Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:02

Кийинки мезгилде Кыргызстандын маданият тармактарында Улуу Ата Мекендик согуш темасы дээрлик чагылдырылбай калды. Жаштардын бул согуш тууралу маалыматы аз.

1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш темасы - советтик мезгилде маданияттын бардык тармактарынын башкы темасы болуп, өзгөчө жаш муунду патриоттуулукка тарбиялоодо чоң милдет аткарган. Согуштагы баатырлардын эрдиги, ооруктагы элдин күжүрмөндүгү – көптөгөн чыгармалардын жазылышын шарттады.

Жусуп Турусбековдун, Жоомарт Бөкөнбаевдин, Чыңгыз Айтматовдун, Узакбай Абдукаимовдун, Бексултан Жакиевдин Улуу Ата Мекендик согуш темасындагы чыгармалары – адабиятта, театрда, кинодо, көркөм сүрөттө, музыкада, операда чагылды.

Эгемендиктин 20 жылга чукул мезгилинде мектептерде окутуу программаларына айрым өзгөтүүлөр кийирилгени менен, адабиятта, тарыхта согуш темасын окутуу мурдагы программадан өзгөрүүсүз окутулуп келатат.

Бирок белгилүү сынчы-адабиятчы Санарбек Карымшаковдун айтымында, Улуу Ата Мекендик согуш, андагы совет элинин жеңиши тууралуу учурдагы мектеп окуучуларынын көбү биле бербейт:

- Мектептеги балдар согуш качан болгонун деле билбей калыптыр. Жазуучуларыбыз да тарыхый романдарга көп көңүл бурушуп, Шабдан, Балбай, Боронбай өңдүү тарыхый инсандар тууралу жазышып эле, согуш темасы такыр эле жазылбай калды.

Кыргыз билим берүү академиясынын башкы адиси профессор Сулайман Рыспаевдин пикиринде, эгемендиктин эпкини советтик идеология менен кошо айрым бир асылдыктарды да “танууну”, ага жеңил кароону шарттады. Мунун өзү балдардын аң-сезимине, билимине таасирин тийгизбей койгон жок:

- Бүгүнкү жаштардын көбү Улуу Ата Мекенлик согушка байланышкан кыргыз тарыхын, Чолпонбай, Дүйшөнкул өңдүү баатырларды билишпейт.

Албетте совет учурунда Улуу Ата Мекендик согуш темасы – элдин, улуттун тагдыры, эрдиги, жеңиши катары окутулуп, жайылтылып келсе, Союз урагандан кийинки эгемендик жылдар ичинде согуш темасы, анын тарыхый чындыгы четирээк калып, мектептерде тек гана көркөм чыгарма катары, андагы баатырлар болсо чыгарманын бир каарманы катары каралып калды.

Андыктан Сулайман Рыспаевдин пикиринде, Улуу Ата мекендик согуш темасын мектептерде улут тарыхы, улут тагдыры катары кеңири окутуу зарыл:

- Согуш темасын окуп-билүү – жаштарга Ата Мекенди, элдин рухий каада-салттарын жана дагы башка асылдыктарын коргоого тарбия берет.

Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш темасы кыргыз театр сахналарында – Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу”, “Жамийла”, “Бетме-бет” повесттеринин, Бексултан Жакиевдин “Атанын тагдыры” пьесасынын негизинде коюлуп келди.

Кыргыз Республикасынын эл артисти Замир Сооронбаев кийинки учурда согуш темасы Кыргыз театр сахналарында дээрлик сахналаштырылбай калганын айтат:

- Биздин репертуарыбызда согуш темасындагы ошол мурдагы эле спектаклдер бар. Алар да кийинки учурда көп коюлбай калды. Жаңы сценарийлер болсо, сахнага алып чыгууга аракет кылмакпыз.

Канткен менен согушту көрбөгөн, аны чоң ата-чоң энелеринен гана уккан жаңы муун пайда болду. Согуш темасы кыргыз киносунда дале болсо негизинен Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары аркылуу чагылдырылды.

Киноадистеринин пикиринде, бүгүнкү күндө согуш темасы кыргыз киносунда гана эмес, маданияттын бардык тармактарында – түздөн-түз согуштун өзү эмес, согуштун элеси, анын тактары, жаңырыгы, сабактары катары жаралышы мүмкүн.

Кыргыз кино департаментинин директору Абибилла Пазылов ага карабай жаш кыргыз кинорежиссерлору кыргыз баатырларынын Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиктери тууралу фильм тарткылары келип, каражат таппай жүрүшкөнүн кабарлады:

- Каридин Акматалиев деген жаш режиссерубуз “28 Баатыр жөнүндө уламыш” деген сценарий жазып, фильм тартсам деп жүрөт. Бирок бул Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын чоң биргелешкен чоң көмөгүн талап кылат. Чолпонбай Түлөбердиев тууралуу да сценарий жазылган. Буга да акча каражат керек. Бирок аракеттер бар. Ошол эле Дүйшөнкул Шопоков, Тукубай Тайгараев, Самат Садыков жана башкалар жөнүндө кинотасма жаратуу алдыда колго алынышы керек деп ойлойм.

Кыргыз профессионал музыкасында, өзгөчө операда Улуу Ата Мекендик согуш темасы композиторлор Калый Молдобасановдун, Муратбек Бегалиевдердин чыгармалары аркылуу чагылдырылды. Көп жылдардан бери композиторлордун арсында бул темага кайрылгандар болбой келсе, кечээ жакында Улуттук консерваторияда жаш композиторлордун согуш темасындагы чыгармаларынын сынагы өттү.

Бул тууралуу Консерваториянын ректору Муратбек Бегалиев буларды айтты:

- Дегеле соңку 20 жыл ичинде мындай сынактар өтпөй калган. Жаштарыбыздын согуш темасына кайрылышы, бизди кубантты. Чыгармалар да чынында мыкты экен.

Ал эми кыргыз көркөм сүрөт өнөрүндө Улуу Ата Мекендик согуш темасына белгилүү сүрөтчүлөр Чуйков, Айтиев, Ильина, Михалев, Флекман, Кадралиевдер кайрылган. Өзгөчө Жоомарт Кадралиевдин Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин дзотко төшүн тосуп берген элесин түшүргөн картинасы өтө таасирлүү тартылганы көрөрмандар ичинде айтылып келет.

Кыргыз көркөм сүрөт музейинин директору, эл сүрөтчүсү Юристанбек Шыгаев ансыз да азайып бараткан согуш ардагерлерин көркөм сүрөткө алууну тез арада колго алуу керек деген ойдо:


- Сүрөтчүлөр согуш ардагерлерин мурун тартып келсек да, кийинки учурда биз бул ишти көңүлдөн сырт калтырган экенбиз. Кечээ бизге ардагерлер тобу кайрылып, “неге бизди тартпай калдыңар” деп, уят кылбадыбы. Биз бул ишти колго алууну кечиктирбей баштайбыз.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG