Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:39

Абак турмушун байма-бай чагылдырган “Азаттыктын” кабарчысы Жаркын Суран кызы “Азаттык+” үчүн “Адам укугу” түрмөгүнөн темир тор артындагы аялдар турмушунан кеп салып берди.

-Ушу тапта, абакта отурган аялдар саны канча?

Жаркын Суран кызы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиевден интервью алууда.
- Жалпысынан алганда, абакта отурган аялдар саны жети жүзгө жетет. Бирок убактылуу кармоочу жайларда, сурак жайларында жана сырттан жазасын өтөп жаткандарды кошо алганда миңден ашып кетет.

- Сиз түрмөлөргө, абактарга байма-бай каттап жүрөсүз. Темир тор артындагы аял десе эле мындай кылмышкер, өзүн-өзү анча карабаган аялзатын элестетебиз. Сиз бизге бул аялдардын бейнесин ачып бересизби? Бул аялдар кадимки турмуштагы аялдардан эмнеси менен айырмаланат?

- Биринчиден, биздин милиция кызматкерлери мындай аялдарды адам катары кабыл албайт. Ал кишинин кылмышкер экенин сот аныктайт да. Сотко чейин эле бир нерсеге шектелип келген адамды кылмышкер катары кабылдап, ошо боюнча тергөө кете берет. Аял жаратылышынан үлбүрөк, аябай назик да. Ички дүйнөсүндө, табитинде алар ушундай таза келишет.

Түрмөдө жаткан аялдар менен эркиндиктеги аялдарды бирдей эле караса болот. Темир тор артындагы эркектер менен аялдарды салыштырып караганда, аял түрмөгө түшсө анын жанында бир үй-бүлө талкаланып, бала-чакасынын тамырына чейин доо кете турган ахыбалга алып келет экен да. Аялдар өзгөчөлөнүшөт экен да. Түрмөдө жатып алып да бала-чакасын ойлошот. Түрмөдө жатып алып, балдарына болгон камкордуктарды жасашат. Бирдекелерди токуп, жасап.

- Негизи эле түрмөлөрдө канча жаштан канча жашка чейинки кыз-келиндер отурушат? Алардын жаш курактарына токтоло кетсеңиз.

- Бизде аялдарды эч жаш курагына карабай соттогон кырдаал бар экен. 13-14-15-жашар кыздарды жашы жете элек, соттобош керек деген мыйзамга карабай соттоп койгон учурлар бар. Экинчиден, 70-80-жашка чейинкилер да түрмөгө түшөт. Мыйзамда айтылган аларды кандайдыр бир мунапыс жолу менен бошотуп же үй түрмөсүнө кесиш керек деп. Бизде ушундай мыйзамдар аткарылбайт, жазылганы менен. 75-жаштагы аялдын абакта отурганы союз учурунда да болгон эмес деп айтышат. Мына азыр бизде Огулхан Усупова деген 75-жаштагы аял абакта отурат.

- Ушул жатта дагы бир суроо. Мына сиз айттыңыз, 13-1 4 жашар кыздар да түрмөдө отурушат деп. Анан айтыңызчы, ушул жаш кыздарды курагы өтуп калган, буга чейин эки-үч жолу кесилген аялдар менен бир жайга отургузуп койгон учурлар бар экен. Бул жаш кыздардын психикасына канчалык таасирин берет?

- Түрмө курганга мүмкүнчүлүк жок да. Ал кыздарды бөлүш керек эле. Аларга болгон тарбия башкачаарак болуш керек эле. Түрмө адамды талкалабайт, түрмө оңдойт деген тарбияны жүргүзсө, балким, алардан келечекте башкача бир аялдар тарбияланат беле. Чогуу кошуп коет. Ал жерде таптакыр, өмүр бою түрмөдөн чыккысы келбеген аялдар бар. Жашоом бүткөн деген аялдар бар. Алар кааласа-каалабаса да тигил кыздардын психикасын бузат.

- Сизге бүгүн “Адам укугу” түрмөгүнүн алкагында суроолорду узатып атабыз. Түрмөдөгү аялдарга карата адамдык укук бузуулар кандай орун алган. Мисалы, кыйноолор тууралуу токтолуп өтсөңүз.

- КМШ аймагында кыйноолор колдонулбайт деп айтылып келет. Кыргызстанда бул жаатта абал башка мамлекеттерге караганда дурус десе болот. Бирок негизинен бизде кыйноо бар. Көбүнчө тергөө учурунда. Желим баштыкты башына кийгизип, газды жөнөтүп, же болбосо көгөрбөй турган дубинкалар менен сабап, тырмактын учтарына ийне сайып, мындай учурлар бар.

Эркектерге караганда түрмөдө аялдар укуктарын талашат аябай. Ооздорун тигип, ачкачылык жарыялап. Бирок алардын эмне болуп атканы түрмөдөн чыкпайт. Аялдар эркинен ажыратылып соттолгондон кийин деле, алардын абактары укуктары бар да.
XS
SM
MD
LG