Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Министр минген "жолтандабас"


Транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаров
Транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаров

Парламенттеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаровду кызматтан четтетүүнү талап кылды. Буга министрдин кытайлык жеке компанияга катталган автоунааны пайдаланып жүргөнү себеп болду. Депутаттар министр Айдаров компаниянын унаасын пайдаланып, ага жан тартып жүргөн деп айыпташууда. Ал эми министр муну четке кагып, чырга себеп болгон унааны кытайлык компанияга кайтарып бергенин билдирди.

Транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаровдун кытайлык Сhina Road and bridge компаниясына катталган “Лексус” үлгүсүндөгү жолтандабас унааны пайдаланып жүргөнү өткөн аптада белгилүү болгон.

Министрдин айдоочусу менен министрликтин Коомдук кеңешинин мүчөсүнүн ортосундагы чыр купуя ишти ачыкка чыгарып жиберди.

Коомдук кеңештин мүчөсү Айнура Абдраеванын министрдин кызматтык унаасын сүрөткө тартышына аткаминердин айдоочусу тоскоолдук кылып, күч колдонууга аракет жасаганы айтылган эле. Мындан соң аталган унаанын кытайлык компанияга таандык экени, аны министр “убактылуу” айдап жүргөнү маалым болгон. Бул тууралуу алгачкылардан болуп 24.kg сайты жазып чыккан.

​Мындан соң Жогорку Кеңештеги “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы кызматтык териштирүү жүргүзүү жана Замирбек Айдаровду убактылуу иштен четтетүү маселесин көтөрүп чыкты.

Фракциянын жүйөсүндө, жол куруу боюнча мекеме өткөргөн бир нече тендер уткан чет элдик компаниянын машинесин министрдин кызмат үчүн колдонуп жатканын коррупция катары сыпаттоого болот.

Бул тууралуу Жогорку Кеңеште "Өнүгүү-Прогресстен” депутат Мирлан Бакиров “Азаттыкка” төмөнкүлөрдү билдирди:

- Бул жерде түздөн-түз “кызыкчылыктардын кагылышы” болуп жатат. Экинчиден, моралдык жагы бар. Себеби, Сhina Road компаниясы Кыргызстандагы дээрлик көпчүлүк жолдорун салып, оңдоп келатат. Анан жолду алар салгандан кийин анын сапатына техникалык көзөмөлдү Транспорт министрлиги жүргүзөт. Алардын белегин, жардамын алып туруп, кантип объективдүү көзөмөл жүргүзө алат?

Транспорт жана байланыш министрлиги болсо кытайлык компаниядан автоунааны мыйзам негизинде пайдаланып келгенин билдирүүдө.

Жол чыры: Атамбаев экс-премьерди сындады

Жол чыры: Атамбаев экс-премьерди сындады

Министрликтин маалымат катчысы Кылычбек Досумбетовдун айтуусунда, мекемеге жолдору жаман, көчкү жүргөн алыскы аймактарга барыш үчүн жолтандабас унаа керек болгон. Ошол эле учурда Сhina Road “Лексус” унаасын убактылуу пайдаланууга берген.

- “Лексус 570” машинеси убактылуу пайдаланууга алынган. Транспорт министрлиги жол оңдоо, куруу сыяктуу иштерди карагандыктан, мекемеге ошондой күчтүү машине керек эле. Чукул кырдаалдар учурунда колдонулган.

Досумбетов бул жаңжал чыккан соң министрлик аталган унааны кытай компаниясына өткөрүп бергенин кошумчалады. Бирок Транспорт министрлигинин Коомдук кеңеши бул маселени тыкыр иликтөөгө алууну талап кылууда.

Коомдук кеңештин төрагасы Талант Садакбаевдин айтымында, бул маселени жакын арада талкуулап, министрди жоопкерчиликке чакырууну көздөп жатышат:

- Коомдук кеңеш бул маселени өткөндө эле көтөрүп чыкканбыз. Биз азыр кандай негизде бул автоунаа алганын, кандай документи бар экенин сурап жатабыз. Эгер долбоордун алкагында берилсе такыр туура эмес. Эгер кызмат көрсөтүүнүн алкагында алса, анда Мамлекеттик сатып алууларда көрсөтүлүшү керек эле. Бюджеттен каржыланса, анда каражат каралышы керек. Буга кошумча, этика жагы да бар. Министр өзү өкмөт мүчөсү болсо, башка компаниянын машинесин минип жүрсө кандай болот? Бирөөнүн бир нерсесин алсаң деле төлөш керек да. Эртеңден баштап бардык аймактардагы жол башкармалыктарынын башчылары подрядчылардын унааларын минип алса кандай болот?

Алардын белегин, жардамын алып туруп, кантип объективдүү көзөмөл жүргүзө алат?
Мирлан Бакиров

Ал ортодо Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматы бул окуяда эч кандай мыйзам бузуу жок экенин айтып чыкты. Аталган кызматтын маалымат катчысы Азамат Шейшеевдин айтымында, бул факт боюнча текшерүү жүргүзүлө элек.

- Бул боюнча текшерүү жүргүзүлө элек. Бирок алдын ала айта турган болсок, бул жерде экономикалык кылмыш же мыйзам бузуу жок экенин айтууга болот.

Кытайлык Сhina Road компаниясы Кыргызстанда жол куруу боюнча ири долбоорлорду ишке ашырып келет. Буга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт жолун оңдоодон өткөргөн. Учурда Түндүк-түштүк кошумча жолун куруп жатышат. Эл аралык насыя эсебинен курулуп жаткан бул жолдорду куруу боюнча Транспорт министрлиги тендер өткөрүп, компанияларды тандап алышат.

Негизи Кыргызстанда мамлекеттик органдарда чет элдик компаниялардын “белек-бечкегин” алып, жан тартуу кеңири жайылган көрүнүш экенин айтылып келет. Көбүнесе бул “демөөрчүлүк жардам” деп аталат.

Буга чейин мамлекеттик кызматта иштеп келген Жапониядагы Кобэ университетинин cаясат таануу боюнча магистратурасынын бүтүрүүчүсү Даниел Кадырбеков бул окуя көп жоруктун бири гана дейт:

- Мамлекеттик органдарда абдан эле кеңири жайылган. Себеби, ар бир органда долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү иштейт. Алар ар түрдүү донорлор менен иштейт. Анын баарын Финансы министрлиги бириктирип, иш алпарат. Ал эми Транспорт министрлигиндеги окуя ачыкка чыккан бир эле бөлүгү. Болбосо, абдан көп фактылар бар.

Жакында эле Жогорку Кеңеште депутаттар отурган орундуктар алмаштырылды. Аны парламент аппараты демөөрчүлөрдүн эсебинен алмаштырылганын айтууда. Бирок азырынча кайсы демөөрчүлөр экени белгисиз.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG