Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:26

Бир Кыргызстандагы Орусиянын эки аскер базасы


Жыйынга Белорусия башчысы уулун ээрчитип келди

Жыйынга Белорусия башчысы уулун ээрчитип келди

Чолпон-Атада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун бейформал жыйыны өттү.

Жамааттык коопсуздук келишиминин кезектеги жыйыны экинчи мөөнөткө шайланган Кыргызстан президентинин туулган күнүнүн урматына жайылган дасторкон көркү, Орусиянын экинчи аскер базасынын ачылышына макулдук берүү менен айырмаланат окшоп калды. Чөлкөм коопсуздугу, жаңы аскер түзүмү жайында «Азаттыктын» бүгүнкү «бетме-бет» талкуусунда саясат таануучулар Өскөн Козубаев, Айдарбек Көчкүнов пикир бөлүшөт.

- Кечээ Жамааттык коопсуздук келишиминин кезектеги жыйыны Чолпон-Атада аяктады. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн ичара мамилесин мыкты деп айтыш кыйын. Чоң жаңылык Кыргызстанда Орусиянын дагы бир аскер базасы жөнүндөгү меморандум болду окшойт. Өскөн мырза, кепти ушундан баштасак.

Өскөн Козубаев: - Туура, сөз көптөн бери болуп келе жаткан. Анан мен эгер Орусиянын аскер базасы Кыргызстанда жайгашса мындан утуш ганан болот го, деп ойлйомун. Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси бул бүгүнкү эле эмес, кылымды камтып келаткан мамиле. Кыргызстан ээлеген орду боюнча геосаясий кызыкчылыкты пайда кылган мамлекет экени талашсыз. Ооганстан менен Ортоңку Чыгыштагы тынчтыктын сакталышы террорчулукка каршы күрөштүн ийгилигине түздөн-түз көз каранды. Орусиянын аскер базасы Ош же Баткен облусунда жайгашып калса ал Кыргызстандын түштүгүндөгү коопсуздукту камсыз кылууга өзүнүн салымын кошуп турмакчы. Өзбекстандан чыга калчу ислам күчтөрү же кооптуу Ооганстандан келчү коркунучтарды жоюуга бул күчтөр өз үлүшүн кошот, деп ойлойм.

- Айдарбек мырза, азыр Тажикстандагы абал кооптуу болуп турат. Тавилдара өрөөнүндө өкмөттүк күчтөр менен Ооганстан, Пакистандан сүрүлгөн согушчандардын кагылышуусу болуп өттү. Өзбекстандагы кооптуу абал да белгилүү. Бирок база тууралуу кепти Өзбекстандын кыйла чычалабыраак кабыл алышын сиз кандай деп түшүндүрөт элеңиз?

Айдарбек Көчкүнов: - Өзбекстан чөлкөмдө үстөмдүк абалды ээлөөгө умтулуп келатканы маалым. Калк саны, экономикасынын ыкчам өнүгүп келатканы боюнча ал динамикалуу өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошондон Борбордук Азияда Өзбекстандын үнү угулуп, позициясы билинип турушу керек, деген дымактуу ойлору бар. Өзбекстан бийлиги Кыргызстан болобу же Казакстан болобу чет элдик аскерий күчтөрдүн жайгашуусуна ачык каршы чыгып келатат.

- Кыргызстанда үчүнчү аскер базасы туруп калышын коңшу Кытай, дагы нары кетсек Батыш өлкөлөрү кандай кабыл алышы мүмкүн? Өскөн мырза, бул өлкөлөр чет жерден келген аскер базаларына орун берип жаткан Кыргызстанга кандайдыр бир таасир көрсөтүшү мүмкүнбү?

Өскөн Козубаев: - Кыргызстан аймагында америкалык, орусиялык аскер күчтөрдүн жайгашуусу коңшу мамлекеттерди кайдыгер калтырбайт. Өзбекстандын каалабай жатканы бул жерде да айтылды. А бирок ошол мамлекеттердин каалабай жатышы биз үчүн кызыктуу го, деп ойлойм. Айталы, орусиялык аскер күчтөр Кыргызстандын түштүгүндө жайгашып кала турган болсо бул глобалдык эле эмес, ошол аймактагы улуттар аралык тынчтыктын, конфессиялар аралык тынчтыктын орношуна таасир көрсөтөт. Албетте, Кытай жана Батыш мамлекеттери орусиялык базанын жайгашуусун жактырышпайт. Анткени ал орусиялык таасирдин бул чөлкөмгө таралышын күчөтөт. Кандай болгон күндө да, аскер күчтөрдүн турганы коопсуздукка кепилдик берет. Анан ошол эле АКШ күчтөрүнүн турушу жалпы эле чөлкөмдөгү террорчулукка каршы сес болуп бере алат, деп ойлойм.

- Айдарбек мырза, коопсуздук келишиминдеги өлкөлөрдүн ичара мамиле-катышын идеалдуу деп айтыш кыйын. Мына жакында эле Орусия менен Белорусиянын “сүт жаңжалы” болуп өттү. Борбор Азияда суу-энергетикалык проблема турат.

Айдарбек Көчкүнов: - Ортолук мамиленин аркылдыгы тең салмактуулуктун жоктугунда. Спорттук тил менен айтканда, бул жерде ар кандай салмактагы мамлекеттер чогулган. Орусия дүйнөлүк геосаясий оюндарга катышчу, анда өзүнүн орду бар лөк мамлекет. СССР кезиндеги позицияны кайтарып алууга куштар өлкө. Калган мамлекеттер, бул сөз бизге жагабы же жакпайбы, сателлит – жандооч өлкөлөр болуп эсептелет. Орусия бизге чоочун эмес. 150 жылдай чогуу жашап, окшош менталитетке ээ болуп калдык. Уруштарда чогуу жүргөнбүз. Ошондон азырынча Орусиянын геостратегиялык айдыңынан чыкпай жүрүшүбүз кыргыздын учурдагы улуттук кызыкчылыгына да дал келеби, деп ойлойм. Советтер Союзунан калган республикаларда ар кандай процесстер жүрүп жатат. Аны да эске алышыбыз керек. Ал эми Борбор Азияда Орусиянын ойлонулган стратегиялык так максат-милдети көрүнбөйт. Болгон аракети эле мурунку мамиле-катнашты эске алып, таасирин сактап калыш керек. Бирок кантип? Чоң каражат жумшабай эле ал Борбор Азия жетекчилери менен сүйлөшүү жолу менен таасирин сактап кала алат, деп ойлойм. Анткен менен биз өзүбүздүн коомдук мүдөөбүздү ишке ашыруунун аракетин көрүшүбүз керек. Ал биздин мамлекетибизди күчтүү өлкөгө айлантуу. Саясий элита улуттук кызыкчылык үчүн гана иштей турган деңгээлге чыгышыбызы керек. Сырткы күчкө көз каранды болбой, өзүбүздү өзүбүз коргой ала турган, сырт күчкө муктаж болбогудай деңгээлге жетишкенде гана көз карандысыз толук кандуу, эларалык мамилелердин субъектисине айланабыз.

- Өскөн мырза, Кыргызстан ири дүйнөлүк лөк мамлекеттердин геосаясий кызыкчылыктары ашташкан жерде жайгашкан. Өлкөнүн азыркы саясатына карата алар кандай таасир көрсөтүшү мүмкүн?

Өскөн Козубаев: - Кыргызстандын тышкы саясаты кыйла ийгиликтүү өтүп жатабы деп ойлойм. Бул жерде ири лөк мамлекеттердин геостратегиялык кызыкчылыктары кадыресе канааттандырылып жатат, деген пикирдемин. Ички-тышкы саясат бир калыпта келатат. Айрым өлкөлөргө окшоп бүгүн бир уюмга кирип, эртең чыгып кетпей, туруктуу позициясын сактап келатат. Улуттук кызыкчылык деген бар. Анын айынан Орусия менен Белорусия, Өзбекстан позициясында өзгөрүүлөр болуп кетпедиби. Кыргызстандын Ооганстан боюнча поизициясы да өзгөрүлө элек.

- Анда эмес кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар ишиңиздерге ийгилик болсун!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG