Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:11

Орусия президентинин Өзбекстанга болгон расмий иш сапарынын учурунда суу маселеси да талкууланды. Расмий Ташкен гидрокурулуштарды коңшу өлкөлөрдүн макулдугу менен жүргүзүү талабын коюуда.

Орусия президентинин Өзбекстанга расмий иш сапарынын негизги жыйынтыгы газ маселесинин чечилиши болду окшойт. Расмий Ташкен “көгүлтүр отунду” Орусияга сатышка куштар экенин ырастап, анын эсесине чөлкөмдөгү ортолук суу проблемасын чечүүдө колдоо көрсөтүшүн билдирди. Орусиясыз деле Өзбекстан президенти Тажикстан менен Кыргызстан ири гидрокурулуштарды баштар алдында Ташкендин да мамилесин билип коюшу керектигин такай эскертип келатат. Аны Ташкенде Орусия президенти Дмитрий Медведев да ырастады.

- Аркыл глобал долбоорлор, анын үстүнө гидростанция курулушу сыяктуу иштер коңшулардын пикирин эске алуу менен жасалышы керек.

Ошондон айрым байкоочулар Орусия президентинин Өзбекстанга расмий иш сапарынан кийин орус өкмөтү Кыргызстанга убада кылган 2 миллиард доллар кредити берилбей деле калышы мүмкүн экендигин айтууга өтүштү. Анын үстүнө Орусиянын карыз акчасынын кандай шартта берилиши да көпчүлүккө азырынча белгисиз. Мурунку Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгуловдун болжолунда Орусия карыз акчасы кайтарылгыча “Камбарата – 1” ГЭСине өзү ээлик кылышы мүмкүн.

- Бул карыздын баары кайтарылганга чейин “ушул акчага курулган ГЭСтин баары орустун мүлкү болот”, деген шартты коюшу мүмкүн. “Акчаңарды кайрып бербесеңер мүлк биздики, жаңы курулган ГЭСтер биздики, карызыбызды кайтарып берсеңер силерге өтүшү ыктымал”, деген шарт коюшу ыктымал. Андай болсо биздин суу байлыкка, иштеп чыккан электр байлыкка кимдер ээлик кылат? Анда орусуң ээлик кылат.

“Камбарата” ГЭСтерин курууга орусиялык, казакстандык инвесторлор каражат бөлүүгө куштар экени көптөн бери эле айтылып келатат. Бирок да каржылык кризис шаштысын алган казакстандык ишкерлердин Кыргызстандагы эң ири ГЭС курулушуна катышууга буямасы келбей, кийинки кездери В.Путин президент кезинде убада кылган орусиялык 2 миллиард доллар кредитти алуунун амал-аргасы жасала баштаган. Ал кредиттин тагдыры минтип арасат каларын эч ким ойлогон деле эмес. Парламент депутаты, “Акжол” фракциясынын мүчөсү Табылды Орозалиев Кыргызстан коңшулардын кабак-кашын карабай өзүнүн экономикалык саясатын жүргүзүшү керек деп эсептейт.

- Биз эч кимден сурабашыбыз керек. Өзүбүздүн аймагыбызда эч кимден сурабай эле курушубуз керек.

Кыргызстандын мурунку Тышкы иштер министри Эднан Карабаев Кыргызстан ортолук суу боюнча эларалык конвенцияга кол койбогонун эскертип, Борбор Азия өлкөлөрү суу маселесинде Европа хартиясын эске алышы жөндүү болор эле деген пикирин билдирди. Анын ырасташынча, европалыктар ортолук сууга ээлик кылуу укугун гана камсыз кылбастан, аны экологиялык жактан таза сактоо милдетин да өздөрүнө алышкан.

- Бизде да суу саясатында бири экинчисине байланыштуу деген принцип болушу керек. Эгер ал укуктук жагынан ырасталса, ортодогу талаштуу маселелерди чечүүнүн механизми, ыкмасы табылар эле.

Э.Карабаевдин ырасташынча, Кыргызстандагы көпчүлүк суу сактагычтар коңшу өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыгына иштейт. Токтогул суу сактагычынын алдында калган айдоо аянттарынын ордун эч ким толтуруп берген жок.

Өзбекстан президенти тарабынан дамамат айтылып келаткан пикирге карата азырынча кыргыз бийлиги өз мамилесин билдире элек. Учурда Бишкек аткаруу бийлигин жаңылоо аракети менен алектенип, аткаминерлерди бир орундан экинчисине которуу менен алек.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG