Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:18

Максим Бакиев күрөш федерациясынын президенттик милдетинен бошоду


Президенттин кенже уулу Максим Бакиев

Президенттин кенже уулу Максим Бакиев

Күрөш федерациясы 3-февралдагы жыйында өз арызы менен федерациянын президенти Максим Бакиевди бошотту. Уюмдун жетекчилигине Мурат Саралинов келди.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу, өлкөнүн грек-рим күрөш федерациясынын вице-президенти Алмаз Касеновдун айтымында, Максим Бакиев Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин башчысы катары иштери арбын болуп, күрөш федерациясына убактысы жоктугунан бул милдеттен бошотуп коюуну өтүнгөн.

- Бул маселени өлкөнүн күрөш федерациясынын жетекчилиги карап, Максим Бакиевдин өтүнүчүн канааттандырып, аны президенттик милдеттен бошотту. Мурунку жетекчинин өтүнүчү боюнча бул күрөш федерациясынын президентигине Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралиновдун талапкерлиги коюлуп, бир добуштан шайланды.

Президенттин уулу Максим Бакиев Бээжин олимпиадасынын алдында күрөш федерациясынын президенти болуп шайланганда балбандарга бардык шарттарды түзүп берем деген убадасын берген.

Өлкөнүн эркин күрөш федерациясынын вице-президенти Жеңиш Дөңбаевдин айтымында, Максим Бээжин олимпиадасында күмүш жана коло байге уткан Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевге акчалай сыйлыктарды ыйгарган.

Күрөш федерациясына жаңы жетекчи болуп шайланган Мурат Саралинов өзүнө жоопкерчиликтүү милдет тагылганын, алдыда Азия, дүйнө чемпионаттары жана 16-Азия оюндары турганын “Азаттыкка” билдирди.

Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Мурат Саралинов бала кезинде Бишкектеги спорт жатак мектебинде окуп, эркин күрөш менен машыккан. Ал СССР спорт чебери катары таанылып, Кыргызстандын үч жолку чемпиону болгон. Учурунда Эл аралык мелдештерде мөрөй алган.

Мурат Саралинов Самарканд Кооперативдик институтунун экономика факультетин бүтүргөн. 1994-жылы Улуттук университеттин юридикалык факультетин жана Дене тарбия институтун сырттан окуп бүтүргөн.

Ал алгач милицияда, анан полиция тармагында эмгектенген. Андан кийин Ысык-Ата районун акими, өлкөнүн бажыканасынын директору, Эсептөө палатасынын жетекчиси болуп кызмат өтөгөн.

Спорт адистеринин айтымында, Мурат Саралинов Улуттук олимпиада комитетинин жетекчиси болгонуна төрт жылдай убакыт болуп, бул тармактагы курчуган кырдаалды жөнгө салууга жетишти.

Президенттин жакындары федерация жетекчилери

Учурда өлкө башчысы Курманбек Бакиевдин уулу, бир туугандары, жакшы санаалаштары жана шакирттери бир нече спорт федерацияларына президент болуп саналат.

Курманбек Бакиевдин улуу баласы Марат Улуттук коопсуздук кызматында жооптуу кызматта. Ошондой эле ал өлкөнүн дюз-до жана ок атуу федерацияларынын предиденти болуп саналат.

Өлкө башчысынын иниси Адыл Бакиев каратэ-до чыгыш өнөрү федерациясын жетектейт.

Иниси Жаныш Бакиев Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчиси болуу менен бирге кышкы спорт түрүн жана хоккейди өнүктүрүүгө кызыкдар.

Кыргызстанда спорт федерацияларына министрлер,чиновниктер президент болуп келет. Маселен, мурдакы башкы прокурор, президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев волейбол федерациясына президент.

Учурда бокс федерациясын өлкөнүн башкы прокурорунун орун басары Абдубакыт Халмурзаев жетектейт.

Оор атлетика федерациясынын президенти салыктар жана жыйымдар боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Акматбек Келдибеков.

Ошондой эле өлкөнүн социалдык фондунун төрайымы Тажикан Калимбетова да спорттук жана көркөм гимнастика федерациясына президент болуп шайланган.

Өлкөнүн футбол федерациясын сот департаментинин жетекчиси Айбек Алыбаев жетектейт.
Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өлкөнүн таэквондо жана көк-бөрү федерацияларынын президенти болуп саналат.

Президенттин чарбалык-иш башкаруу башчысы Курманбек Темирбеков өлкөнүн бильярд федерациясын жетектейт.

Экономика министри Акылбек Жапаров бир топ жылдан бери өлкөнүн шахмат федерациясынын башында турат.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG