Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:56

Аккан суунун азары


Бишкекте суу проблемаларына арналган илимий жыйында кыргыз өкмөтүнүн суу боюнча саясаты жоктугу, Улуттук кеңеш ишинин натыйжасы көрүнбөй жатканы белгиленди.

Суу маселеси өлкөнүн коңшулар менен мамилесиндеги курч маселеге айланып кеткенине Кыргызстандын тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Жылдыз Сарыбаева токтолду.

- Ушу тапта Өзбекстан такай маанилүү мамлекеттик иш-чараларда Кыргызстан кошулбаган эл аралык конвенцияга таянып келатат. Ошондуктан өтө эле көп каршылыктар, өтө эле көп түшүнбөстүктөр болууда.

Симпозиумда суу маселеси талкууланды

Коңшу өлкөлөр ортосундагы суу боюнча түшүнбөстүктөрдүн тамыры тээ социализм заманынан башталарын Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун директору Жеңиш Жунушалиев “Азаттыккка” берген маегинде момундайча ырастады:

- Эгерде бир жерде элинин саны тепетең болсо дайыма өзбектердин же тажиктердин пайдасына чечилген. Себеби ал кезде ушундай бир ураан бар болчу: “СССРдин пахтага болгон көз карандысыздыгын жоюу” деген. Ал кезде Орусия пахтаны Америкадан, Мисирден алып келип турушкан. Биздин жерде болсо аны өзбектер менен гана тажиктер өстүрүшкөн. Кыргыздар кийин колхоздоштуруу болгондон кийин планды аткарыш үчүн аргасыздан пахта өстүрүп кетишкен.

Илимий жыйында “Мөңгү” коомдук фондунун жетекчиси Үрүстөм Кабылбеков мөңгүлөрдү сактоо зарылдыгына токтолду:

- Кыргызстандын экономикасын көтөргөнгө мөңгүлөрдүн чоң орду бар.

Кыргызстандын суу чарба департаментинин жетекчи орунбасары Эсен Жусубаматов өлкөнүн суу сактагычтарында топтолгон байлыктын 11% гана пайдаланыларын, анан да 2 миллиард кубометр суу сугатка жетпей эле жок болорун маалымдады. Республикада сугат аянттары 1 миллион 20 миң гектир жерди түзөт. Социализм заманында Кыргызстан 13 миллиард кубометр сууну пайдаланган. Эгемендик заманында өлкө алдагыдай көрсөткүчкө жете албай келатат. Э.Жусубаматовдун ырасташынча, суу жетишерлик.

- Суу боюнча, суунун булагы боюнча бизде таңкыстык жок. Жалпысынан айдоо аянтына санап келгенде дагы, элдин санын эсептеп келгенде дагы, айылдагы, шаардагы калктын санын эсептеп келгенде дагын, же болбосо өндүрүштү эсептей келгенде да суу жетет, андан да көп кетип жатат. Бирок бул жерде туура пайдалануу керек.

Суу чарба жетекчисинин алдагыдай көңүлток билдирүүсү Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары институтунун директору, академик Дүйшөн Маматкановдун сынына кабылды. Анын маалымдашынча, советтик учурда бөлүнгөн суу азыркыдан кыйла көп, тактап айтканда 1 миллион 77 миң гектир жерди сугарууга жетчү.

- Суу чарба департаментинин өткөн жылкы отчетунда сугатка делген суунун көлөмү 6 миллиард кубометр деп жүрөт. Мурда 13 миллиард кубометр суу пайдаланса эми 6 миллиард. Демек, сугат жерлердин 50% сугарылбай калып жатпайбы.

Дүйшөн Маматканов “суу жетиштүү болсо анда эмне үчүн энергетикалык кризиске капталып отурабыз” суроосун кошумчалады. Академиктин ырасташынча, суу чарба жетекчилери ведомстук кызыкчылыктан ары көтөрүлө албай, тармактын абалына чындап жаны ачыган жан жок. Мамлекеттик кызыкчылыкты жогору коюу аракети байкалбайт. “Ошон үчүн бирдиктүү суу идеологиясы жок. Андай идеологиянын чыгышына булар тоскоол болушууда”, деп айтты Д.Маматканов.

XS
SM
MD
LG