Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

Өзбекстан менен газ боюнча сүйлөшүүлөр башталат


Кыргызстан Өзбекстандан газды буга чейинки баасынан жүз долларга арзан – 140 доллардан сатып алууну көздөөдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызгаз" акционердик коомунун жетекчисинин орун басары Нурлан Жайлидинов билдирди. Келерки жылга газ сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жакында башталары айтылууда. Өзбекстан Тажикстанга газ баасын кескин көтөргөнү жатканда кыргызстанга арзан сатышы мүмкүнбү?

“Азаттык”: Келерки жылга газ боюнча сүйлөшүүлөр качан башталат?

Нурлан Жайлидинов: Негизи мурунку жылдары 15-20-декабрларда сүйлөшүүлөр жүргүзүлчү. Быйыл деле ушул убактарда баштаганы жатабыз. Ушул же келерки аптада биздин жетекчилик барат го.

“Азаттык”: Кыргызстан быйыл газды кайсы баада алганы жатат? Былтыркыга салыштырмалуу баада өзгөрүүлөр болобу?

Нурлан Жайлидинов: Арзаныраак деп сурап жатабыз. Азыр биз газды 240 доллардан алып жатабыз. Кийинки жылга 140 доллардан сурап жатабыз.

“Азаттык”: Азыр Кыргызстан газ үчүн Өзбекстанга канча карыз?

Нурлан Жайлидинов: Бүгүнкү күндө биз эки жарым миллион долларды төлөдүк. Азыр 950 миң доллардын тегерегинде карызбыз.

“Азаттык”: Бул карызды кайсы булактардын эсебинен кутулганы жатасыздар?

Нурлан Жайлидинов: Бизге карызы бар мекемелер бар. Ошолордон алып беребиз.

“Азаттык”: Азыр ишканага болгон элдин карызынын көлөмү кандай?

Нурлан Жайлидинов: Так айта албайм, бирок карыздар көп. Болжол менен 220 миллион сомдун тегерегинде болот го. Эми булар баягы ай сайын келе турган акча.

“Азаттык”: Азыр Ошто газга болгон карызды кечүү маселеси тууралуу маалыматтар айтылып жатат. Элдин карызын кечкени жатасыздарбы?

Нурлан Жайлидинов: Ал башкача. Биз карыздары барларга айып акы төлөтөбүз да. Эгер карызы барлар жаңы жылга чейин келип төлөп кетсе, биз буга чейинки чогулган айып акыны кечебиз. Азыр жалпы карыз 64 миллиондой. Мындай акцияны биз элге жардам иретинде бир нече жолу өткөрдүк. Ал эми карыздар толук соттун чечими менен чечилет. Мисалы сот төлөй албайт деп чече турган болсо, ошол керектөөчүнүн карызын кечебиз. Биз азыр төлөбөгөндөрдүн ар бирине алдын ала эскерүү каттарын жөнөтүп жатабыз.

“Азаттык”: Азыр Өзбекстан бизге сунуштай турган баа туурасында бир алдын ала маалыматтар барбы?

Нурлан Жайлидинов: Жок. Барганда белгилүү болот го.

“Азаттык”: Сиздердин ишкана азыр кышкы жылуулук сезонуна толук даярбы?

Нурлан Жайлидинов: Толук даяр.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG