Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:10

Аңчылыкка жарамдуу кыргыз тайгандары саналуу гана


Kыргыздар тайганчылык өнөрдү байыртан барктап, муундан муунга мурастап, табын билип таптап, аңчылыкка салып келген. Учурда кыргыздын таза кандуу тайганынын тукуму азайып, бул өнөр колго алынбай баратат.

Адистердин айтымында, жалпысынан дүйнөдө тайгандын белгилүү болгон 16 түрү бар. Башка булактарда жыйырмадан ашуун тайгандын түрү бар деп айтылып келет.Тайгандын казактын тазы, орус тайганы, польша хорты, англиялык грейгаунд, ирландиялык бөрү басар, фараон тайганы аталган фенель талибь кебек, ооган тайганы жана башка түрлөрү адистердин көңүлүн буруп келет.

Кыргызстанда таза кандуу тайган табыш кыйын болуп келген. Адистердин баамында, өлкөдө аргындашкан тайгандын элүүгө жакын түрү бар.

Тайганчылыкты калыбына келтирип, кыргыз тайганын тукумун иликтеп “Салбуурун” аттуу аңчылык федерациясын түзгөн Алмаз Акундун башкы максаты - кыргыз тайганынын тукумун сактап, дүйнөгө даңазалоо.

Ал кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрү, артыкчылыктары жана аны таптоодогу кемчиликтер тууралуу мындай деди:

-Кыргыз тайганынын 67 ченеми бар. Учурда дүйнө жүзүндө таза кандуу асыл тукум кыргыз тайганынын 120сы гана катталган. Анын ичинде кыргыз жергесинде 60ка жакыны гана калган. Ал эми миңден ашуун тайган кыргыз тайганы менен каны аралашып, аргындашкан түрү катары катталган. Кыргыз тайганынын тукумун сактап калуу зарыл. Себеби, биздин тайгандар тоо-ташта, түздө, токойдо болобу ылдамдыгы, чапчаңдыгы, шамдагайлыгы, күчтүүлүгү, чыдамкайлыгы, кайраттулугу, көк жал жүрөктүүлүгү менен кескин айырмаланып келген.

Тайганчылардын айтымында, башка түрдөгү тайгандар бир жолу аңчылыкка чыгып келгенден кийин жүрбөй чарчап калат. Ал эми кыргыз тайганы күн сайын табында болуп, 7-8 күн удаасы менен чаалыкпай ууга чыга берет. Кыргыз тайганы карышкырга тайманбай каршы туруп, алып тынат. Анан дагы бир өзгөчөлүгү кыргыздын тайганы гана из кууп, жыт искеп, аң уулайт. Башка тайгандар из куубайт. Көз алдындагы олжосу далдаа жерге кирип кетсе, кууганды токтотот. Ал эми кыргыз тайганы из кууп артынан калбай жүрөт.

Чынында өлкөдө тайганга кызыккандар саналуу гана. Учурда Кыргызстандагы тайгандарга чет элдиктер кызыгып, баасына карабай сатып кетишүүдө.

Жакшы мергенчилерде дале тайгандар бар. Чет өлкөлөрдөгү жарыштарда кыргыз тайганы бир нече ирет дүйнөлүк рекорд койгон дешет адистер.Ошондуктан кыргыз тайганына кызыгуу абдан күч алды. Себеби, төрт-беш жыл мурда Англиядагы эл аралык тайган жарышында кыргыз тайганы марага озуп келип, дүйнөлүк рекордду жаңырткан.

Ал эми Кыргызстанда эми тайган бааланып, барктала баштады. Белгилүү уста, мергенчи Ислам Исраиловдун айтымында, айрым кыргыздар тайгандын табын билбей, аң уулоо сезимин мокотуп, үйкүчүк кылып багып жүрөгөнү өкүнүчтүү.

Тайганды күчүк кезинен таптап, түлкүгө салуу керектигин кеминдик аксакал саяпкер Садык Ысрайыл уулу айтып, тайган таптоонун ыкмаларына токтолду:

-Тайганды күчүк кезинен урбай, жалтаң кылбай тарбиялаш керек. Тайган өзү эрке жаныбар. Өтө сылап-сыйпап эркелетсең мышыктай кылжың болуп калат. Уруп, кагып-силкип койсоң жалтаң болот. Ошондуктан балаңды кандай тарбияласаң ошондой мамиле кылып, бекем, кайраттуу кылып тарбиялоо керек. Жугунду берип баксаң, кийин жугунду алып келет, эт менен баксаң элик- теке алат. Күчүк кезинде мылтык атып, улам жакындан атып, мылтык үнүнө да көндүрүү зарыл. Чырга сүйрөтүп, түлкү куудуруп жашынан таптоо керек.

Чынында тайгандын өңү ар кандай болот. Кыргызда кара тайгандар арбын болгон. Куу, көк, күрөң түстөгү тайгандар да кезигет. Бою деле өтө бийик болгону деле мааниге ээ эмес. Таза кандуу тайгандын бою 70-80 сантиметрге барабар болуп, көкүрөгү жайык келет. Кулактары узун, шалпайып турат. Кулактарын жүнү каптап, буттарында, каптал жагында жүнү болгон тайгандар да кездешет.

Учурдагы базар экономикасынын мезгилинде айрымдар тайганды кадимкидей баалап сатып жүрүшөт.Тайгандын күчүгү эле бир жылкынын кунуна барабар. Илгери бир мыкты тайган бир айыл элди баккан деген уламыш кеп бар. Тайганы бар малчыга карышкыр, түлкү жолобойт дешет карылар.

Кыргыз тайганынын тукумун сактап, мергендерге таратууну көздөп, атайын питомник ачууну көздөгөн демилгечилер болууда. шондой эле ар жыл сайын Тоң айылында кыргыз тайганын, мүнүшкөрлүк жана жаа атуу өнөрлөрүн кайра калыбына келтирүү максатында эл аралык “Салбуруун” фестивалы өткөрүлүп жүрөт.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG