Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:48

Бишкекте муз сарайы ачылды


Кыргызстанда суулардын жээгинде музда балдар хоккей ойноп, коньки тепкени менен атайын муз сарайы болгон эмес. Бишкекте алгачкы чоң муз тебүү аянты менен спорт сарайы ишке берилди.

Бишкектеги мурда кийин муз тебүү аянты болгон эмес. Кеңеш доорунда учурдагы Өкмөт үйү турган жердеги эски стадиондо кышкысын муз тебүү үчүн тондуруп, шаардыктар коньки тепкенин кээде эскерип калышат.

Былтыр Бишкектеги “Мадина” соода борборуна жакын жайгашкан “Белый парус” спорт комплексинде 650 чарчы метрлик чакан муз тебүү сарайы былтыр ачылган. Бул Чүй проспектисиндеги “Аэз - фентези” аталган муз сарайы “Сан клуб” жоопкерчилиги чектелген коомдун жетекчиси Борис Сандын демилгеси менен курулган.

20-декабрдан баштап Бишкекте өлкө тарыхындагы эң чоң “Шаардык” муз сарайы иштей баштады. Ушул муз сарайынын кызматкери Азамат Намыркожоевдин айтымында эл аралык талаптарга ылайык олимпиадалык стандарт менен курулган муз аянтында көркөм тебүү боюнча машыгуулар жана хоккей мелдештери өткөрүлүп турмакчы.

Кыргызстандыктарга тоодо лыжа тебүүчү спортчулар ушундай белек тартуулашты, алар демөөрчүлөрдү таап жана кыска мөөнөттүн ичинде чыныгы музу бар жыл боюу муз тебүүчү жайды куруп бере алышкан.

Бул муз сарайы Бишкектин чыгыш өнөр жай зонасында Виноградов көчөсүнүн баш жагында жайгашкан.

Кыргызстандын Дене тарбия, спорт, жаштар саясаты жана балдарды коргоо боюнча мамлекеттик агентигинин жетекчисинини орун басары Алмаз Касеновдун пикиринде, бул алгачкы муз аянтынын пайдаланууга берилиши менен өлкөдө кышкы спорт түрлөрүнө кызыгуу ойгонот.

“Шаардык” муз сарайынын аянты 1800 чарчы метрге барабар. Көрүүчүлөр үчүн 800 орундук коюлган. Ал эми муз тебүүнү каалаган шаардыктар үчүн эгерде конькиси өзүмдүк болсо бир саатка 150 сом акы төлөшөт. Конькини спорт комлексинен урунууга алса, бир саатка чоңдор 200 сом, балдарга 150 сом төлөө зарыл. Муз сарайы ар күнү эртең мененки саат ондон түнкү онго чейин иштейт.

Адистердин баамында колу жука бишкектин тургундары бул муз сарайына балдарын алып келип, муз тептире албайт. “Заман Кыргызстан” жумалыгынын спорттук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде байманасы ташыган ишкерлер гана көңүл ачпаса, бул муз аянтчасында спорт ийримдерин алып барууга адистер жокко эсе.

Ошентсе да кышкы спорт түрлөрүн жандандырууга өбөлгө болооруна үмүт арткандар арбын. Себеби бул муз сарайында хоккей ойноого болот. Эки команда болуп хоккей ойноо үчүн муз аянты олимпиадалык стандарт боюнча курулган.

Өлкөнүн хоккей федерациясынын жетекчиси Мурат Жакыповдун пикиринде “Шаардык” муз сарайы кышкы спорттун өсүп өнүгүшүнө өбөлгө болмокчу.

Муз аянтында коньки менен муз тебүүнү үйрөнүүгө, көркөм муз тебүү жанга хоккей ийримин уюштурууга мүмкүнчүлүктөр болобу? Кеп ушунда, себеби муз тебүүнү үйрөтүүчү адистер учурда Бишкекте жокко эсе.






  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG