Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:38

Кыргызстан ЕврАзЭШтен жардам сурады


Евразия Экономикалык Шериктештигинин мамлекеттер аралык кеңешинин жыйыны, Астана, 5-июль 2010-жыл
Евразия Экономикалык Шериктештигинин мамлекеттер аралык кеңешинин жыйыны, Астана, 5-июль 2010-жыл

Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева Астанада өткөн Евразия Экономикалык Шериктештигинин мамлекеттер аралык кеңешинин алкагында бир катар өлкө башчылары менен жолугушуп, өлкөнүн түштүгүндөгү тополоң окуялардын кесепеттерин жоюуга жардам сурады.

Кыргызстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Руслан Казакбаевдин 6-июлда маалымат жыйында билдиргени боюнча, Астанада өткөн Евразия экономикалык шериктештигинин (ЕврАзЭШ) мамлекеттер аралык кеңешинде бардыгы болуп 13 маселе каралган. Алардын бири катары Казакстан, Орусия жана Белорус өлкөлөрүнүн Бажы биримдигине расмий кириши болду. Буга байланыштуу экономикалык сотко жаңы жоболор киргизилген.

Саммитте Кыргызстанга түздөн түз тиешеси бар маселелер да талкууга алынып, өлкөнүн түштүгүндө болгон кандуу окуя туурасында маалымат берилди. Р.Казакбаевдин айтымында, ЕврАзЭШке мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери Кыргызстандагы окуяларга кайдыгер эмес экенин, бардык тараптан жардам берүүгө даяр экенин белгилешкен:

- Биз өзгөчө белгилеп айтканыбыз, түштүктү калыбына келтирүүгө, ал жактагы имараттарды, турак-жайларды куруу, бала бакчаларды, мектептерди ордуна келтирүү боюнча курулуш иштерине финансы жактан жардам сурадык. Ошондой эле гуманитардык жардам жиберүүнү улантуу боюнча жардам сурап кайрылдык.

Р.Казакбаевдин айтымында, Кыргызстан учурда ЕврАзЭШтин алкагындагы кризиске каршы фонддон каржылык жардам алуу үчүн сунуштарды, документтерди даярдоодо. Ушул тапта ушундай өтүнүч менен кайрылып, Тажикстан 90 млн. доллар алып жаткандыгы, Армения да ушул фонддон 600 млн. доллар алуу үчүн кайрылуу жасаганы маалымдалды.

Буга чейин айтылгандай, Р.Отунбаева Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү ниетинде экенин, бул боюнча жоболор иштелип жатканын белгилеген. Коомдук ишмер Эсенгул Өмүралиев да Кыргызстан аталган биримдикке кириши керек деген пикирде:

- Мурда бизде эркин соода аймагы бар болчу. Ошого карата Кыргызстанга КМШ өлкөлөрүнөн келген продукцияларга экспорттук төлөм, Кыргызстандан КМШ өлкөлөрүнө кирген товарларга бажы төлөмдөрү коюлчу эмес. Бажы биримдиги киргенден баштап мына ушулар киргизилди. Эгер Кыргызстан бул биримдикке кирсе, анда булар алынып салынат. Кыргызстандын соодасынын 70 пайызы Казакстан, Орусия менен байланышкан. Экинчиден, биздеги негизги байланыштар да ушул өлкөлөр аркылуу өтөт. Ошондуктан биз бул биримдикке киришибиз керек.

Э.Өмүралиевдин айтымында, Кыргызстандын Бажы биримдигине кириши менен Кытайдан арзан товарлардын келүүсүнө чектөөлөр болбойт. Бирок аларды транзит өлкө катары башка өлкөлөргө алып өтүүгө тыюу салынат. Айрым эксперттер бул биримдикке кирүү менен Кыргызстандын экономикасында айрым кыйынчылыктар кайра көбөйөт деп белгилешүүдө.

Ал эми Убактылуу өкмөт төрайымынын өкүлчүлүгүнүн жетекчи орун басары Мухтар Жумалиевдин айтымында, мурда айрым товарларды реэкспорттоого мүмкүн болсо бул жагынан айрым чектөөлөр коюлушу ыктымал. Ал эми Кыргызстандын өзүнүн өндүргөн товарлары жөнүндө маселе болбойт:

- Бул боюнча жогорку деңгээлдеги жолугушууларда айтылды. Биз учурда биримдикке кирүү же кирбөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бажы биримдигине Кыргызстандын кирүүсү эмес, биздин өнөктөш мамлекеттердин Дүйнөлүк соода уюмуна кирүүсү башкы маселе болууда. Ошондон кийин алардын шарттары бизге белгилүү болот.


Ошондой эле саммит соңунда Р.Отунабева ЕврАзЭШке мүчө өлкөлөрдүн жетекчилери менен жолугушуп, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жетишти. Алсак Орусия президенти Дмитрий Медведев менен жолугушуп, бир катар маселелер талкууланды. Анын ичинде экономикалык, гуманитардык жардамдан тартып Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун алкагында бериле тургана аскерий-техникалык жардамдар туурасында да сөз болгон. Өз кезегинде Д.Медведев бул багытта бардык документтер даяр болгонун, Кыргызстан сураган жардам кыска убакыттын ичинде жиберилерин айткан.

Ал эми Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушууда апрель окуяларынан кийин орчундуу маселеге айланган чек ара жана туризм боюнча сөз болду:

- Жеңил өнөр-жай товарларын өткөрүү маселелери, өлкөдөгү туристтик сезондун деңгээлин жогорулауу үчүн Казакстандын туристтеринин чакыруу болду. Андан тышкары Казкстанда 54 унаа товарлары менен соттолуп жатат. Бул маселе качантан бери чечилбей жатат. Бул боюнча да казак президенти менен болгон жолугушууда көтөрүлүп, кыска убакытта чечиле турганы жөнүндө сөздөр айтылды.

Маалыматка ылайык, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык комиссиянын ишин кайра жандандыруу тууралуу макулдашылды. Мындан сырткары Казакстан тарап түштүктөгү окуяларды, анын кесепеттерин иликтөөчү жогорку деңгээлдеги комиссия келе турганын, анын алкагында берилчү жардамдар аныкталарын билдиришкен.

Эң негизгиси Казакстандын инвестициясын Кыргызстанга мындан да көбөйтүү маселеси көтөрүлгөн. Азыркы күндө Казакстандын Кыргызстанга болгон инвестициясы 600 миллион доллардан ашаары айтылып, бул санды көбөйтүү маселеси тууралуу сөз болгон.

Булардан сырткары Р.Отунбаева Астанага иш сапары учурунда Армения президенти С.Саркисян, Түркия президенти Абдулла Гүл, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен да эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, пикир алышты. Жалпысынан Р.Отунбаеванын президент катары биринчи жогорку деңгээлдеги иш сапары жемиштүү болгону белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG