Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Дүйнөлүк экономикалык кризистин капшабы Кыргызстанга да тийип, жаз келгени абал дагы оорлошкону турат. Сырттан күргүштөп келип жаткан мигранттар акчасынын агымы азайып кетсе көбүнесе соода-сатыкка ыңгайлашкан кыргыз экономикасы кыйын кырдаалга кабылышы ыктымал.

Кыргызстандын кыска мөөнөткө эсептелген ири өлчөмдөгү олчойгон карыз албаганы, капиталдын сыртка чуурулуп чыгып кетишинен сактап калганын айрым экономисттер белгилешүүдө. “Инвестициялык тегерек стол” долбоорунун жетекчиси Равкат Хасановдун айтуусунда, тоорулган экономикалык кризистин экинчи толкуну эми башталмакчы.

- Бирок бизди экономикалык кризистин экинчи үйөрү, жыл жарымына жакын каптап кетиши ыктымал. Анткени биздин экономика менен Батыш экономикасынын ортосунда турган өлкөлөр оорчулукка мурда кез келишпедиби. Бул албетте, Орусия менен Казакстан. Ансыз деле Казакстан кыйынчылыгы өткөн жылы эле бизге келбедиби. Мурдагыдай кыймылсыз мүлктү сатып алуулар токтолду.

Капитал агымынын токтолушу Кыргызстанда курулуштун, ипотеканын азайышына алып келди. Экономикалык кризистин алдагыдай алгачкы эпкиндери эми экинчи үйөргө өтүп, Кыргызстан экономикасы катаал сыноого туш келди. Аны Кыргызстандын Каржы министри Марат Султанов быйылкы жылдын башындагы экономикалык көрсөткүчтөр менен ырастап, өнөржай өндүрүшү токтой баштаганын, анын салакасы башка тармактарга да тие баштаганын мындайча билдирди.

- Ички дүң продукт төмөндөп жатат. Мисалы, өнөржай өндүрүшү быйыл январда 12% төмөндөп кетти. Биздин сырткы соода жүгүртүүбүз да төмөндөп кетти. Бул Орусия менен Казакстандагы кризистин кесепетинен болуп жатат. Биздин кээ бир өнөржай ишканалар ал жакка продукциясын беришчү. Мисалы, Кант цемент-шифер комбинаты. Айнек заводубуз. Ушундай көптөгөн заводдор Казакстан менен Орусияга өздөрүнүн товарын жөнөтчү. Алар товарды албай калышты.

Экономикалык өнүгүү жана соода министри Акылбек Жапаровдун ырасташынча, өкмөт экономикалык кризис таасирин азайтуунун арга-амалын мурда эле жасап койгон.

- Финансылык кризис боло баштагандан кийин айрым өлкөлөр, биздин кошуналарыбыз, биздин соода-сатык боюнча өнөктөштөрүбүз салыкты азайтуу жөнүндө ойлонуп, кирешеге болгон салыкты, кошумча нарк салыгын, анан патенттер менен, жөнөкөйлөтүлгөн салыкта иштегендерди карайбыз деп жатышат. Орусия менен Казакстан ошентип жатышат. Ал эми биз муну алдын-ала эки-үч жыл мурун даярданганбыз.

Экономикалык кризиске кошул-ташыл Кыргызстанда жаңы Салык кодексин жактырбагандарын өктөм талаптары күчөп, аларды өкмөт эске алууга мажбур болду. Кыйла жыл салыкчылар менен бизнес өкүлдөрү талашып-тартышып отуруп жазышкан жаңы Салык кодекси эки ай тыңгылыктуу иштей албай өзгөртүүгө туш келүүдө. Ушундай эле өзгөрүүлөргө өкмөттүн кризиске каршы иш-чараларын камтыган программасы да туш келиши ыктымал.

Анткен менен азырынча аткаруу бийлиги Кыргызстан дүйнөлүк экономикалык алака-катыштан окчунубураак калган, ошол себептүү жаалы катуу кризис бул жерди четтеп өтүп кетиши мүмкүндү ойлоп токпейил отурат. Аны парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Бакыт Бешимов мындайча түшүндүрөт.

- Өкмөттүн ичинде болсо бир маселе боюнча министрлер ар кайсы ойдо. Ал эмнени айгинелейт? Өкмөттүн ичинде системдүү бир саясат жүргүзүлбөй жатат. Экинчиден, өкмөттүн ичинде коррупцияга каршы күрөш болушу керек. Кыргызстан транзиттик мамлекет. Ошондуктан бажы, салыктан түшкөн, анан да Кыргызстандын ичиндеги ар кандай финансылык агымдарды өтө таза, мамлекет пайдасына жараша башкарыш керек.

Азырынча андай батыл аракеттер жасала элек. Жыл жаңырган кезде өкмөт курамындагы айрым бир өзгөрүүлөрдү эсепке албаганда, башкаруу системасында мурдагы эле “тааныш өңдөр” олтурушат. Мындай шартта уламдан-улам өзгөрүлүп жаткан экономикалык кырдаалга жараша өз алдынча аракет жасоого өкмөттүн буямасы келбей деле калышы мүмкүн. Анан да байкоочулардын болжолунда быйылкы жылы сырттан келчү мигранттар акчасынын агымы кескин азайганы турат.
XS
SM
MD
LG