Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:49

Маданият кызматкерлери Карганбек Самаковду колдоп чыгышты


Карганбек Самаков
Карганбек Самаков

Кыргызстандын маданият кызматкерлери мыйзамсыз жер сатуу боюнча айыпталып жаткан Карганбек Самаковду колдоп чыгышты. Алар Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Самаков адилетсиздиктин курмандыгы болуп жатканын белгилешүүдө. Артисттер Кеңеш Курманалиева, Гүлзат Байзакова, Турусбек Жумалиев, Азамат Сарыбаев жана жазуучу Мар Байжиевдин Самаковду колдогон видеокайрылуулары интернетке 21-февралда тарады.

2008-жылы Чүйдөгү Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка айыл өкмөтүнө таандык 260 гектардан ашуун жердин сатылышы боюнча Карганбек Самаковго каршы кылмыш иши 2015-жылы май айында козголгон. Мамлекеттик айыптоочулар аны 19 жылга камоону сунушташкан.

Карганбек Самаковдун аракети менен “Манас” үчилтиги, боз үй, Кыргызстандагы үч шаары ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине киргизилген. Анын айрым колдоочулары ушул иштери үчүн аны актоо керектигин белгилеп келишет. (SE)

XS
SM
MD
LG