Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:36

ЖККУнун Чолпон-Атадагы жыйынынын негизги жыйынтыгы - Орусиянын кошумча аскер базасын Кыргызстанга жайгаштырууга макулдук алуу болду окшойт.

Ушул жылдын 1-ноябрына чейин тараптар орус аскерин кантип жайгаштыруунун укуктук маселелерин жөндөмөкчү.

Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн ыкчам аракеттенчү аскер күчтөрүнүн Кыргызстанга жайгаштырылыш ыктымалдыгы көптөн бери айтылып-жазылып, бирок да анын ордуна жалгыз Орусиянын дагы бир аскер базасы жайгашары болжолдонгон эмес болчу.

Орусиянын бириккен аскер базасын Кыргызстанга жайгаштыруу маселеси Жамааттык коопсуздук келишимине кирген мамлекет жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу аяктап, экинчи мөөнөткө шайланган кыргыз президентинин туулган күнүндө чечилди. 1-августта К. Бакиев менен Д. Медведев меморандумга кол коюшту.

Жаңы аскерий түзүмдүн негизги милдетине Кыргызстандагы орусиялык аскерий объектилердин коопсуздугун камсыз кылуу жүктөлгөн. Орусиялык базанын Кыргызстанга жайгашуусу жөнүндөгү келишим алгач 49 жылга түзүлүп, андан соң 25 жылга узартылып турмакчы.

Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкө жетекчилеринин жолугушуусунда Орусиянын аскер базасы жайында кеп болбостугу Чолпон-Ата жыйынына чейин катылуу сыр катары сакталып келди. Эки тарап үчүн маанилүү деп эсептелген маселе тууралуу Кыргызстандын президенти да бир күн мурда журналисттер алдында ооз ачкан эмес.

- Мамлекет башчылары талкуулаган өзгөчө маанилүү жана курч маселелердин бардыгына карабастан, талкуунун соңунда мени, кабыл алып жаткан, тосуп жаткан президент катары абыдан кубанткан нерсе Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкө жетекчилеринин толук катышуусу болду,- деп президент К.Бакиев кийинки кездери бири келсе экинчиси келбей койчу ЖККУ жыйынына мүчөлөрдүн толук келгенине ыраазы болгонун жашырган жок.

Антип толугу менен катышкан Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкө жетекчилеринин текши баары Орусиянын дагы бир аскер базасынын Кыргызстанда жайгашын жактыруу менен кабыл алат деп айтыш кыйын. Ал айрыкеча Өзбекстан жетекчисине жакпасы турулуу иш.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкатчысы Николай Бордюжанын ырасташынча, чөлкөмдөгү ичара келишпөөчүлүктөрдүн тамыры экономикалык кызыкчылыктарга байланган.

- Борбор Азиядага проблема суу-энергетикалык мүнөзгө ээ. Өзбекстан менен Тажикстандын, Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы чынында эле карама-каршылыктар болуп келген жана болууда.

Орусиялык эмес, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун атынан аракет кылчу жаңы аскер базанын Кыргызстан аймагында, өзгөчө анын түштүк аймактарынын биринде жайгашуусун Өзбекстандын башынан эле жактырбай келатканы көпчүлүккө маалым. Ага карабастан Орусия Кыргызстанга дагы бир базасын алып келатат.

Публистчи Турат Акимовдун пикиринде, аскерий дымактуу Орусия Кыргызстандагы бизнес долбоорлорун сактоо, анан да Борбор Азия үчүн өзгөчө маанилүү сууга ээлик кылуу амалында бул жерде аскерин кармап турууга кызыкдар.

- Андай аскерлерди Африкада деле орус аскерин кармайт. Андан таң калбаш керек. Анан ошонун ичинде биротоло кичине болсо да көзөмөл жүргүзүп турат. Негизи моджахеддер келет, деген шылтоо. Башкы себеп ушул деп ойлойм.

Парламент депутаты, “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Рашид Тагаев Жамааттык коопсуздук келишимине мүчө өлкөнүн аскер күчтөрү Кыргызстанда турса андан өлкө коопсуздугуна эле жакшы, деген пикирде.

- Мен ойлоймун, бул Кыргызстандын тынчтыгына, Кыргызстандын бейпилдигине, террорчулукка каршы турууга бул жакшы иш болот деп ойлойм.

Айрым аналитиктердин баамында, Кыргызстанда үчүнчү аскер базанын жайгашуусу анын коңшулар менен мамиле-катнашына чоң салакасын тийгизиши мүмкүн. Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөрдүн ич ара мамилесин мамыр-жумур деп айтыш кыйын. Борбор Азия чөлкөмүндөгү бакубат өлкө болгусу келген Өзбекстандын коңшулары менен суу-энергетикалык проблемалары дагы курчушу ыктымал. Суу башындагы эки өлкөнүн энергетикалык тармагы орусиялык компаниялардын колуна өтүүдө. Алардын артынан минтип орустун аскер базалары келип, чөлкөмдө узакка тура тургандыгын ырастоодо.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG