Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:44

Баш кошуу үчүн тогуз саны тогошкон күндү тандап алган жаштардын саны күтүлгөндөн алда канча аз болду.

Нуркыз менен Тимур дал ушул тогуздар тогошкон күнү нике күбөлүктөрүн колго алышты. Алар жүз жылда бир келчү датаны өздөрүнүн бактылуу күндөрү катары кабылдашып, жүз жыл чогуу кол кармашып жашайлы деп тилек кылышкан.

Нуркыз: - Мен кичинекей кезимен эч нерсеге деле ишенбей жөн гана 09.09.09 же сегиз сандарында үйлөнсө эмне болот деп ойлоно берчүмүн. Бирок окшош сандар жакшы нерсе экен. Бул жүз жылда бир жолу келчү дата болгондуктан, биз дагы жүз жыл чогуу өмүр сүрөлү деп тилек кылдык.

Ал эми Азамат менен Аэлита да баш кошууга ушул күндөрдү тандап алышты. Алар бул күндү эки жыл күтүшкөн. Буга чейин алар Москвада кыз-жигит болуп жүргөн чакта эле тогузунчу жылдын тогузунчу айында, тогузунчу күнүндө баш кошууну ниет кылышкан. Бүгүн эки жаштын максаттары орундалып, нике күбөлүгүн дал ушул күнү колдоруна алышты.

Жакшылыктын күбөсү болуп жүргөн Арсен Мамбетакуновдордун үй-бүлөсү бул күндү баш кошуп жаткан балдары үчүн “көп бала алып келсин, тогуздап мал алып келсин” деген максата тандап алган:

- Биздин убагыбызда мындай даталарга көңүл бурмай жок болчу. Бирок азыркы жаштардын ой жүгүртүүсү башкача да. Жаштар ушул күндү каалады, биз колдоп бердик. Кыргызда жети, тогуз сандары жакшы сан деп эсептелинет. Анын үстүнө жүз жылда бир келчү дата болуп жатпайбы.

Бакыт өргөөсүнүн башкы адиси Ламира Нурхалиеванын айтымында, Бакыт үйүнүн адатта мындай иш күндөрү баш кошкондордун саны өтө аз болот же таптакыр болбойт. Бирок дал ушул тогузунчу жылдын тогузунчу айынын тогузунчу күнүн тандап алган жаштардын саны бүгүн 20га жетти.

- Жетинчи, сегизинчи жылдарга караганда быйыл баш кошкондордун саны үч эсе аз. Анын үстүнө бүгун жумуш күнгө туш келип калды. Биз жаштар кайсы күнү баш кошпосун бактылуу жашап кетишсе деп эле тилейбиз.

Кыргыздар өзгөчө маани берген жети сандары тогошкон күнү 55 түгөй баш кошкон, ал эми сегиз саны тогошкон жылы же былтыр баш кошкондордун саны 67ге жеткен. Бул күндөр дем алыш күндөрүнө туш келгендиктен да үйлөнүү тойлорунун саны көп болгон. Ал эми айрымдар тогуз саны Орозо айына туш келгендиктен быйылкы баш кошуулардын санына таасирин тийгизди деген ойлорун билдиришти.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG