Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Мыкты шарт болсо, мыкты билим болот


Кыргызстандын жаштары Эл аралык студенттер күнүн белгилеп жатышат. Майрам аларды бүгүн студенттик проблемалардан алаксытат. Ал эми эртең кайра студенттик турмуш кайра өз нугунда улана берет.

Быйыл жогорку окуу жайларда билимдин сапатын көтөрүү максатында реформа ишке ашырылгандай болду. Анын алкагында сырттан окуу бөлүмдөрү кыскартылып, окуу үчүн төлөнүүчү келиэң төмөнкү чеги аныкталды. Сапаттуу билим үчүн жасалган аракеттер студенттерге сезилип жатабы? Биз ушундай суроо менен аларды сөзгө тарттык.

Нуриза: -Эч кандай деле реформаны сезген жокпуз. Жыл сайын айтат стипендия көбөйөт деп. Сөз бойдон калды. Ошол бойдон көтөрүлгөн жок. Бизге камкордук деле көрүлгөн жок.

Рахат: -Биринчи кезекте коррупцияны жоюш керек. Бирок ишти майда кишилерден баштабай, жогорудагы кишилерден баштаса. Студенттер өздөрү да күнөөлүүү. Окубай жүрүп анан акча сунушат. А негизи мугалимдер бизге жакшы билим бергенге эле умтулушат.

Реформанын негизинде студенттерге гана эмес мугалимдерге да колдоо көрсөтүлүп, алардын айлык маяналары жогорулатылмак. Бирок учурда өзгөчө жаш мугалимдер көзгө көрүнөрлүк бир өзгөрүү болгонун байкабай жаткандыгын белгилеп жатышат.

Айзат: - Мамлекет тарабынан кам көрүлүп жатат деген сыяктуу ураандар айтылып эле келе жатат. Бирок баары эле сөз бойдон калууда. Чын эле колдоо болгонун көрүү кыйын. Өзгөчө материалдык жактан колдоо жетишсиз.

Билим берүү тармагы боюнча адис Абдыманап Жолдошевдин пикиринде, реформа бир-эки жылда эле боло турган иш эмес. Мисалы келишимдик акынын коюлушу, сырттан окуу бөлүмдөрүнүн кыскарышы акырындап, убагы келгенде өзүнүн жемишин берет. Ал эми азырынча бардыгы республиканын жалпы экономикалык абалына жараша болуп жатат.

-Мыкты билимге мыкты шарт керек, андай шартта эмгектенген адам керек, аларга мыкты айлык акы керек. Азыр коомдо билимдүү адамдардын кадыры жок болуп жатат. Шарт коюп анан алардан бир нерсе талап кылуу керек. Бир эки жыл байкап, анан жыйынтыгын көрүп, сурай баштоо керек. Айлык аз болсо кантип талап коебуз. Жаш мугалимдин баары качып кетпейби. Акырындык менен жакшы шартка да жетебиз.Убакыт керек

Жогорку кенештин депутаты Иса Өмүркуловдун айтуусунда, азыр билим берүү жаатындагы жалпы мыйзамдар гана иштеп жатат. Бирок абалды ондойбуз деп башка кандай мыйзам, реформа жүргүзүлбөсүн алар иштей албайт. Жылыш болушу үчүн республикадагы бийлик, башкаруу системасы толугу менен өзгөрүүсү керек. Бардыгы азыр материалдык базага барып такалат, дейт ал.

-Эми жалпы мыйзамдар албетте иштөөдө. Бирок мисалы, мугалимдер боюнча мыйзамдын айрым беренелери иштебей эле, мугалимдердин стажы үчүн өкмөт төлөй албай жатат. Бул чоң мыйзам бузуу. Материалдык жактан келгенде, мыйзамдын бир да пункту иштебей калууда. Система өзгөрүшү керек.

Мына ошентип толгон-токой проблемалар айтылган менен бүгүн студенттердин көтөрүңкү маанайын бузууга эч кимдин акысы жок. Анткени алар бүгүн студенттик күндү белгилеп жатышат. Майрамдын тарыхынан кабары жок болгону менен алардын көпчүлүгү бул күндү жаштыктын, оюн күлкүнүн күнү катары эсептешет.

Жанарбек: -Мына азыр досторумду күтүп олтурам, майрамдайлык деп. Эмне себептен бул күн белгиленип калганын билбейм. Бирок биз бир жерге олтуруп, көңүлдүү өткөрөлү деп жатабыз. Бардык жаштарды майрамы менен кттуктайбыз.

Элиза: -Кыргыз элимди, кыргыз жаштарын майрамы менен куттуктайм. Майрам жакшы маанайда өтсүн, анан сессия, экзамен да жакындап келе жатат. Кандай кыйынчылык болсо да бардыгы оңой ийгиликтүү өтсүн.

Бул дата 1946-жылы фашисттердин колунан каза тапкан студентердин элесине арналган эл аралык конгрессте бекитилген. Анткени согуш жылдарында Чехословакиянын патриот студенттери жана мугалимдери билим берүү жылдыгын белгилейбиз деп демонстрацияга чыгып, фашисттердин курмандыгына айланышкан. Аларга тилектештигин билдирген дүйнө эли ушул күнү аларды эскерип келет.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG