Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:06

Б. Мамбетов: Ташкендин дооматы суу кечпейт


Кыргызстан суу ресурстарга бай, бирок анын пайдасын негизинен коңшулары көрүп келатат
Кыргызстан суу ресурстарга бай, бирок анын пайдасын негизинен коңшулары көрүп келатат

Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушуна өзбек бийликтери каршылык билдирүүдө. Мындай дооматтарды негизсиз деп эсептеген Кыргызстандын мурдагы вице-премьери, суу-энергетика маселелери боюнча адис Базарбай Мамбетов "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

- Базарбай мырза, өзбек парламенти Камбар-Ата ГЭСтеринин курулушуна каршы чечим чыгырышыптыр деген да маалыматтар бар. Өзбек тараптын мынчалык кооптонуусуна негиз барбы?

- Кийинки убактарда өзбек туугандарда фантазиялык элестетүүлөр аябай көп болуп жатат. Ошолордун бири дагы эч нерсеге татыбайт. Кыргызстанда өзүбүздүн суу ресурстарды кандай колдонобуз-колдонбойбуз, Камбар-Атаны курабызбы- курбайбызбы бул биздин өзүбүздүн эгемендүү укугубуз.

Эгерде жаратылыштын шарты боюнча өзбектер суу жагынан бизден көз каранды болсо, андан эч кандай уялып, айбыгуунун кереги деле жок. Биз уялбай эле алардан көз каранды болгондон кийин, алардан газ, нефть, көмүр сатып алып жатпайбызбы.

Экология боюнча бул жерде эч кандай проблема жок. Биз Нарын жана башка чоң дарыялар боюнча келип аткан суулардын көлөмүн жылы бою ошол эле бойдон Өзбекстанга өткөрүп, Арал деңизине барсын деген аракет менен бир дагы жыл токтопой берип турабыз.

-Өзбек президенти Ислам Каримов Казакстандын, Түркмөнстандын башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Бишкек менен Дүйшөмбүнүн гидроэнергетикалык иш аракеттерине каршы турууга чакырык таштагандыгы тууралуу маалыматтар айтылууда. Мунун арты эмне менен бүтүшү мүмкүн?

- Бул жерде урматтуу Каримовго туура эмес маалыматтарды беришип, Камбар-Ата ГЭСтери, же болбосо Тажикстанда Рогун ГЭСтери жөнүндө маалыматтар туура берилбей, ал кишиде ар кандай ойдогу маанилер чыгып жатат. Бирок мамлекет аралык мамилелерде деле бул көп зыян келтирбейт деп ойлойм.

Кептин баары Өзбекстан, Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстан чогуу бир столго отурушуп, жакшы кеңешип, туура чечип алууда турат. Эгерде биз сүйлөшүп алып, макулдашып чечсек, Борбор Азиядагы суулардын ресурстары ушунчалык көп, баардыгыбызга жетет. Кептин баары бири-бирибиз менен сөз табышта.

- Кыргызстан демилге көтөрүп келаткан сууну сатуу маселеси коңшу мамлекеттерден колдоо табаар бекен?

- Бизде кээ бир саясатчылар сууну литрлеп сатабыз Өзбекстан менен Казакстанга дегени бул туура эмес сөз. Эгерде суу тарыхый нугу менен кетип атканда эч кандай сатыш жөнүндө сөз болбош керек.

Эгерде биз дарыянын нугуна суу сактагыч куруп, ошол суу сактагычка кышында сууну сактап, кармап, анан жайында убагында берсек, бул дүйнөлүк практикада кызмат деп аталат. Ошол кызматка Өзбекстан, Казакстан төлөшү керек Кыргызстанга болсун, Тажикстанга болсун.

- Борбор Азия чөлкөмүндө “суу согушу” тутанып кетиши мүмүкүн деген божомолдорго негиз барбы?

- Андай негиз жок. Борбор Азиянын эли бир тууган эл, миң жылдап бирге жашап, бир дарыядан суу ичип келген. Биздин өкмөт башчыларыбыз ошондой кыянаттыкка суу боюнча жол бербейт, алардын акылдары жетет.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG