Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Шаарга бакыт издеп келген элеттик жаштар


Азыркы тапта элет жергесинде жумушсуздуктун айынан өз айылында эмес, башкалаага келип жакшы жашоо издеген курдаштардын саны аз эмес. “Азаттык плюс” “Жаш келсе ишке!” атуу ураандагы апта темасынын алкагында эмне себептен элет жергесиндеги жаштар борбор шаарга келүүгө кызыкдар деген суроого жооп издеген.

Ар аймакта орун алган элет жергелеринен көптөгөн атуулдарыбыз борбор шаарды көздөй агылып жакшы жашоо издеп келишүүдө. Кыргызстандын алыскы аймактарында жашоо үчүн ыңгайлуу шарттын жоктугу жана жумушсуздуктун айынан алар жер которушууда.

Аймактардан келген мигранттардын бир бөлүгү баш калаадан ары чет өлкөнү көздөй жөнөп жатышса, экинчи бөлүгү Бишкек шаарында эмгектенүү максатын көзөшүүдө. Мындай шартта айыл жергесинде саналуу кана жаштарды жолуктурууга болот, алар аскерге барбай эле түз эле баш калаага аттанышууда дейт жаштардын өкүлү Жумагул Байдилдеев.

-Бул маселенин негизги түйүнү жумушсуздукка байланыштуу экени баарыбызга маалым. Жаштар өздөрүн жумуш менен кымсыз кылуу максатында шаарга агылышууда. Өткөн жылы Ак-Талаа районунун Ак-Кыя айылына барганымда аскер кийимин кийген адамдарды көрүп калдык. Колдоруна көп кагаздарды кармап алышыптыр. Көрсө алар аскерге чакырылган балдарды өздөрү айылга издеп барышыптыр. Ал эми жаштар болсо жок, баары шаарга кетишкен. Бул жерде жалпыга милдеттүү аскер жөнүндөгү мыйзам бузулуп жатат. Ички миграциянын пайдасынан зыяны көп болуп жатат.

Элет жериндеги жумушсуздуктун айынан борбор шаарга көчүп келишкен атуулдардын көпчүлүгү “Дордой”, “Ак-Бата”, “Калыс-Ордо”, “Келечек” сыяктуу 23 жаңы конушта басымдуулук кылышат. Аларда расмий маалыматтар боюнча 100 миң, бейрасмий маалыматтарга ылайык 300 миңге чейин калк отурукташкан. Мындай жагдай мигранттардын социалдык абалын начарлатып, иш жана билим берүү проблемаларын татаалдаштырууда. Миграция жана жумуштуулук комитетинин жетекчисинин орун-басары Жаныш Алымбаев ички мигранттар шаар ичиндеги жумушсуздукту күчөтүүдө деген пикирде:

-Башка аймактардан келип жаткан мигранттар башкалаадагы жумушсуздукту андан дагы күчөтүп жатышат. Эч кандай каттоого алынбаган эмгек рыноктору пайда болууда. Бүгүнкү күндө, жаңы экономикалык саясат жүргүзүү боюнча жолдор аныкталып, иштер жүрүүдө.

Кыргызстанда расмий түрдө 68 миңге жакын жумушсуз адам бар. Бул катталгандары, ал эми ишсиз жүргөндөрдүн чыныгы саны алда канча эсе көп. Бүгүнкү күндө айыл жергесинде дыйкандар, малчылар, мугалимдер, трактористтер кана бир аз пайда таап иштешет. Ал эми жумушка жарамдуулар туулуп өскөн кичи мекенин таштап башкалааны карай ийгилике жетүү максатында сапар алышууда.

Бейрасмий маалыматтар боюнча Орусияда бүгүнкү күндө 500 миңден бир миллионго чейин кыргыз мигранттары бар. Алардын кырк үчтөн ашуун пайызга жакыны элет жеринин тургундары. Ишкер Төлөмүш Суранчиев элет жеринде жаштардын баары шаарда деген пикирин билдирди:

-Айылда жаздан-күзгө чейин талаачылык менен иштеген жаштардын саны аз. Бирок алар дагы кышкысын жумуштун жоктугунан Бишкеке келип алышат. Көпчүлүгү жайкысын чөп чабыкта, же картөшкө казылган маалда барып бир-эки жума кол-кабыш кылып коюп Бишкеке кайра жөнөшөт. Жаштардын басымдуу бөлүгүн элет жеринен жоолуктуруу кыйын.

Адистердин баамында элет жергелеринде жаштарга көңүл бурулуп, колдоо көрсөтүлсө, ишканалар иштеп жумушчу күчү керектелсе, ички миграция толук токтотулбаса да аны азайтууга болот.
XS
SM
MD
LG