Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:45

Исмаил Исаковдун көрсөтмөлүү соттук териштирүүсү аягына чыгып, аскер сот коллегиясы гарнизондук сот өкүмүн күчүндө калтырды. Улам жогорулап бараткан сот бийлик тепкичтеринен ушундай чечимдер чыгарын айрым байкоочулар мурда эле болжолдоп келишкен.

Саясий куугунтукка кабылган укуктук маселе бийлик алмашкандан кийин ошол эле соттордун колу менен оңуна чечилерин 2005-жылы Ф. Кулов менен Т. Тургуналиевдин тажрыйбасы кашкайта далилдегени элдин эсинде. Кыязы, И. Исаковдун иши да ошондой тагдырга туш келет өңдөнүп калды.

Оңго кеткен жол, солго кеткен жол

Экинчи жылга кетип бараткан мурунку Коргоо министри, Коопсуздук кеңеш катчысы Исмаил Исаковдун кылмыш иштеринин кийинки соттук териштирүүсү кыйла эле ыкчам өттү. Аскер сот коллегиясы И. Исаков менен жактоочуларынын аларга ишеним көрсөтпөй, залдан чыгып кетишкенине карабастан, жалаң мамлекеттик айыптоочулар алдында 19-февралда Бишкек гарнизондук аскер сотунун Исмаил Исаковду 8 жылга эркинен ажыратуу жөнүндөгү 11-январдагы өкүмүн күчүндө калтырды.

И. Исаковдун жактоочусу А. Бекназаров сот коллегиясы мыйзамды одоно бузуп, өтүнүчтөрдүн бир да бирөөн канааттандырбаганын ырастап, Конституциялык сотко кайрыла тургандыгын ырастоодо. Ушундай эле өтүнүч менен А. Бекназаров, Э. Каптагаев өткөн жылы Конституциялык сотко кайрылышкан. Конституциялык сот аны туура деп таап, 23-июнда Жазык процесстик кодекстин айрым беренелери Башмыйзамга кайчы келерин ырастаган. Бул ирет соттор Жогорку сот төрайымы Ж.Алиеванын катына негизденип, айыпталынуучу менен актоочулардын сотко ишеним көрсөтпөө жөнүндөгү өтүнүчтөрүн четке кагышууда.

Ажырымдын чоо-жайы

Исмаил Исаков Бишкек гарнизондук соту 8 жылга эркинен ажыратып, ошол жерден камакка алуу өкүмүн чыгаргандан бери абакта. Аскер сот коллегиясы аны Бишкектеги №1 абак жайына которуу өкүмүн чыгарган. Ошентип мурунку президент А. Акаевдин бийлигин кулатууга колкабыш кылган И. Исаков К. Бакиевдин саясий системасынын “абийир туткунуна” айланууда. Эми анын боштондукка чыгышы Ф. Кулов менен Т. Тургуналиевге окшоп саясий режим алмашкандан кийин гана мүмкүн болот окшоп калды.

Аскер сот коллегиясынын Исмаил Исаковду башка утурумдук абак жайга которуусу кылмыш ишти териштирүү учурунда анын жактоочусу экөөнүн сот коллегиясынан мыйзам тартиптерин так сактоону талап кылып, улам-улам сотко ишеним көрсөтпөй коюшунан улам чыкты шекилдүү. Исмаил Исаков болсо өзүнө каршы козголгон кылмыш иштер саясий буюртма экенин такай айтып келатат.

- Бийлик тарабынан колдонулган бул саясий иш-чаранын бири. Андан башка биз баа бере албайбыз. Себеп дегенде, мен билем жанагы күнөөлөрдүн бардыгы мыйзамга дагы, адамгерчиликке дагы жакпайт. Себеби анын бардыгы мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн, армиянын кадыр-баркын көтөрүү үчүн мыйзамдын чегинде болгон. Ошондуктан бүгүнкү Кыргызстанда болуп жаткан процесстердин баарын эл жакшы билип калды. Бул нака саясий куугунтук экенин түшүнүштү.

"Азаттык": - Сизге каршы козголгон ишти саясий себептен деп атасыз. Саясий себеп эмнеден улам чыкты? Кандай болгон күндө да сиз ушул бийликтин келишине 2005-жылдан бери салым кошуп, ошонун арасында жүрдүңүз эле. «Кара мышык» кайсы жерден өтүп кетти?

И. Исаков: - Бул жерде «кара мышык» эмнеден өтүп кетти? Биринчиси - менин өзүмдүн арыз жазып, бүгүнкү кадр, ички-тышкы саясатка каршылыгымды билдирип басып кеткеним. Экинчиси, бүгүнкү болуп жаткан кемчиликтердин бардыгын президенттин 2005-жылкы элдик революциянын активдүү катышуучусу катары, жетекчилеринин бири катары ошол ой-пикирлерди, элге берген убадалардын аткарылбагандыгын ачык айткандыгым. Үчүнчүсү, армияны реформа жасаганыбыз. Ошол жерде биз мыйзамга так жаздырып, Жогорку Кеңеш колду коюп өткөрүп берген, бирок президент кол койгон жок. Аскерлер саясий акцияларга, митингге, демонстрацияга катышпайт, деп ачык-айкын жазып койгонбуз. 2007-жылкы апрель айында мен кээ бир Ак үйдө отургандар сураганынан аларды кагып, кийлигиштирип койбогондуктан. Мына ошонун негизинде бүгүн өчөшүп, атайын ушундай адамдарды жоготпосок болбойт, деген арамза ойлор менен жасалган иштер.

«Азаттык»: - Соттон ишти калыс карайт, деген үмүтүңүз барбы?

И.Исаков: - Албетте, үмүт болуш керек. Үмүт бар. Себеби дегенде үмүттүн эки жагы бар. Биринчи жагы аскер соту. Мен ойлойм аскер сотунда элине ант берип, таза иштеп аракет кылгандар. Ошого үмүт бар. Бирок ошону менен бирге бүгүнкү бийликтин бардык машиналары иштеп атканда кээ бир соттор ошолорго көз каранды болуп калып, айткан буйруктарын, суроолорун же тапшырмаларын аткарып коебу деген да коркунуч бар. Ошондуктан эки жактуу болуп жатат да бүгүнкү күндө.

И. Исаковдун сотторго үмүт арткан бул маеги өткөн жылдын 10-март күнү жазылган.

Чын эле «кара мышык» качан өткөн?

Исмаил Исаковдун өзү президент Курманбек Бакиев менен пикир келишпестиктери 2008-жылдын 26-майында Коргоо министрлик кызматынан кетип, Коопсуздук кеңеш катчылыгына дайындалганга чейин дегеле болбогонун белгилеп келатат. Коопсуздук кеңеш катчысы катары энергетика тармагын текшерүү, анын эмнеликтен кризиске батып калышынын себеп-жөнүн иликтөө демилгеси президент К. Бакиевдин айланасындагы таасирдүү күчтөрдүн каршылыгына кабылып, ага улай күч кызматтарынын ишин бекем мыйзамдык негизге салуу аракети да мамлекет башчысынын колдоосуна ээ болбой калган соң көңүлү калып, баарына кол шилтеп баса бергенин ал өзү орусиялык «Фергана.ру» агенттигине берген маегинде да белгилеген.

«Коргоо министри кезимде мен көп нерселерден кабарсыз калып, жалаң аскер иштери менен гана алектенип, башка нерселерге кызыкканым деле жок,- дейт ал ошол орусча маегинде. – Мен президентке ишенчүмүн, оппозициянын билдирүүлөрүнө көңүл бурчу эмесмин. Кийин Коопсуздук кеңеш катчысы болуп калганда аптанын башында президенттин атынан кишилерди кабыл алып, алардын арыз-арманын уга баштадым. Аларды талдап көрүп, коюлган проблемаларды кантип чечүүнү президентке сунуш кылып турдум. Көп өтпөй энергетика тармагын текшерүүгө чыга баштадым. Бирок мага бул ишти жайына коюп башка маселелер менен алектенишимди сунуш кылышты. Андан соң прокуратура, ички иштер министрлигинин кемчиликтерин таап чыга баштадым. Мага эми «башка иштерди жасабайсызбы» деп айтышты. Аягында мен эч нерсени өзгөртө албасымды билдим да, өзүмдү өзүм жек көрүп ишти таштап кетип калдым».

Беш айга жетпеген Коопсуздук кеңеш катчысы саясат талаасында болуп турчу жашыруун-бүдөмүк саясий оюндарды, өз көмөчүнө кыргызча күл тартуунун натыйжасы кандай болорун аңдап, көнүмүш позициясын кескин өзгөртүүгө аргасыз болгон окшойт. Анысын аскер адамына таандык ачыктык менен 2005-жылдан бери үзөңгүлөш келаткан президент К. Бакиевге кызматтан кетүү тууралуу арыз каты деле айкындап турат.

«Кийинки кездери сиздин жаңыңызда өлкөсүнөн качып кеткен А. Акаев мырзанын «алгачылары» менен «ак шапкечендери» толуп алды. Мындан тышкары революцияга чейинки жана андан кийинки кездери элдин турмушун оңоо жөнүндөгү үмүттөр акталбай калды. Биз кайрадан артка кете баштадык, айрыкча энергетикада. Анан да сиздин кадр, ички-тышкы саясатыңызга макул эместигимди билдирем. Өлкөнү, анын Куралдуу күчтөрүнүн кадыр-баркын көтөрүүгө жан аябай аракет кылган генералдар менен чыныгы патриоттор четке сүрүлүп калды. Булар К.Орузбаев, Б.Югай, А.Атамбаев, М.Ниязов, А.Мадумаров, Б.Асанов, М.Кайыпов, М.Абдылдаев дагы башка көп кишилер. Жекече башкаруу принциби жайыла баштады, сот, мыйзам сактоо органдарында коррупция күчөп баратат, паракорлук өсүүдө. Мунун баары кимдир бирөөлөрдүн эле чөнтөгүн кампайтпаса, эл кызыкчылыгына кайчы келет. Коопсуздук кеңеш катчысы кезимде билинип калган кемчиликтерди жоюуга колдон келген аракеттеримди жасадым. Бирок да иштеп аткан система андай кемчиликтерди жоюуга мүмкүндүк бербейт экен. Ошон үчүн мени кызматтан бошотуп коюуңузду өтүнөм».

И. Исаковдун антип өз ыктыяры менен эшикти катуу жаап чыгып кетиши өңгөдөн да 2005-жылдын 24-мартында окуянын арты кандай болорунан чочулап, андан соң оппозициянын кылкылдаган көпчүлүктү аянтка чыгарып «кетсинди» бакырып турган кездерден оңой-олтоң кутулуп чыккан азыркы бийлик эгедерлерине абыдан катуу тийген болуш керек.

Чынында да А. Акаевдин кебелгистей бекем турган бийлиги опоңой оонап каларын күтүшпөгөнүн айнектери талкаланып, ичи булганган Ак үйдүн жанындагы секичеде туруп Курманбек Бакиевдин өзү деле айткан.

- Эртең менен биз оюбузга деле келген эмес. Момундай болуп эл Акүйдү ээлеп алат деп. Ачык айтып коеюн сиздерге.

2005-жылкы март окуясынан аз өтпөй президент милдетин аткарып жаткан К. Бакиевдин жарлыгы менен Исмаил Исаков Кыргызстандын Коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 1999-жылкы Баткен коогалаңы тушунда бекем таканчык ала элек Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү капыстан басып кирген эларалык жанкечтилерге жакшылап туруштук бере албай турган чакта жетекчиликтин ишине ичи чыкпай Коргоо министринин орунбасарлык кызматынан кеткен И.Исаков бир жылдан кийин парламентке депутат болуп, катары калың оппозицияга өткөн.

2005-жылдын 26-майынан 2008-жылдын 26-майына чейин туптуура үч жыл коргоо министрлигин жетектеген И.Исаков кандай иштердин өтөлүнө чыкканын Балыкчыдагы 20636-аскердик бөлүктүн мурдагы зардалы Рахат Эгинбаев момундайча сыпаттайт.

- Колдон келишинче мамлекет алдында. Мына мен 24 жылдан бери аскерде жүрөм. Өмүр бою болгон күчүмдү, бардыгын армияга деп жумшагам. Эми мындан кийин тагдырды көрөбүз да. Башка эмнени жазса көрөбүз. Мен Кудайдын алдында, өзүмдүн алдымда тазамын. Бул ишке эч кандай тиешеси жок. Исмаил Исакович мыйзамдан ашык эч кандай буйрук берген жок. Исмаил Исакович көптөгөн нерселерди армияда жасады. Элдин баары билет. Кыргыз эли эле эмес, бүт жоокерлердин баары билет. Кылган эмгегин, армия үчүн жасаган патриоттук иштерин жакшы билебиз.

Партия, партия, партия

Исмаил Исаков Коопсуздук кеңеш катчысы кызматын таштап кетерге үч күн калганда бийликчил «Жаңы Кыргызстан» партиясынын башкатчысы болуп шайланган. Президенттик администрациянын мурдагы башчысы Үсөн Сыдыков негиздеген агрардык партия жетекчилиги жаңылангандан аз өтпөй партиялаштар президенттик «Ак жол» партиясын сындап, өкмөттүн кызматтан кетишин талап кылат. Партия негиздөөчүсүнүн буямасын кетирген дагы осол иш «жаңыкыргызстандыктардын» бириккен оппозиция кыймылы менен макулдашууга келиши болду окшойт. Ишенген партия жетекчисинин апачык оппозициячыл саясатын биринчилерден болуп Үсөн Сыдыковдун өзү сындап, партия атынан антип сүйлөөгө, иш кылууга укук берилбегенин жарыялап жиберди. Исмаил Исаков оппозиция менен макулдашууну Үсөн Сыдыковдун уруксаты менен жасаганын гана айтып тим болду.

Үйдөн чыккан талаш

Ошол партиялык талаш күчөп турган 2008-жылдын аягында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Исмаил Исаковго каршы кылмыш ишин токууга киришет. Башкы прокуратура 2008-жылдын 23-майында Кыргызстандын аскер прокуратурасынын Бишкектин Тимирязев көчөсүндөгү 15-үйдүн 45-квартирасын И. Исаковдун уулу Русланга убактылуу берилишинде кылмыштын эч кандай белгилери жок деген токтомун жокко чыгарып, ишти кайрадан тергөөгө киришет. Жаңы тергөө тобу түзүлүп, алар 2008-жылы Коргоо министрлигинде атайын эсептеги акчалар кайда сарпталганын иликтеп, жарым миллион ашуун сом максатсыз жумшалганын таап чыгат. Балыкчыдагы аскер бөлүктөн техникалардын уурдалышы, бюджеттик акчалардын максатсыз пайдаланылышына байланышкан айыптардын баары соттук териштирүүлөрдө далилденбей, айыптын баары Руслан Исаковго убактылуу берилген 2 бөлмөлүү үйдүн айланасында гана калып, анын 8 жылга эркинен ажыратылышына, генерал-лейтенант аскердик наамынын алынып коюшуна ушул эки бөлмө үй негиз болуп берди.

А бирок соттук териштирүүлөр маалында эмнеликтен прокуратура жетекчилери ошол үйгө байланышкан иште эч кандай кылмыштын белгиси жок экендигин эки жыл ырастап, анан И.Исаков оппозиция катарына кошулгандан кийин кылмыш ишин ачып ийиш себеби ошентип ачылбай эле калды.
Исмаил Исаковдун жактоочусу Азимбек Бекназаровдун улам-улам билдирген өтүнүчтөрү жоопсуз калып, жыйынтыгы сотко келгендер менен жактоочулардын залдан чыгып кетишине алып келди. Өтүнүчтүн чоо-жайын Азимбек Бекназаров мындай түшүндүрөт.

- Эмне үчүн дегенде 2006-жылдын жай айынан баштап 2008-жылдын 23-майына чейин М. Бекбоевдин арызы президенттин көзөмөлүндө турган. Эки жыл бою. Булар бул факт боюнча текшерип, Исмаил Исаковдун аракетинде кылмыштын белгилери жок, деп иш козгоодон баш тартышкан. Президентке чейин беришкен. Иштин ичинде справкалар турат. Материал 122 беттен деп жүрүшөт. Бири-бирине жөнөтүп турган. Жогорку Кеңешке беришкен. Башкы прокурор Э.Сатыбалдиевге беришкен. Э.Сатыбалдиев өзү президентке билдирген. Мурдагы аскер прокурору Н.Турсункулов билдирген. Азыркы аскер прокурору М. Кошоев президенттик администрациядагы коргонуу жана укук бөлүмүнүн башчысы болуп ушул каттардын баарын алып президентке билдирип турган. Анан эмне үчүн 2009-жылдын башында эч ким арыз жазбаса деле ошол четке кагылган иш «тарс» этип эле кылмыш ишке айланып калды? Биз ошону Э.Сатыбалдиевден сурайлы дегенбиз.

Сотко күбө катары келип калса А. Бекназаров бергиси келген суроону Кыргызстандын башкы прокурору Нурлан Турсункуловго парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөлөрү беришти.

- Исмаил Исаковго байланышкан материал боюнча. Ал боюнча кезинде кылмыш иш ачылган эмес. Кийин ал ачылды. Албетте, прокуратура органдары тарабынан деле кемчиликтер кетет. Себеп дегенде мен өз баяндамамда айтып кеттим. Жалгыз эле ушул факт боюнча эмес, башка иштер боюнча деле кемчиликтер кетет. Прокуратура органынын же Ички иштер министрлигинин кызматкери тигил же бул маселе боюнча чечим кабыл алат. Ал жогорто отургандар тарабынан дагы иликтенет. Эгер чечим негизсиз болсо ал токтоосуз жокко чыгарылат.

Иш болсо кылмыш табылат

Н. Турсункулов кайсы бир кызматкердин кемчилиги катары сыпаттап жаткан иштин артында кандай максат-мүдөөлөр катылып жатканын А. Бекназаров мындайча чечмелейт.

- Убагында билесиңер, 2002-жылы менин да ушундай четке кагылган ишимди кайра козгошуп, 7 жылдан кийин Ж.Камчыбеков дегенди он жылга соттотуп туруп, анан «мына ушул кылмыш ишти жашырган А. Бекназаров экен» деп, мага кылмыш иш козгогон. Булар да ошондой болуп атпайбы. Исмаил Исаковду 8 жылга соттотту. Демек муну ким жашырып келген? Мурдагы Аскер прокурору Н.Турсункулов менен Башкы прокурор Э.Сатыбалдиев жашырып келген. Анда булар кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып жашырып жүрүшкөн деп, жоопко тартылыш керек. Же болбосо биз алардан сурайлы дедик эле. Эмне үчүн силер эки жыл бою текшерип кылмыш жок деп, чыгарып туруп, анан кайра кылмышка айланттыңар? Эмне себеп болду деген суроолорду берели дегенбиз.

Азимбек Бекназаров сот практикасында таң калтырчу дагы бир окуя мына ушул 2 бөлмө үй үчүн Коргоо министринин мурдагы орунбасары Б. Югайдын эки ирет соттолуп, бир ирет министрден сөгүш алганын маалымдап, «бир адамдын бир иш боюнча үч жолу жазаланат деген кыргыз сот адилеттигин шерменде кыла турган факт» экенин баса белгиледи.

Ушул эле ойду улап, Кыргызстандын социалдык-демократиялык партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев жүрүп жаткан соттор өлкөнүн укуктук негизин, укуктук өлкө болуу аракетин, аброюн кантип жок кылып жатканына токтолду.

- Сот мыйзамга баш ийбей эле бир үй-бүлөнүн командасын аткаруучу болуп калган. Эгер Кыргызстанда шайлоо болсо, мыйзам чегинде бийлик шайлоо жолу менен алмаштырылып турса албетте анда мыйзам чегинде андан чыгуу жолдору болмок. Бирок азыркы кырдаалда элибиз мыйзам чегинде кантип чыга алат, билбейм.

Исмаил Исаковдун жактоочулары ушул жылдын 13-январынан тарта саясий ачкалык жарыялап, Алайда көп эл катышкан жыйындар кыш чилдеде өтүүдө. Аскер сот коллегиясынын өкүмүнөн кийин бийлик менен оппозициянын тиреши дагы күчөп, Кыргызстандын укуктук өлкө болуу аракети эки жылдан бери кадыресе күчөп кеткен саясий өң-түстөгү кылмыш иштердин айынан тек кожокөрсүнгө айланып, калтыс саясий жагдайдан үмүтү үзүлгөндөрдүн көбү чет өлкөдөн баш калка издеп, же иш табыш амалында кетип жатышканы маалымдоо каражаттарында байма-бай жарыялануда.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG