Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Улуттун башына оорчулук түшүп, өлкө тагдыры калтыс турган чакта негедир чыгармачыл интеллигенциянын үнү угулбады. Калкы алдастап турганда калыс сөзүн айта албады. «Азаттыктын» бүгүнкү "Бетме-бет" талкуусунун катышуучулары мына ушул теманын айланасында ой бөлүшөт.

Студияда жазуучу Мамат Болот, Кыргызстан эл сүрөтчүсү Жоомарт Кадыралиев, Улуттук жазуучулар биримдигинин төрагасы Абдырахман Алымбаев (Байас Турал) отурушат.

Булбулдун үнү катканда

- Ушундай кысталыш кырдаалда интеллигенция үнү угулушу керек эле. Мамат аке, кыргыз жазуучуларынын үнү бул ирет угулбады. Анын себеби эмнеге байланыштуу болду?

Мамат Болот: Кыргыз жазуучуларынын үнү 19 жыл мурун басылган. Ошондон бери элдин тагдырына инсандык үнүн кошо албай келатышат. Бул жагынан 20-кылымдын эң улуу жазуучуларынын бири Ч.Айтматов деле өксүгөн. Дүйнөлүк атак-даңктагы жазуучу антип айта албай өтүп кеткенден кийин аарычылар менен коенчуларга теңелген Жазуучулар биримдигинин калган жазуучулары жөнүндө сөз кылып да кереги жок. Материалдык колдоо, мамлекеттик камкордуктан ажырагандан кийин кыргыз жазуучулары жакырланып, люмпендешип кетти.

- Жоомарт мырза, чыгармачыл интеллигенциянын үнү угулбай калышынын себебин сиз кандай шартка байланыштуу түшүндүрөсүз?

Жоомарт Кадыралиев: Булар бакма болуп калган. Анан эгемендик келип замандын, доордун кыйчалыш учурлары келгенде минтип тайсалдап туруп калышты. Алардын арасында мүнөзү курч адамдар чанда экен. Чыгармачылыктын түйшүгү менен алектенип, сыртка чыкпай калат экен. Бирок алардын арасында коомдук турмушка аралашып жүргөндөр деле бар. Чыгармачылыктан мурун адам болушу керек го. Күнөөнүн баары ошол чыгармачылык адамдардын өзүндө. Жалпы интеллигенция бакмалыктан чыгышы керек эле.

- Абдырахман мырза, Улуттук жазуучулар биримдигин жетектегенге чейин ой-пикириңизди айтып турчу элеңиз. Кийин унчукпай кеттиңиз. Анын себебине токтоло кетесизби?

Абдырахман Алымбаев: Үнүм биротоло чыкпай калган жок. Бирок убакыттын көбү уюштуруу иштерине кетип, ошо менен алектенип жатам. 19-кылымдагы орустун дворян тектүү классиктеринин бири Н.Некрасов: “Акын болбосоң болбой эле кой, бирок гражданин болушка милдеттүүсүң!” деп айтып кеткен го. Коомдук милдетибизди аткаруу жагынан кыйла эле аксап, иш солгундап кетишинин жөн-жайы бар. Кечээ социализм заманында көркөм интеллигенциянын эмгеги бааланып, иштөөсүнө шарт түзүлүп турган. Алардын жараткандары коммунисттик идеологияга кызмат кылып келсе, бүгүнкү күндө экономика, курсактын проблемасы алдыга чыгууда.

КМШда биздин республикада гана Маданият министрлиги жоюлуп, бизде гана 3-4 жазуучулар биримдиги түзүлдү. Азыр жазуучулар мамлекет камкордугуна алынбайт, тыйын бөлүнүп берилбейт. Китеби мамлекет эсебинен чыкпайт. Карапайым эл арасында деле китеп окубай эле бай жашаса болот экен деген түшүнүк калыпташып калды. Интеллигенциянын айрым өкүлдөрү өз пикирлерин билдирип атат. Бирок жапырт бир уюм катары чыгыша элек. Себеби бул коомдук уюмдардын өзү азыр бар менен жоктун ортосунда жашап жатышат.

“Алтын капасты” каалоочулар барбы?

- Мамат мырза, социализм көркөм интеллигенциянын “алтын капас” доору катары сыпатталып келатат. Азыр деле ошол “алтын капасты” кайтаруу, ошондо жашоо кусалыгы күчтүүдөй сезилет.

Мамaт Болот: Болсо болгондур. Коммунисттик партиянын чыгармачылык уюмдардын иши боюнча өзүнчө доктринасы бар болчу. Бирок ошол “алтын капастан” Михаил Шолохов, Алекстандр Твардовский, Мухтар Ауэзов, Чыңгыз Айтматов чыккан. Анын бир жерин бузуп алып дүйнө, аалам кең экенин билип, капаска карабай иштеген улуу инсандар дүйнөлүк адабиятты жараткан. Азыр ал капасты таланттан куржалак калгандар гана эңсебесе башкалар ойлоп деле коюшпайт. Чыныгы талант бул беш-он күндүк дүнүйөнүн алтын-күмүшүнө азгырылбайт. Ал аалам, космос, Жараткан алдындагы кудурет-күчүн, чыгармачылык мүмкүнчүлүгүн ачып алууга болгон күчү менен аракет кылат. Утурумдук азгырыктарга алданган, конъюнктурадан чыга албаган адамдар мурда да болгон, кийин деле болуп жатат. Алтын табакка салынган казы-карта, чучукка байланбагандар гана чыныгы таланттар деп ойлойм.

- Жоомарт мырза, ошондой камкордуктун жоктугунан көпчүлүк сүрөткерлер пассивдүү позицияга өтүп кетти. Анын себеби эмнеде?

Жоомарт Кадыралиев: Мен өз “туугандарымды” күнөөлөгүм келбейт. Бул учурду башыбыздан кечиришибиз керек эле кечирип жатабыз. Чыгармачыл адамдар көбүнесе иши менен алектенип, сыртта болуп жаткандарга кийлигишип убакты-саатын коротууну жактыра беришпейт. Ач айкырык, куу сүрөөндөргө чуурулуп эле чыга беришпейт. Мына шайлоо болгону жатат. Той болот, тойдун эртеси да болот. Кезек эми элге, чыгармачыл интеллигенцияга келди. Азыр шайлоого көбүнчө кызыл кулактар, сүткорлор барып жатат. Алар да келет-кетет. Кудай буюрса интеллигенцияга кезек келет. 2011-жылы ушулардын иши жүрүшөт. Аны мен көзү ачыктык кылбай эле айтып коеюн. Кыргыз отурукташканына 100 жыл толо элек. Кыргыз элинин кезеги эми келди. Чыгармачылык инсандарга да убакыт жетти. Биз жаңы доорго даяр болуп калдык. Эл менен кошулуп ушул учурду колдон учурбайбыз го деген менин тилегим бар.

- Абдырахман мырза, кезек келдиби?

Абдырахман Алымбаев: Чыгармачылык адамдар үчүн кезек доорго байланыштуу. Анан да ал чыгармачылык инсандын дүйнө кабылдоосуна жараша. Рухий дүйнөдөн жаралган эмгекти базарга салып жаткан учурда бир нерсени дайыма эске алышыбыз керек. Мен сен айткан “алтын капаска” салып алып чыгармачылык инсандарды өкмөт бага берсин, деген жерим жок. Маселе эмгекти баалоо жөнүндө болуп жатат. Рухий дүйнөнүн азыгын баалоо ар кимдин эле колунан келе бербейт. Базарда нан менен китеп катар турса жүз кишинин 95 нанды сатып алат. Бирок биз бүгүнкү күндө китепти беш адам да сатып албай турган деңгээлге жеттик. Бул адам курсак деңгээлине түшкөнүн көрсөтөт. Туура, китеп жазыш үчүн да нан жеш керек. Бирок рухий нерсе жөнүндө ойлонгондо ошол 95 адам нан менен китепти да сатып алчу деңгээлге жеткирбесек коомду эртең кандай абалга капталтабыз? Батыш Европа 16-кылымдан тарта окумуштуу менен жазуучусун өзгөчө кадырлай башташкан. Жазуучунун жазгандары менен улутун тарбиялап, окумуштуунун ачылыштарын өндүрүшкө салып, ушул экөөнүн негизинде базар экономикасын көтөрүшкөн. Биз бүгүн башаламан доорго туш келдик. Мамлекет чыгармачыл адамдын эмгегин баалап, анын жасагандарын элге жеткирип турушу зарыл. Мындан 4 – 5 миң жыл мурун арий деген эл илимпоздорду эч жумуш кылдырбай мамлекет казынасынын 10% ошолорго бөлүп беришкен. Ошолордун акылы менен мамлекетти башкарышкан. Бүгүн ал деңгээлге жете албай отурабыз. Сүйлөшчү, талкуулай турган маселелер бизде көп.

- Анда эмесе кебибизди жыйынтыктасак. Мырзалар, сиздерге ырахмат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG