Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Нобель сыйлыгынын ээси "green cardын" айрып салды


АКШда жашоого мүмкүндүк берген Green card.
АКШда жашоого мүмкүндүк берген Green card.

Нобель сыйлыгынын ээси, нигериялык жазуучу Воле Шоинка АКШда жашоого мүмкүнчүлүк берген "green cardын" айрып салды.

Воле Шоинка муну АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын кызматка кирүү аземин утурлай жасады. Ал өткөн жылы 2-ноябрда эгер Трамп шайлоодон утуп чыкса, каршылык иретинде "green cardын" жыртып, АКШдан чыгып кетерин Оксфорд студенттеринин алдында убада кылган. Шоинка бул каршылыгын Трамп башкарган өлкөдө өзүн коопсуз сезе албастыгына байланыштырган.

Воле Шоинка 1986-жылы Нобель сыйлыгын алган алгачкы африкалык жазуучу. 1994-жылы Нигериянын башчысы, диктатор Сани Абачинин тушунда хунтага салык төлөбөөгө чакырыгы үчүн, өлкө жарандыгынан ажыратылган.

АКШда бир нече жыл мугалимдик кесипти аркалаган соң, ага мурдагы президент Жимми Картердин жардамы менен саясий башпаанек берилген.

XS
SM
MD
LG