Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:15

Сирияда гуманитардык кербен бомбаланды


Сирия.
Сирия.

Сирияда гуманитардык кербен аба соккусуна туш болуп, бери дегенде 12 киши мүрт кетти. Улуттар уюму татаал коопсуздук абалынан улам камоодо калган аймактарга жардам жеткирүүнү убактылуу токтотту.

Сириядагы адам укуктарынын абалына байкоо салган Британиядагы уюм бомбалоону сириялык, орусиялык авиациядан көрүп, аларды айыптады. 19-сентябрда уюм Сириянын өкмөттүк аскерлери бир аптага созулган ок атышпоо макулдашуусун сактабай, козголоңчулар келишимди бузганын билдирди.

Бириккен Улуттар уюму Алеппо шаарынын айланасындагы муктаж элге гуманитардык жардам жеткирип бараткан машинелер бомбалоого туш болгонун бышыктады. Кербен Улуттар уюму жана Сириянын Кызыл жарым ай уюму тарабынан уюштурулган.

Айрым маалыматтарга караганда, кеминде 12 киши каза тапты, жүктү тартып бараткан 31 оор машинанын 20га жакыны керектен чыгып калды. Ал эми жардамды коштоп бараткан гуманитардык топ Кызыл жарым ай уюмунун 14 ыктыярчысы набыт кеткенин кабарлады.

Гуманитардык жардам камоодо калган Урм ал-Курба калаасынын 78 миңден көп жашоочусуна багытталганын БУУнун маалымат катчысы Стефан Дужарич билдирди.

Бул окуядан кийин коопсуздук жагдайына байланыштуу Сириянын дагы төрт шаарына жардам жеткирүү иши токтотулду. БУУнун гуманитардык жардам боюнча агенттигинин башчысы Стефен О`Брайн бул “ырайымсыз чабуул” атайылап коюлганы далилденсе, аны согуш кылмыштарына теңөө керектигин белгиледи.

Бирок бомбаларды кимдин учактары таштаганы бүдөмүк бойдон калууда. Сириядагы адам укуктарынын абалына байкоо салган Британиядагы уюм сириялык жана орусиялык авиацияны айыптап, жарашуу үзгүлтүккө учурагандан кийин Алеппонун аймагына 35 ирет сокку урулганын билдирди.

АКШ администрациясы гуманитардык кербендин бомбаланганы жөнүндөгү кабарды ырастоо менен катар Вашингтон жана Москванын арачылыгы менен түзүлгөн ок атышпоо макулдашуусуна чоң залака тийгенин белгиледи.

19-сентябрда жасалган билдирүүдө Сириянын өкмөттүк армиясы жарашууну токтотконун, “куралчан террордук топтор” аны ансыз да бузуп жатканын ырастады. “Тыныгуудан пайдаланып, ошол топтор куралданууга, өз күчтөрүн тартууга үлгүрүштү жана бийликтин колундагы чөлкөмдөргө чабуулдарын улантышты”, - деп күнөөлөштү куралдуу күчтөрдүн өкүлдөрү.

Орусиянын Коргоо министрлиги Дамаскинин чечимин колдоду:

- Согушкерлер ок атышууну токтотуу режиминин шарттарын аткарбай жаткандыктан Сирия өкмөтүнүн куралдуу күчтөрү тарабынан аны бир тараптуу түрдө сактоо маанисиз деп эсептейбиз, - деди Орусия Башкы штабынын расмий өкүлү генерал-лейтенант Сергей Рудской.

Өз кезегинде АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Жон Кирби Москваны Дамаскинин билдирүүсүн чечмелөөгө чакырып, Вашингтон Сириядагы жаңжалды жөнгө салууда Москва менен кызматташуусун кайра карап чыгарын кошумчалады.

Бир жыл мурун Орусия козголоңчуларга каршы согушуп келаткан президент Башар Асадды колдоо иретинде Сирияга аба күчтөрүн жөнөткөн эле.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри дүйшөмбү күнү Нью-Йоркто Саудиянын ханзаадасы менен жолугушуудан кийин Сирия боюнча макулдашууну комментарийлеп, буларга токтолду:

- Келишим сириялыктар эмес, орусиялыктар тарабынан түзүлгөн. Андыктан Орусия эмне деп айтаарын көрөлү. Бирок эң маанилүүсү, орустар сыягы туш келди, анын ичинде гуманитардык кербендерди бомбалап жаткан Асадды контролдошу керек. Кыскасы, далилдерди чогултуп, андан аркысын байкайлы. Андан кийин кайсы бир тыянакка келебиз. Азырынча колубузда бардык фактылар жок.

Орусиянын Сириядагы аскердик кампаниясы башталгандан бери Москва менен Вашингтон ушуну менен экинчи ирет ок атууну токтотуу тууралуу макулдашууга жетишкен. Башында аткылашуулар кыйла азайганы менен акыркы күндөрдө зомбулук кайрадан күчөдү жана гуманитардык жардам муктаждарга жетпей калды.

Макулдашуу өткөн дем алышта АКШ баштаган коалициянын учактары сириялык аскерлер жайгашкан жайларга сокку ургандан кийин солгундай түштү.

Вашингтон австралиялык контингент ал жайларды “Ислам мамлекети” террордук уюму менен алмаштырып алып жаңылыш бомбалаганын билдирген. Келишим экстремист топторго каршы күрөшкө жайылбайт деп башынан эле айтылып келатат.

XS
SM
MD
LG