Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:30

Кадырбеков: Президенттик шайлоодо бурмалоо болушу ыктымал


Ишенбай Кадырбеков "Азаттыктын" студиясында. 2006-жыл
Ишенбай Кадырбеков "Азаттыктын" студиясында. 2006-жыл

Президенттик шайлоодо электрондук жабдуулар аркылуу добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо болушу мүмкүн. Мындай пикирин ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан "Саясий күчтөрдүн жарандык форумунда" сүйлөп жатып коомдук ишмер, экс-депутат, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Ишенбай Кадырбеков айтты.

Ал шайлоо системасындагы өксүктөр туурасында айтып, добуш берүүнүн жыйынтыгын автоматтык түрдө эсептөөдө айрым күмөн жагдайлар болушу толук ыктымал экенин белгиледи.

Ошондуктан Ишенбай Кадырбеков БШКдагы борбордук серверди көзөмөлдөө зарылдыгын айтты.

Бишкекте "Саясий күчтөрдүн жарандык форуму" иш-чарасы өтүп жатат. "Ак-Кеме" мейманканасынын жыйындар залында өтүп жаткан жолугушууда өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаал жана шайлоо системасы талкууга алынууда.

"Азаттык" радиосунун кабарчысы маалымдаганына караганда, жыйынга "Ар-Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын башчысы Адахан Мадумаров, "Ата-Журт" партиясынын лидерлери Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиев жана "Конституциялык кеңешме" кыймылынан Равшан Жээнбеков катышууда. (KJ)

XS
SM
MD
LG