардын бири – агартуучу, демөөрчү Фетхулла Гүлен демилгечи болгон “Эл аралык Тил жана маданият фестивалы” (IFLC). Анын АКШдагы фестивалына Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама жана БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун куттук сөз жолдогону маалым.

Кыргызстанда да быйыл бугу (май) айынын 6сында Он төртүнчү “Эл Аралык Тил жана Маданият” фестивалы (IFLC Kyrgyzstan) өлкө бийлигинин жигердүү колдоосу астында ийгиликтүү өткөрүлдү. Жалпысынан, быйылкы фестивал 30дай өлкөдө өтүп, аларга 140тай мамлекеттин окуучу балдар-кыздары катышты.

“Өз маданиятыңды үйрөн, өзгө маданиятты да өгөйлөбө! Бардыгыбыз – адамзаттын бирдей укуктагы кулундарыбыз”. Менимче, бул фестивалдын мазмунун кыска-нуска ушундайча сыпаттасак болот.

Адатта, кыргыз тилдүү мектептер башка мектептерден саал арттараак куйрук улаш болуп келчү. Эми акыбалды кыргыз тили көңүл борборунда турган “Себат” системасындагы орто мектептер толугу менен өзгөрттү. Демек, бул жаатта да “Себат” Кыргызстандагы мамлекеттик тилди чыңдоого орчун салым кошуп жаткан окуу жайлар бирикмеси катары алкоого арзыйт.

Бул сыяктуу жетишкендиктердин бардыгынын артында зээндүү улан-кыздарыбыздын жекече инсандык таланты менен ийгилигинен тышкары, алардын мугалимдеринин, тарбиячыларынын жана машыктыруучуларынын тынымсыз мээнети, ошондой эле, “Себаттын” жетекчилигинин ырааттуу каржылык көмөгү турат. Кээ бир элеттик жергиликтүү орто мектептердин идиректүү балдары каражат жоктугунун айынан облустук деңгээлдеги сынактарга да катыша албай жатканы жалган эмес. “Себат” мектептери болсо өздөрүнүн таланттуу окуучуларынын жумурияттык жана дүйнөлүк деңгээлдеги сынактарга катышуу маселесин ар дайым көңүл чордонунда тутушат.

Мурда “Себат” мектептеринде Кыргызстандын улуттук гимнинен тышкары Түркиянын да гимни ойнолор эле. Буга нааразы болгондор да чыккан. Эми бул мектептерде жалаң гана Кыргызстандын гимни ойнолуп калды.

1990-жылдары бул мектептердеги мугалимдердин көпчүлүгү Түркиядан келгендер болчу. Эми жергиликтүү мугалимдер жана мектеп мүдүрлөрү “Себатта” басымдуу көпчүлүктү түзүп калышты. Ал эми 1990-жылдардан бери байырлап жаткан түркиялык окутуучулар кыргыздын түшүн жоруп, эне тилибизде мыкты сүйлөп жүрүшөт. Алардын айрымдары, ал түгүл, Кыргызстанда илимий диссертацияларын коргоп, кыргыз илимине да салым кошуп келишет.

Негизинен, мугалимдер жана тарбиячылар ар кыл этностордон куралган чыгармачыл жамааттагы эмгектик кырдаал бир гана этностон куралган педагогдор жамаатыныкына караганда кыйла жогору болоорун эл аралык тажрыйба да айгинелейт. Бул жаатта да “Себат” мектептеринин артыкчылыгы бар десек жаңылышпайбыз.

Кээ бир замандаштарыбыз “Себат” аркылуу тымызын түрдө исламдын эң эскичил түшүнүктөрүн таңуулоо жүрүп жатат деген терс ойлорду айта калып жүрүшөт. Бул дагы акыйкатка төп болбогон жоромол. Бул мектептерде орустар жана башка мусулман эмес этностордун өкүлдөрү деле таалим алып келишет. Бул мектептердин көпчүлүк окутуучулары суннийлик агымдын ханафийлик мазхабындагы өкүлдөр катары сабырдуулукту, ар кыл диндеги замандаштарга ызааттуу мамилени кастарлаган инсандар деп билебиз. Исламдын бул агымы Кыргызстанда Карахандар доорунан бери эле үстөмдүк кылып келет.

Быйыл Жусуп Баласагындын миң жылдык мааракесине байланыштуу ар тараптуу иш-чаралар “Себат” мектептеринде да ырааттуу жүргүзүлүп жатканына өз көзүм менен күбө болдум.

Ал эми мындан он кылым илгери жашап өткөн Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари Барскани сыяктуу бабаларыбыз динден тышкары да улутубуздун көөнөргүс асыл нарктары бар экендигин даңазалап, мусулмандык кайра жаралуу дооруна өз салымын кошкон жана ханафийлик агымдын прогрессивдүү өңүттөрүн тастыктаган даанышмандар болгону жамы журтка маалым. Борбордук азиялык бабабыз Мухаммед Хорезмдик (783 - 850) санскрит тилин үйрөнүп, индиялык математика илиминин чоң саамалыгын – “нөл” деген санды мусулмандык илим дүйнөсүнө тааныштырган. Анын эмгегинин чакан бөлүгү XII кылымда латын тилине («Algoritmi de numero Indorum» - “Ал-Хорезми индиялык сандар тууралуу”) которулуп, ондук эсептөөнүн бул системасы Европага жеткен. Анын “Китаб ал-жабр ва-л-мукабал” – “Толуктоо жана каршы коюу китеби” деген эмгеги алгебра илимий тармагын негиздеген трактат болуп калган.

Даанышман, философ, теги түрк болгон Абу Наср Мухаммед ибн Мухаммад ибн Тархан ибн Узлаг Фараптык (ал-Фараби; латынча Alpharabius; 872 - 950-51) бабабыз Аристотелдин философиялык окуусун андан ары өнүктүргөндүгү үчүн “Экинчи мугалим” атыккан.

Мусулман кайра жаралуусунун өкүлү болгон теңир-тоолук (чүйлүк) Жусуп Баласагын (ал-Баласагуни; 1015-16-жж. Баласагын шаарында туулган – өлгөн жылы белгисиз) бабабыз дагы Карахандар каганатындагы өз замандаштарын “Евклиддин (Оклидис) мурасын үйрөнгүлө, алгебраны өздөштүргүлө” деп үндөгөн. Азыркы “Себат” мектептеринин окутуучулары дагы окуучуларын математика, физика жаатында мыкты окутуп, эл аралык деңгээлдеги мелдештерде Кыргызстанга упай топтотуп келишет.

Ысык-Көлдүн Барскан шаарынан чыккан Махмуд Кашгари Барскани (туулган жылы болжол менен 1029-1038-жылдардын аралыгында - өлгөн жылы жана жери белгисиз) бабабыз болсо 1072-1077-жылдары өзү чийген дүйнө картасында Ысык-Көлдү жана Теңир-Тоо, Алай тоолорунун кыркаларын дүйнөнүн чордону катары көрсөткөн. Азыркы “Себат” мектептеринде да “Менин Кыргызстаным” деген ураан менен тарбиялык сааттар ырааттуу өтүп келет.

Кыргызстандагы “Себат” системасынан таалим алган атуулдарыбыз Ала-Тоодо жана дүйнө жүзүндө татыктуу кызматтарда иштеп, өз өлкөсүнө каржылык жана руханий салымдарын берип келишет.

Ала-Тоодогу бүгүнкү “Себат” мектептери, - башка өлкөлөрдө жагдай кандай экенин ошол өлкөлөрдөгү өкүлдөр айтышаар, - кыргызстандык секулярчы айдыңдардын жана окутуучулардын өздөрүнүн нукура ала-тоолук мектептери болуп саналат жана азыркы Кыргызстандын көп багыттуу демократиялык билим берүү системасынын ажырагыс бөлүгүнө айланды десек эч жаңылышпайбыз.

XS
SM
MD
LG