Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:25

Кийинки жылдары улуттук турмушка көлөкөсүн түшүргөн артыкбаш жорук-жосундар арбып, артыкбаш ыгым-чыгымдар көбөйүп кетти. Элинин көбү кедей өлкө үчүн мындай төгүл-чачылдын өтөле оорго туруп жатканы нааразылыктарды жаратып келет.

Азаттыктын” бүгүнкү “бетме-бет” талкуусунун катышуучулары: “Ак Жол” фракциясынан парламент депутаттары Гүлнара Дербишева, Ажыбай Калмаматов, БАТА борборунун жетекчиси Кадыраалы Кошалиев мына ушул маселе тууралуу ой бөлүшөт.

- Ашыкча шаан-шөкөт, каада-салт улут турмушуна кандай оорчулук алып келип жатканы баарыбызга дайын. Ажыбай мырза, парламентте ушул маселе чоң талкууга салынып, аны чектө аракети көрүлүүдө. Мунун артында саясий максат-мүдөө жокпу, дегеним шаан-шөкөттөрдү азайтуу аракети шайлоо алдында болууда. Бул шайлоочулардын көңүлүн алыш үчүн жасалып жаткан жокпу?

Ажыбай Калмаматов:
- “Ак Жол” партиясы бир демилге көтөрүп чыкса эле анын артында саясий маселе жокпу, деген суроолор чыгат. Сиз да ушундай суроо берип жатасыз. Бул жерде эч кандай саясий оюн жок. Мына дүйнөлүк экономикалык кризис күчөп баратат. Анын таасири кыргыз элине тийбей койбойт. Анан кыргыз менен казакта ашкере шаан-шөкөт, той-аш арбын болот. “Сокур намыс баш жарат”, демекчи салтанатка сөзсүз жылкы союлат. Кедейи деле, байы деле бапыратып акча чачып той өткөргөндү жакшы көрөт, көбү эртеңки күнү балдары кезерип ачка каларын ойлошпойт. Кыргыз сокур намысчыл, той өткөрсө деле, маркумду узатса деле бапыратып баарын чачканды жакшы көрөт. Ошолорду чектөө үчүн элге кайрылу жасап, кеп-кеңеш кылып жатабыз.

- Кадыраалы мырза, мындай демилге ишке ашканча, байлар малын чачып, кедейлер кыйналып, намыс үчүн салтты сактоо дагыле улантыла береби?

Кадыраалы Кошалиев:
- Салт бул элди сактап келчү көрүнүш. Мына кыргыз бери дегенде 3000 жылдык тарыхында каада-салты, тили, рухий дүйнөсү менен чачылбай, жоголбой сакталып келген. Кеп ошол каада-салттын жакшы жана зыяндуу жактары жөнүндө болушу керек. Бул маселе кез-кез көтөрүлүп келатат. Көтөрүлгөнү туура. Кыргыз айтып коет: “Кедей байга жетем дейт, бай Кудайга жетем дейт”. Акыркы кездерде мынабул ыгым-чыгым күчөп кетти. Мунун себеби элдин турмушунун оңолушуна байланыштуу. Азыр Кыргызстанда жан башына эсептей келгенде машиненин саны көп. Жекече курулуш күчөп баратат. Эл жакшы эле жашап жатат. Анан “аш көп болсо каада көп” болуп, байды туурап, оокаттуусу менен кедейи кыйналып жатат. Ыксыз жорук-жосундар көбөйүп кетти. Мисалы, бөлөлөр отурушу, абысындар шеринеси, атасы өтүп кеткен жигиттин 40 күндөн кийин сакалын алуу жана башкалар. Мындай ыксыз жосундарды жок кылыш үчүн жалгыз бийликтин аракети жетишсиз. Буга жергиликтүү аксакалдар, жаштар, жарандык коом өзү кийлигиши зарыл. Анан да салтты жоюп ийиш мүмкүн эмес, аны ыктуу пайдаланууга көндүрүш керек.

- Гүлнара айым, ушул аракеттен натыйжа чыгарына ишенесизби? Буга чейин деле көп аракеттер болгон, бирок натыйжасы кандай болгонун баарыбыз көрүп эле турбайбызбы.

Гүлнара Дербишева:
- Менин бул маселе боюнча көз карашым мындай. Жанагы биз кабыл алган кайрылуу бай менен орто катмар өкүлдөрүнө арналган. Анан аткаминерлерге. Алар төгүп-чачып той-аш бергенде кирешени кайдан алганын көрсөтүшү керек. 15 – 20 миң сомдук айлык менен 1 миллион сомдук чыгымдарды кайдан алганын көрсөтүп бериши зарыл. Биз аны көзөмөлдөп турушубуз керек. Мамлекеттик кызматтагылар өзүнүн киреше булагы менен кантип жашап жатканын ачык көрсөтүшү керек. Эгер чоң ыгым-чыгым болуп атса артында коррупция башбактап турары жашыруун эмес.

- Ажыбай мырза, бул жерде коррупция жөнүндө кеп болуп кетти. Аз айлык алган аткаминердин бапыратып жатышынын себеп-жөнүн иликтөө, ашынган чиновниктерди теске салуу жөнүндө кеп болуп жатат го.

Ажыбай Калмаматов: - Коррупцияны биротоло жоюп жиберүү мүмкүн эмес. Биз ысырапкорчулукту чектөөнү кыйла ойлонуп талдап көрдүк. Элге кайрылсак, көпчүлүк өзү талкуулап бир чечимге келсе деп чечтик. Айрым жерлерде маркумду акыркы сапарга узатууда жылкы сойбой кой союлуп жатат. Бирок алар аз болууда. Ушундай каатчылык заманда артыкбаш ысырапчылыктын кереги барбы же жокпу деген суроону эл өзү ойлонсо. Кыргызда “жылкыңа карап ышкыр” деген учкул сөз бар. Чама-чаркыңы кара, деген сөз да. Бул жерде биз иралды чиновниктерди кармашыбыз керек. Алар токтолсо, байлар чактап калса кедейлер андай ишти жасашпайт. Аткаминерлердин тизгини тартылса башкалары токтолмок.

- Кадыраалы мырза, мына коңшу Тажикстанда ысырапкерчиликти чектөө боюнча президент жарлыгы кабыл алынып, иш жүрүп жатат. Мүмкүн бизге да ошондой нерсе керектир?

Кадыраалы Кошалиев: - Бул иш жогортон да, төмөнтөн да жүргүзүлүшү керек. Парламент кайрылуусуна акскалдар, таасирдүү кишилер, жарандык коом кошулса мындан да өтүмдүү болмок. Каада-салтты жарлык менен чектөө, теске салуу ишке ашпай турган нерсе. Бул ишке айыл-айылдагы бийлер, молдолор, жаштар - баары чогуу талкуулап бир чечимге келишсе жакшы болмок. Анан бизде аймактык өзгөчөлүккө ээ артыкбаш ыгым-чыгымдар да бар. Мисалы, мынабу Сузак, Өзгөн, Базар-Коргон, Ноокенде атасына аш берүү салты бар. Жылдыгы өткөндөн кийин, кыйла жылдан соң жүздөгөн үйгө конок бөлүп, улак тарттырып, арак куюп, чоң шаан-шөкөт менен өткөрүшөт. Арак ичилген жерде куран окутулат. Бул өзү салтта жок эле нерсе.

- Гүлнара айым, мына ушул маселенин козголушун шайлоочулар өтүнүштү беле, жолугушууларда айтылабы?

Гүлнара Дербишева: - Токтом менен кайрылуунун жаралышына биздин шайлоочулардын көптөгөн өтүнүч, суроо-талаптары негиз болду. Көл менен Нарында ушул сөз болду. Биз ал жакка жакында жолугушууга барып келдик. Мамлекеттик катчы тарабынан ушул маселе боюнча маселе даярдалып жатканын уккан элек. Бирок анын азырынча натыйжасы билине элек. Эл өзү талап кылып жатат. Мына, 2 миллиард доллар карызыбыз бар, ошончо эле акча артыкбаш шаан-шөкөт, ыгым-чыгымга кетет.

- Ажыбай мырза, артыкбаш ыгым-чыгымды азайтуу демилгеси парламенттен чыкты. Депутаттардын өзү ошондой ыгым-чыгымды көп өткөргөндөр, кесиптештериңиз андайын эми токтотушабы?

Ажыбай Калмаматов: - Депутаттардын айрымдары каада-салтты күч менен жоюу мүмкүн эместигин айтышты. Бирок ошол эле учурда көпчүлүк эл өкүлдөрү ашыкча ыгым-чыгымдарды азайтууну туура деп эсептешти, колдоп беришти. Өзүбүз үлгү болсок дегендер болду.

Гүлнара Дербишева: - Мен ушул кесиптештеримдин пикирин чынга чыгарыш үчүн быйыл уулубуздун сүннөт тоюн ашыкча ыгым-чыгымы жок, жөнөкөй өткөрүүнү ойлоп отурам. Жалаң депутаттык маяна менен отурган адам ошондой эле жасашы керек, деп ойлойм. Айрым кесиптештеримдин бапыраткан төгүл дасторконун көрүп ойлйонуп калчумун.

- Урматтуу студиянын меймандары, талкууга катышып бергениңиздер үчүн чоң ырахмат!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG