Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Аксы районунда элдик бийлик орнотулду


7-апрелде Жалал-Абат облусунун Аксы районунда элдик бийлик орнотулду. Аймакта Элдик курултай президент менен район акиминин кызматтан кетүүсүн талап кылды. Өлкөдө социалдык-экономикалык абалга начар деген баа берилип, жогорку бийликке нааразылыктар айтылды. Аксынын акими район башчылык кызматты нааразы болгондор эмес, президент чечээрин белгилеп, кызматтан кетпей турганын билдирди. Жалал-Абат облусунун башка тургундары бийлик элге кам көрүп жатканын ырасташууда. Элдик курултайга уюштуруучулардын маалыматы боюнча 1500, район акиминин сөзү боюнча 300 адам катышты.

Аксыда Элдик курултай катышуучулары кызыл тасмаларды көтөрүп Кербен шаар кире беришинен район борборуна жөө келди. Жолду катар “Бакиев кетсин” деп ураан чакырышты. Аларды аким Талант Орозов менен бийликчил адамдар жана тартип сакчылар тосуп алды. Эки тарап маселени тынчтык жолу менен чечүү жагын макулдашты.

Элдик курултайды уюштуруу бирикмесинин облустагы координатору Топчубек Тургуналиев өлөдө үй-бүлөлүк башкаруу тамырлаганын белгилеп, президент өз уулуна мыйзамда каралбаган кызмат бергенин сынга алды. Ал аким менен милиция башчысын эл тарабына өтүүгө чакырды.

Аймактык курултайларды уюштуруу бирикмесинин мүчөсү Кадыркул Өмүрбеков ушундай пикир менен өлкөдө жашоо начарлап, жумушсуздук азайбай, саясий куугунтук токтобогонун күбөгө тартты.

Талант:- Эгер эл мененмин десең, ушунча элдин баары жолунан кайыш тилинип, 1 сом 50 тыйындан электр энергиясына чыдай албай келип отурат. Ошол маселени эмне үчүн 17-марттан 24нө чейинки Ынтымак курултайына даярдап, ушул маселелерди койдурбастан мактатып, ырдаттың, бул бир. Эгерде сен эл менен болсоң бүгүн мен эл мененмин дешиң керек.

Талант Орозов Аксыда аким болуп иштегенден бери нааразы адамдарга жамандык кылбаганын билдирди. Ал район башчылык кызматтан кетпей турганын айтып, кызмат жагын нааразы болгон 300 адам эмес, президент чечээрин тастыктады:

- 120 миң калк бар, 300 калк эмес, муну билип койгула. 120 миң калктын баарынын эле ою силердикидей эмес, муну да эсепке алгыла. Бери жагы эле 700 миң киши давай деме мен турбайм, менин дагы артымда элим бар. Биринчиден, арызды жазсам, мен президентке жазам. Ал президент өзү чечет, мыйзамдуулук турат.

Курултай катышуучулары жергиликтүү бийлик имаратын ээлөөгө бир нече ирет аракеттенди. Тартип сакчылары элди бир топко дейре имартка жакындатпастан, асманга кур дүрмөт атып, көздөн жаш агызчу газ жардырмак болушту. Андан майнап чыкпай топтолгон эл түш ченде бийлик имаратын ээлеп алды. Имарат алдында болгон элдик курултай Аксы районунун акимдигине, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Кадыркул Өмүрбековду, райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысына адам укугун коргоочу Сартпай Жайчыбековду шайлады. Облустук Аялдар кеңешинин мүчөсү Уулкан Мамасабирова Элдик курултайга каршы чыкты:

- Оппозициянын курултайына мен каршымын. Айыл-айыл, жер-жерлерге барып жатабыз, бардык жерлерде иш жакшы деп кары-картаңдар аябай ыраазы. Жолдор оңдолуп, масалы Курманбек айыл өкмөтүндө эле 4 жылдык мектеп курулду деп, азыр ФАПтар иштеп атат деп, пенсия убагында майрамдарда эстелип, ардагерлер, карылар баардыгы ыраазы.

Облустун атын атабаган тургуну президент Бакиев элдин жыргалчылыгы үчүн аракет жасоодо деп эсептейт:

- К.Бакиев президент болгондон бери бала бакчадан баштап, пенсионерлерге дейре элдин жыргалчылыгы үчүн аракет кылып атат. Ушул кишинин ар бир Кыргызстандыкка татыктуу жашоо деген рекламасы.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG