Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:11

Миллион сомго чейин сатып алууну тендерсиз өткөрүү сунушталууда


Иллюстрация
Иллюстрация

Жогорку Кеңеш депутаттары жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына 1 миллион сомго чейин мамлекеттик сатып алууларды тендерсиз өткөрүүгө уруксат берген мыйзамды иштеп жатышат. Мыйзамдын демилгечилеринин айтуусунда, мамлекеттик сатып алуулар үчүн көптөгөн документтер жана убакыт керек болуп, жергиликтүү бийликтин ишине тоскоолдук кылууда.

Учурда коомдук талкууга коюлган мыйзамды депутаттар Улукбек Ормонов, Сайдулла Нышанов, Кенжебек Бокоев, Азизбек Турсунбаев жана Музаффар Исаков демилгеледи.

“Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамга ылайык, жергиликтүү бийлик кандайдыр бир товар же буюмду сатып алуу үчүн тендер өткөрүүсү зарыл жана бул процесс үч жумадан ашык убакытты талап кылат.

XS
SM
MD
LG