Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:07

Он сандары тогошкон күндүн той-салтанаттары


Тогошкон күнү баш кошкон түгөйлөр, 10-октябрь, Бишкек.
Тогошкон күнү баш кошкон түгөйлөр, 10-октябрь, Бишкек.

2010-жылдын 10-октябры он сандары катар келген күн болуп саналат, ошондуктан бул күндү ырым кылып баш кошкон жаштар Кыргызстанда көп болду.

Соңку кездерде жаштар арасында сандар окшош келген даталарда баш кошуу салтка айланууда. Бүгүн да Бишкек шаарындагы Бакыт өргөөсү демейдегисинен шаңдуу жана баш кошкондордун саны да арбын.

Данияр
менен Рыскүл да бүгүнкү үч он саны катар келген күндө баш кошууну бир жыл мурда пландаштырган. Эми алардын максаттары орундалып, турмуш жолуна бирге аттанып жаткан чагы.

- Биз ушул күндү атайын тандап алдык. Анткени 10.10.10 деген өмүрдө бир эле жолу келет экен. Эстеликке калыш үчүн тандап алдык. Биз бир жылдан бери ушул күндү пландаштырып жатканбыз. Биз абдан бактылуубуз, - деди Данияр.

Эки жаш бүгүнкү күн Кыргызстандын тагдыр чечер шайлоо күнү менен дал келип жатканын да өзгөчө эсте калаарлык күн деп эсептешет. Алар өздөрү катталган шайлоо бекетине барып добуш берүүгө да жетишишти.

Бакыт өргөөсүнүн башкы адиси Ламира Нуркалиеванын айтымында, бүгүн баш кошкондордун саны отуздан ашты. Негизи эле үч жети саны туура келген жылдан тартып жаштар арасында бул салтка айланууда.

- 10.10.10, бир убакта 07.07.07 санында баш кошкондор көбөйдү эле. Негизинен ушундай даталарга көңүл буруу ушул жети сандарынан башталды. Балдар жакшы ниет кылып ушул кундү тандап алышты. Бактылуу болушсун. Анын үстүнө азыр күз мезгили, дем алыш күн ошол себептүү да баш кошкондордун саны көп.

Бул күнү баш кошкондордун арасындагы Канат менен Асель мындан туура бир жыл мурда таанышкан. Алар таанышкан күндө баш кошууну максат коюп, бүгүн ал ишке ашып отурат.

Ал эми бүгүн үйлөнүп жаткан Даниярдын ата-энеси да 1987-жылы дал ушул күнү баш кошкон экен. Ошол себептүү да алар баласынын 10-октябрды тандап алганын кубатташты. Негизинен кайсы күн болбосун баары баш кошуп жаткан жаштарга бакыт, өлкөгө тынчтык каалап жатышты.

- Негизинен кыргызда бул күн улуу, башка күн кичүү деген жок. Бирок жаңы замандын да көрүнүшү болуп атат. Анан биз да илгери 23 жыл мурда ушул күнү катарга туруп баш кошконбуз. Ошого да туура келип атат. Башкысы балам менен келиниме бакыт, өлкөгө тынчтык каалайбыз, - деди биздин маектеш Түгөлбай мырза.

XS
SM
MD
LG