Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:54

Дүйнө жүзүндө оюн автоматтары жана компьютердик оюндардын борборлору күндөн күнгө артып, канатын бардык бурчка жаюуда. Өнүккөн жана өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө 7 жаштан 18 жашка чейинки ар бир өспүрүм жашоосунда эң жок дегенде бир жолу компьютердик оюндарды ойногондугу статистикаларда белгиленип келет.

Компьютердеги кадимки «Пасьянс» оюнунан баштап эң көп акча талап кылган «Play Station», «X-BOX» өңдүү оюн багыттары учурда дүйнөнүн төрт бурчунда ойнолууда.

Оюн борборлоруна мектеп окуучулары көбүрөөк барышат

Оюн борборлоруна окуучулар көп барышат
Бишкектеги мектептердин биринде 6-класста окуган Кайрат да компьютердик оюн борборлоруна бош убактыларында жана акчасы болгондо келип турат. Сабактары бүткөндөн кийин кээде жөн гана башкалардын оюнун көрүү үчүн да келип кетет:

-Кызыктуу нерсе да. Оюн менен өзүндү жакшы сезип, ойногондо мындай жыргал аласың да.. Балдар менен чогуу ойносоң кызыктуу болот да. Алар менен күндө келип ойноп өзүңдүн күчүндү көрсөтүп алсаң болот да, оюндардачы. Мисалы үчүн Counter Strike алсак, ал сени менен атышып, эгер аны утсаң өзүңө кичине жакшы болот, өзүңдү жакшы сезип каласың да.

Кайрат көбүнчө курал-жарак менен атышуу мүмкүнчүлүгүн берген оюндар жагаарын билдирет. Оюн учурунда өзүн каарман сезерин да айтат. Ал эми компьютердик оюн борборлоруна байма-бай келип туран 23 жаштагы бишкектик студент Үсөндүн айтымында оюндар эс алдыруучу күчкө ээ:

-Зериккенде келип ойноп кетесиң да. Бир саат, эки саат отуруп кетесиң. Ал эми оюн өзү эч нерсе деле бербейт. Менимче адам канчалык ойногон сайын кумарга кирет да. Менин ойлой берем, параларда отуруп эле барып ойноп алсам, бир ойноп алсам депчи. Азыр баңги сыяктуу эле болуп калган да. Өзгөчө ДОТА оюнучу. Ошо азыр өзүм деле 23кө чыгып калдым, дагы деле ойнойм. Үйдө го компьютер деле бар. Үйдө өзүн отурасың, зеригип кетесиң. Бул жерде балдар бар. Балдар менен ойнойсуң да биригипчи.

Бишкектеги компьютердик оюн борборлорунда мектеп жашындагы окуучулардан баштап 30-40 жашка чейинки адамдарды да кездештирүүгө болот. Бир саат оюндун наркы 10дон 20 сомго чейин. Ал эми 50-60 сомго түнү бою таңга чейин калып оюн ойногондор да бар.

Бишкектин борборунда жайгашкан компьютердик оюн борборунун коопсуздук кызматкери Матеков Ырчыбектин айтымына караганда борборго көбүнесе мектеп жашындагы балдар келишет:

-Өзгөчө жаш балдар келет эми бул жерге. Алар үзгүлтүксүз ойноп турушат. Көбүнчө өздөрүнүн көнгөн оюндарына келишет да. Кечке чейин отургандар бар. Мисалы кээ бирлер үйлөрүнө бир саат, эки саат барып келишет да. Кайра келип ойношот.

Компьютердик оюндар жаштардын аң-сезимине терс таасир берет

Ырчыбек мырзанын айтымы боюнча оюнду ар күнү келип, калтырбай ойногон балдар да бар. Ал эми адистер, эгер оюн ойногон адам күндө оюн ойноону каалаган болсо, бул нерсе көз карандылыктын бир белгиси экендигин айтышат. Бишкек Гуманитардык университетинде психолог болуп эмгектенген Нургүл Мусаеванын пикири боюнча компьютердик оюндардын өспүрүмдү тарбиялоочу оң жагы менен бирге көптөгөн терс жактары бар жана көп ойногон адамдар коомдон четтеп калышы мүмкүн:

-Терс жактары абдан эле көп. Бул эң биринчи педагогикалык маселе. Себеби убакыттын көпчүлүгүн ошо оюнга арнап, бала сабак окуганга жетишпейт. Анан кийин дагы маселе бул чыныгы жашоодон компьютердеги жашоого берилүү. Коомдон чектелүү да. Көп оюн ойногон балдар коомдо адамдар менен жакшы байланыш түзө албай калышы мүмкүн. Курчап турган чөйрөнү туура эмес кабыл алышы мүмкүн да. Кыйраган нерсе же өлгөн нерсе адам болобу жаныбар болобу, же имарат болобу, аны кайра эле бир беш-он мүнөттүн ичинде кайра аларды ордуна тургузуп коюга болот деген ишеним пайда болот да аларда.

Нургүл айым оюнду көп ойноп аларга берилген адамдарда мыкаачылык сезими күчөй турганын айтат. Мындан сырткары атышуу, уруп-согуу, киши өлтүрүүгө байланышкан оюндар өзгөчө өспүрүмдөрдүн коркуу сезимин жок кылып, кылмыштуулукка да алып келиши мүмкүн.

Компьютердик оюндардын таасиринен улам 2004-жылы Улуу Британияда үрөй учурган окуя болуп өткөн. 17 жаштагы Уоррен Леблан 14 жаштагы таанышы Стефан Пакирди парка алып барып муздап салган. Сот жараянында өспүрүм бул кылыгын компьютердик оюндар менен байланыштырган. Көрсө териштирүүлөр жыйынтыгында Уоррен Леблан балта, бычак менен киши өлтүрүүнү туу туткан "Manhunt" (адамдарга аңчылык) оюнунун чыныгы күйөрманы экендиги келип чыккан. Натыйжада көпчүлүк психологдор компьютердик оюн ойногон өспүрүмдөрдү ата-энелери көзөмөлдөп турушу керектигин айтышат.

Компьютердик оюндарды маал маалы менен ойноп, эс алуунун бир булагына айланткан студент Талант Шерматовдун айтымына караганда оюнду ойноодо ар ким өзүн көзөмөлдөй билиши керек:

-Жөн эле өзүңдү чектешиң керек. Мына бүттү, мындай кийин ойнобойм дегенди үйрөнүү керек. Кумар болуп кетпеши керек да кайра. Мисалы кумар ойногондо деле өзүңдү токтото билишиң керек. Кумар ойногондо бир жолу утуп анан дагы утам, дагы утам деп кайра утулуп кала беришет. Ошондуктан ар ким токтотконду билиши керек.

Пайдалуу оюндар да бар

Дүйнөдө ак менен кара бир жүргөндөй компьютердик оюндардын адамга пайдасын тийгизген учурлары да көп. Мисалы, изилдөөлөр көрсөткөндөй ар кандай логикалык оюндарды ойногон өспүрүм ойнобогон өспүрүмдөн тетигирээк болот. Өнүккөн батыш өлкөлөрүндө кээ бир оюндарды “оюн терапиясы” үчүн колдонушат. Тагыраак айтканда баңги заттарынан жана аракечтиктен жапа чеккендерди алаксытып психикалык бузулууларды калыбына келтирүү үчүн оорулууларга оюн ойнотушат. Мындан сырткары кары адамдарга эс тутумду жакшыртуу үчүн атайын ылайыкташкан оюндарды ойноону батыш дарыгерлери сунуш кылышат.

Психологдор компьютердик оюн ойногон өспүрүмдөрдү ата-энелери көзөмөлдөп турушу керектигин айтышат.
Психолог Нургүл Мусаева күч колдонууну көрсөтпөгөн кээ бир оюндар өзгөчө жаш балдардын өнүгүүсүнө жакшы таасир берээрин айтат:

-Эң биринчи кезекте аң-сезимди өнүктүрүүгө жардам берет. Баланын логикалык ойлонуусун, бир нерсеге тез реакция кылуусун талап кылат. Көңүл буруусун талап кылат. Эске тутуусун өнүктүрүшү мүмкүн. Манжалардын моторикасын өнүктүрүп, бат-баттан кыймылдап, бат-баттан жооп бергенге үйрөтүшү мүмкүн. Кээ бир оюндар тил үйрөнүүгө да жардамын тийгизет.

Адистер белгилешкендей оюнду туура жана тиешелүү убакта ойноо менен анын таасирлерин азайтууга болот. Ал эми адамдын аң-сезимине терс таасир тийгизе турган атышуу, уруп-согуу, киши өлтүрүүнү туу туткан оюндарды чеги менен ойноо керектигин психологдор эскертишет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG