Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Азиянын күмүш, коло байгесин уткан суучулдар


14-августта Токиодо сууда сүзүү боюнча Азия чемпионаты жыйынтыкталды. Мында кыргызстандык суучулдар 2 күмүш жана 3 коло медаль жеңип алышты.

Сууда сүзүү боюнча Токио шаарында өткөн Азия чемпионатында 43 мамлекеттин суучулдары мөрөй талашты. Анда Кыргызстандын намысын алты суучул коргоду.

Мында кыргызстандыктарды кубанткан Афина жана Бээжин олимпиадаларынын катышуучусу, бишкектик Василий Данилов болду. Ал 400 метрге эркин жана комплекстүү ыкма менен сууда сүзүү жарышында марага эки ирет экинчи болуп келүү менен 2 күмүш медаль тагынды.

Ошондой эле Василий 200 метрге комплекстүү сууда сүзүүдө үчүнчү орунду ээлеп, коло байгени да олжолоп алды.

Кыргызстандык суучул Виталий Худяков дагы 400 метрге комплекстүү ыкмада сууда сүзүүдө марага үчүнчү болуп келүү менен коло медалдын ээси болду.

Кыргызстандын намысын брасс ыкмасында 200 метрге сууда сүзүү мелдешинде Дмитрий Александров коргоп, ал үчүнчү орунду камсыз кылды. Ушундай эле ыкмада 100 метрге жарышта Дмитрий марага төртүнчү болуп келди.

Афина жана Бээжин олимпиадаларынын катышуучусу, бишкектик Юрий Захаров 50 жана 200 метрге чалка чабак жарышында төртүнчү орунду ээлеп, байгеге илинбей калды.

Өлкөнүн сууда сүзүү федерациясынын башкы катчысы Тамара Петрашеванын айтымында Токиодогу Азия чемпионатында кыргызстандык 17 жаштагы эки суучул: Дмитрий Александров менен Александр Слепченко эмдиги жылы Сингапурда өтө турган дүйнөлүк жаштар олимпиадасына жолдомо алышты.

-Кыргызстандык суучулдар 25 метрлик шарты начар бассейиндерде машыгып жүрсө да Азияда мөрөй алышты. Токиодогу Азия чемпионатында 2 күмүш, 3 коло медаль жеңип, өлкөнү таанытты. Кыргызстанда 50 метрлик бир дагы бассейин жоктугу суучулдардын чеберчилигине терс таасирин тийгизип жатат. Кожомкул атындагы спорт сарайындагы, Фрунзе атындагы спорт комплекстеги 50 метрлик бассейиндер көп жылдан бери иштебей турат. Суучулдарга жакшы шарт түзүлсө мындан дагы жогорку ийгиликтер болмок.

Өлкөнүн олимпиадалык даярдоо борборунун жетекчиси Касымкул Оболбековдун пикиринде сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионаты жакында болгондуктан Кытай, Жапон, Корея сыяктуу өлкөлөр Азия биринчилигине мыкты суучулдарын катыштырган жок.

-Тилекке каршы сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионаты жаңы эле аяктагандыктан Азиянын эң мыкты суучулдары бул таймашууларга катышкан жок. Ошондуктан “өрдөк жокто, чулдук бий” дегендей кыргызстандык суучулдары азыноолак ийгиликтерге жетишти.

Өлкөнүн дене тарбия, спортуна эмгек сиңирген кызматкер Бообек Кадыркуловдун пикиринде чалкыган Ысык-Көлү турса дагы жергиликтүү калктан сууда сүзүү спорту менен машыккандардын жоктугу, бул спортко маани бербегени өкүндүрөт.

Эки жылда бир ирет өткөрүлүп жүргөн Азия чемпионатында 2007-жылы Юрий Захаров алтын медаль жеңип, Азия чемпиону аталган. Ал эми Василий Данилов экиничи орунду ээлеген.

Эми кыргызстандык суучулдар быйыл октябрда Вьетнамда өтө турган жабык имараттагы Азия оюндарына катышмакчы.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG