Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

Кыргыз кыз-келиндеринин кыялы жана күйүтү


8-март майрамынын алдында “Азаттыктын” түз эфирде өткөн тегерек үстөл талкуусу Кыргызстандагы аялдардын укуктарын коргоо маселелерине арналды.

Талкууга Жогорку Кеңештин депутаты Гүлнара Дербишева, “Сезим” кризистик борборунун жетечиси Бүбүсара Рыскулова жана Коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын жетекчиси Токтайым Үмөталиева катышты.

“Азаттык
”:- Бүбүсара айым, кечээ бир катар бейөкмөт уюмдар “8-март-уландысы бар” деген акция өткөрүп, анда коомчулуктун көңүлүн аялдар арасындагы өлүмдүн көбөйгөнүнө буралы дешти. Аялдар арасындагы өлүмдүн көбөйгөнүнө төрөттөн тышкары дагы кандай себептер бар?

Б. Рыскулова:
- Албетте, энелердин өлүмүнүн көбөйүшүнө бир гана төрөт эмес, көп факторлор таасир берет. Биринчиден,үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка байланыштуу психологиялык жактан жабыркоо, экономикалык басмырлоону айтсак болот. Күч колдонуп басмырлоонун негизинде капысынан эле өлүп кетпестир, бирок булар аң-сезимге таасир этчү көп факторлор.

Мына гезитти ачып көрсөк, үй-бүлөдөгү чыр - чатактан бири-бирин күч колдонуп өлтүрүп коюптур деген маалымат көп. Азыр биздин коомчулук ушуга көп көңул бурбай жатат, бирок бул эң коркунучтуу жана абдан терең иликтенчү маселе.

“Эгерде өтүгүң тар болсо дүнүйөңдүн кеңдигинен не пайда” дегендей, эгерде үй-бүлөңдө чыр-чатак болуп атса, анда биздин коомдогу болуп аткан майрамдар, бүгүнкү майрам деле эч нерсеге татыбайт.

“Азаттык”: - Гүлнара айым, Кыргызстандын аялдарынын укугун коргоо боюнча эл аралык конвенцияга киргенден кийин гендердик теңчиликти камсыз кылууну жөнгө салган атайын комиссия түзүлдү эле, азыр андай комиссия жок. Бийликтегилер гендердик теңчилик десе эле, парламентте, өкмөт курамында аялдардын саны көбөйдү дешет. Бирок кыз ала качуу, эки-үчтөн аял алуу, үй-бүлөдөгү зордук, энени бакпай таштап коюу деген кейиштүү маселелер көз жаздымда калып жатпайбы. Парламент эмне үчүн ушул жаатта мыйзамдарды кабыл алууга, мурункуларын аткартууга кош көңүл болуп жатат?

Г.Дербишева:
- Кош көңүл деле болгон жок. Парламентте атайын Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу гендердик комитет түзүлдү. Андан тышкары, сиздер билесиздер, биз 2008-жылдын апрель айында жакшынакай мыйзамды кабыл алдык, аялдар менен эркектердин тең укугу жана тең мүмкүнчүлүгү деген.

Бирок сиз айтканыңызга кошулам, чындыгында мыйзамдар жакшы жазылат, бирок ошонун аткарылышы кичине биз үчүн көйгөйлүү маселе болуп атат. Анткени жер-жерде, жалпы эле мыйзамды аткарууга тийиштүү органдар жер-жерде өтө алсыз болуп атат.

Мен ойлойм, парламентарий катары биздин көзөмөл функциябыз кичине алсыз болуп атат. Ошон үчүн аялдар үчүн кабыл алып берген жакшы мыйзамдарды биз дагы парламентарий катары жер-жерде катуурак көзөмөлгө алганга күчүбүздү жумшашыбыз керек. Бул азыр биздин алсыз жагыбыз болуп атат.

"Азаттык": - Мисал үчүн парламент кабыл алган мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлгө алуучу прокуратура тармагы да, алар менен алакаңар жоктой сезилип атат?

Г.Дербишева:
- Чындыгында биз прокуратуранын жылдык отчетун алабыз. Бирок ал жетишсиз болуп атат деп. Биз алар менен биргеликте ар бир мыйзамдын аткарылышы боюнча тынымсыз иш алып барышыбыз керек. Биз болсо бир жылда бир жолу алардын отчетун угуп коебуз дагы, бир эле баа берип коебуз, канаттандырылсын, же канаттандырылбасын деген. Бул кичине туура эмес болуп атат.

Азаттык:
- Токтайым айым, мурун мамлекеттик башкарууда аялдар аз, ошон үчүн аялдардын укугу корголбой жатат дечү элек. Азыр парламентте, өкмөттө аялдардын саны бир топ, бирок социалдык-психологиялык жактан алганда колдоо жакшырды деп ыраазы болгон бүт өлкө аймагында аялдардын саны аз. Тескерисинче, бийлиги же байлыгы бар эркектер экинчи-үчүнчү аялдыкка жаш кыздарды, аялдарды алып жатышат. Психологиялык гана эмес, материалдык жактан кемсинтүү кадимки көрүнүшкө айланып баратат. Буга эмне себеп деген ойдосуз?

Т.Үмөталиева:
- Биринчиден, ушундай оор абалдагы айымдарды келе жаткан 8-март менен куттуктап койгум келет. “Жакшы тилек - жарым ырыс” дейт, мен ойлойм келечекте биздин кыздар чоң ийгиликтерге жетишет деген тилектемин. Сиз айткан маселе идеологияга байланыштуу. Бизде дайыма эле аша чапмай жана жагынуу маселеси бар. Же болбосо бирөө үчүн жасайбыз, эч качан мамлекеттик бийликте кыргыз эли, кыргыз аялзаты үчүн кыргыз адамы үчүн деп жасалган иш жок. Эгерде ушундай саясат бар болгондо биз ушундай көрүнүштөрдөн алыс болот элек.

Мына аял кишилердин саны көбөйсүн десе, парламентке кайдан, кандайча чогулттук, эл арасында аброю барбы, жокпу, же билимдик деңгээли кандай экенин билбейбиз, алып келдик, санын көбөйттүк. 2004-жылга чейин канча деген резердик кадрларды, системаны түздүк элек. Биз сан жагына ооп кеттик, бирок сапат жагында башкача сөз болуш керек.

Экинчиден, көп аял алып аткан мырзалар көбүнчө ислам динине жамынымыш болушат. А чынында алар исламга, куранга каршы иштерди кылып атат. Аял укугу эң жакшы, эң шумдук ислам дининде, куранда берилген экен. Куранга каршы иштерди жасап аткан адамдар бар.

Дагы бир айтып кете турган нерсе, үй-бүлө деген эмне экен. Мына үй-бүлөлүк кодексти, канча деген мыйзамдарды кабыл алып атабыз. Бирок аны иреттешибиз керек. Бизде подзаконный актылар, жергиликтүү актылар бар. Ошолор менен бир кабыл алынып аткан бир топ мыйзамдар карма-каршы болуп атат. Мага мүмкүнчүлүк берсе, мен жарым жылга мыйзам чыгарууга мораторий киргизет элем дагы, аялзаты үйүн тазалагандай кылып туруп, мыйзамдардын баарын тазалап, иреттеп, бири-биринен карама каршылыгын кетирет элек. Ошондо аял укугун коргоо жана жалпы адам укугун коргоого мүмкүнчүлүк пайда болот эле.

"Азаттык: - Бүбүсара айым, бул жаатта сиздин кандай кошо турган оюңуз бар?

Б. Рыскулова: - Бул жерде жалаң эле мыйзам менен өзгөртүп жибериш кыйын. Мында ар бир адам өзүнүн укугун билиш керек, тебелетпеш керек. Мен айтсам, менин кесиптештерим долбоор жазып эле элди окута баштайбыз дейт. Бул окутуу эненин сүтү менен келиш керек. Токтайым жакшы айтты, үй-бүлө институту өзгөрдү азыр. Ошол үй-бүлөдөгү байланышты, эркек менен кыздын орду, кайнененин, эженин, бардык туугандардын орду жөнүндө тарбияны эненин сүтү менен бериш керек. Биз астрономияны, геометрияны үйрөтөбүз, адам менен маимле жасаганды үйрөтпөйбүз. Ошон үчүн бизде коомдо демократия дейбиз, демократия, толерантность ар бир инсандын жүрөгүндө, үй-бүлөдө болбосо, коомдо болбойт. Жөн гана мыйзамды алып койсо эле бүтпөйт. Мыйзамдарды чыгаргын, бирок көзөмөл кылгын.

"Азаттык": - Гүлнара айым, ушул жумада кыздардын турмушка чыгуу жашы 18ден кем болбосун деген жобо талкууланган парламенттик угуу болбодубу. Бул албетте, жакшы демилге, бирок ал жобо кабыл алынса аткарылат деген ишеним барбы? Себеби азыр айрыкча айыл жеринде мектеп окуучусун ала качууга эч ким таң калбай калды. Жашы жетелек кызды аялдыкка алуу кылмыш экенин кыз, улан, ата-эне, мектеп жетекчилери жана бийлик өкүлдөрү билиши үчүн, алардын жоопкерчилигин жогорулатуу үчүн кандай аракет зарыл деген ойдосуз?

Г.Дербишева: - Мен биринчиден, Токтайым эженин сөзүнө бир аз кайрылгым келип атат. Ал парламенттеги иштеп аткан аялдар жөнүндө сын-пикирлерди айтып атат, билими кандай, кайдан чогулткан деген. Мен ойлойм, бул сын-пикирлер - өткөн замандыкы. Биз биринчи келип атканда ушундай сын-пикирлерди мойнубузга алчу элек. Бирок бир жарым жылдан бери парламент иштеп атат, парламенттеги 23 кыз ар бири өзүнүн мүмкүнчүлүгүн, билимин элге көрсөтө алды. Мисалы, мен өзүм Баткен облусунда алыскы эле айылда иштеп мамлекеттик эмес уюмунан келдим бул парламентке. Балким мактанаарлык билимим жоктур, бирок мен ойлойм бир жарым жылдан бери элиме, жериме кызмат кылайын деп мыйзам демилгесине жакшы эле салымымды кошуп атам. Жалпы эле парламенттеги ар бир кыз депутат атка татыктуу.

Сиз айткан парламенттик угууда козголгон маселе боюнча мыйзамга ылайык 18 жаштан турмушка чакса болот, бирок ошол эле үй-бүлөлүк кодексте так жазылбай жатпайбы.Бизде көп кыздарды турмушка 16-17 жаштан алып кетип атат. Бизде парламенттик угууну уюштурган гендердик комитетти Назаров деген эркек киши башкарат. Булар парламенттик угууну угуп туруп, элдин ой-пикирин угалы, 18 жашка чейин жол бербей, турмушка чыга турган курак бизде 18 жаш болсун деген демилге менен чыкты. Мен ойлойм биз ушуну үй-бүлөлүк кодекске киргизсек, мыйзамдын аткарылышына биз өзүбүз дагы көзөмөл түрүндө жакшы салымыбызды кошсок жакшы болот эле.

"Азаттык": – Бирок ошол мыйзамдар аткарылбай жатпайбы?

Г.Дербишева: - Ооба аткарылбай жатат. Ошон үчүн бизге мамлекеттик эмес уюмдардын, коомчулуктун, саясий партиялардын, элдин бизге биргеликте жардамы керек болуп атат. Ошон үчүн баарыбыз ар бир мыйзамдын аткарылышына биргеликте иштейли.

"Азаттык": - Бүбүсара айым, кыз ала качууга, жашы жете элек кыздардын күйөөгө чыгуусуна кыздардын өзүнүн каршы болуусу зарыл деген ойдомун. Мында эненин тарбиясы зор, бирок азыр соода, акча табуу менен алектенген эне тарбиядан алыс болуп калды. Бул маселеге коомчулук да кайдыгер карап калды. Кыздардын укуктук аң сезимин көтөрүү, каршылыгын күчөтү үчүн эмне кылуу керек деген ойдосуз?

Б. Рыскулова: - Мен буга жооп берүүдөн мурда, Гүлнара айткан сөзгө кошумча кылып коеюн. Парламенттик угуу болуптур, биз ага катышкан жокпуз. Бирок угушума караганда, мурун өзгөчө кырдаал деген болчу, мен суроо бергим келип атат, мына турмушта боло берет экен. Бирок мен эрте турмушка чыксын деген жокмун. Мына биздин борбордо 16 жарымга чыккан кыз төрөдү, ата-энеси жок, жолдошу да балдар үйүнөн болгон. Азыр бир айдай болду, төрөгөндөн кийин справка берип койду баласына, бул өзгөчө кырдаалга жооп бербесе дагы ушуну коомчулук талкууга алса. Кыз ала качуу, полигамия деп атабыз, кээ бир ушуга кызыкдар болгон айымдар ушуну коргоп атышат. Балким бир аз эле жабыркабагандыр.

Бизде күндүр-түндүр ишеним телефону иштейт, жолдошторуна айтпай моралдык, психологиялык жактан жабыр тарткандар бизге кайрылып атат, Мен айткым келет, коомчулукта парламенттик угуу ачыгыраак болуп айтылып, практиктер чакырылып, сунуштар кабыл алынса. Биз укпай калып атабыз. Ошондо бизден да сунуштар болот. Жакында да парламенттик угуу болот дейт, ошондо биз бейөкмөт уюмдардан чоңдорубузду шайлап алабыз, ошолор бармак. Ошон үчүн бейөкмөт уюмдардын арасында да ачык болуп туруп, жөнөкөй аялдар катышып турса жакшы болот эле.

"Азаттык": - Парламентарий катары Гүлнара сиз кошумчалап кетсеңиз, эмне үчүн жабыр тарткан аялдар менен иштеп аткан бейөкмөт уюмдар парламенттеги талкуудан сыртта калып жатат, бул биринчи жолу эмес.

Г.Дербишева: - Ооба, бул биринчи жолку маселе эмес. Чындыгында Бүбүсара эже иштеп аткан иштери, тажрыйбасы менен бул парламенттик угууга биринчи адам катары катышыш керек. Мен азыр билбейм, изилдеп көрөйүнчү, кайсы себеп менен “Сезим” кризистик борборунун бирөөсү дагы бул өтө орчундуу проблеманы талкуулаган парламенттик угууга чакырылбай калды. Бүбүсара эженин айткан сөзүнө мен кошулам, бирок бейөкмөт уюмдардын өздөрүндө дагы ынтымак жок болуп турат.

"Азаттык": - Токтайым, балким бейөкмөт уюмдар өспүрүмдөр арасында, аялдарга үй-бүлөдө зомбулукту азайтуу, ала качуу жана экинчи, үчүнчү аялдыкка алуу деген салт эмес, кылмыш экенин билдирген, түшүндүргөн тынымсыз иштер жүргүзүлсө натыйжа болот деген ойдосузбу?

Т.Үмөталиева: - Бүбусара эжеге кошулам, ачык айкындык жок бизде. Эгерде ыңкылапка чейин ачык-айкындык бар деп система түзүп келсек, ал система жабылган, ошол эле парламенттик угууга жапа чегип аткан кыздарды, жаштарды колдогон уюмдар бар, ошол кыймылдардан эч кимди алып келган жок, чакырган жок. Ошол эле мектептин өкүлдөрү, жабыр тарткан адамдар келген жок. Анан эмненин негизинде мыйзамды талкуулап, кайсы мисалдардын негизинде алып кете алабыз. Мисалдарды көрсөтпөй атпайбызбы.

Анан Гүлнара иштеш керек деп атат. Меморандум кабыл алдык эле Башкы прокуратура менен бирге. Ачык-айкындык болсун, Баш прокуратура көзөмөл жүргүзөт, биргелешип иштешели деп, Азаттыктын өкүлдөрү да барып кол койгонбуз, ачык айтканда. Ошол меморандумдун тегерегинде дагы канча иш жаңыртабыз деп аракет кылып атабыз.

Бирок көрүп атпайбызбы, кече күнкү эле Кулешов Максиге байланыштуу кылып аткан кысым-кыйноолорду. Азыр жарандык коомдун өкүлдөрүнө болгон мамиле өтө өзгөрүлдү. Ошолорду саясий жактан чектеш керек деген атайын мыйзамдарды кабыл алуу бул мамлекеттин саясат багыты авторитардык жолго түшкөнүнө байланыштуу болуп атат. Ошонун негизинде жанагыдай маселелерди ачык-айкын талкуулабай атпайбызбы.

Карапайым эле өз укугун коргой албай жатат. Себеби система турат, система өз кызыкчылыгын колдоп, күчөп баратат. Эч кандай жарандардын укугун коргойун, мыйзамды иштетейин деген кызыкчылык жок.

"Азаттык": - Демек аялдардын укугун коргош үчүн, кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышы үчүн эмне кылышыбыз керек?

Т.Үмөталиева: - Башынан баштап саясий эрк керек.

Г.Дербишева: - Мен ойлойм бизде саясий эрк бар, бирок ар бир сектордун арасында ынтымак, биримдик керек.

Б. Рыскулова:
- Мен дагы Гүлнарага кошулам, жалгыз дарак токой болбойт дейт. Эгерде укук коргоочулардын арасында ынтымак, биримдик болсо, өкмөт бөлүнүп жарылбай, менин элим- жерим десек, укук деле бара-бара корголуп калышы мүмкүн.


Тегерек
үстөлдөгү
талкууну
алып
барган
Бүбүкан
Досалиева.

XS
SM
MD
LG