Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:58

25-ноябрь аялдарга зомбулук кылууга каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Акыркы төрт жыл ичинде Кыргызстанда беш миң зомбулук көрсөтүү фактысы катталса, жабыркагандардын 90 пайызы аялдар.

Кыргыз аялдарынын үй-бүлөдөгү зордук зомбулукка көп кабылып жатышы алардын өз укуктарын билбегендиги жана бул багыттагы мыйзам тууралуу маалыматы жоктугу дешет адистер. Алардын айтымында, акыркы кездерде зордук-зобулукка кабылган аялдардын саны барган сайын көбөйүүдө. Акыйкатчынын орун басары Мамат Момуновдун айтымында, өткөн жылы ушундай учур менен эки жүздөн ашуун даттануу, арыз кат келип түшсө, ушул жылдын сегиз айында эле арыздардын саны 300гө чукулдап барган. “Деген менен дагы да арбын фактылар кыргыздын менталитетине карап ачылбай келе жатат”,-дейт Мамат мырза.

- Өлкөдө үй-бүлөдөгү зордук зобулук маселеси өтө орчундуу болуп турат. Бирок тилекке каршы, биздин менталитет, кыргыз аялдарынын сабырдуудугу ушул маселени чектөөгө алып келүүдө. Анткени, өздөрүнүн көргөн зордук-зомбулугун эч жакка чыгарбай өздөрүндө сактап келишет. Ошол себептүү да бул көйгөйдү көп угабыз, бирок факт азыраак. Аялдардын зордук-зомбулукка кабылган учурларынын сексен пайызы үй-бүлөдө кездешет. Айрыкча айыл жергесинде аялдар укуктук маалыматтан аксап турушат. Ошондуктан, алардын укугун көбүрөөк окутуу зарыл.

Акыйкатчынын орун басарынын айтымында, 16 жашка жете элек, деги эле кыздарды зордоп турмушка берүү фактысы көбөйгөнү менен бул багытта атайын арыз берип укук коргоо органдарына кайрылгандар аз. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакытбек Сеитовдун айтымында мындай учурлар көбүнчө ата-энелер, туугандар тарабынан эле чечилип келет.

- Ала-качуу фактысы боюнча, укугумду бузду, зордук-зомбулук болду деген атайын арыз менен өтө эле аз кыйрылышат. Так ушул маселе боюнча акыркы жарым жылда факт деле катталган жок. Ал эми үй-бүлөлүк зордук-зомбулук боюнча деле абал ошондой. Шаар жеринде гана айрым учурда кайрылышпаса, эртеси эки тарап тең келип арыздарын алып кетип калышат.

Ал эми Кыргызстандагы “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулованын айтымында, борборго кайрылгандардын жарымынан көбү үй-бүлөлүк зордук зомбулукка кабылгандар. “Бирок бул багытта мыйзам толук иштебей жатат”, - дейт ал.

- Бизге кайрылгандардын 60-70 пайызы үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылып, ошонун айынан жабыркагандар. Конкреттүү түрдө укугу бузулган аялдарга жардам бере турган уюмдар Кыргызстанда азыраак болуп жатат. Аялдарга көмөктөш болуп, аларга өз укугунарды тебелетпегиле деп окутуп, үйрөтүш керек. Үй-бүлөдөгү зордук зомбулукка каршы мыйзам деле кабыл алынган, бирок ал жакшы иштебей жатат.

Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы мыйзам 2003-жылы кабыл алынган. Ага ылайык, эң жогорку жаза - аялга зордук-зомбулук көрсөткөн эркек беш жылга эркинен ажыратылат. Бирок бир да эркек мындай жаза менен жоопко тартыла элек. Жогорку Кеңештин депутаты Дамира Ниязалиева аталган мыйзам кайра иштелип чыгышы керек деген пикирде.

- Бул мыйзамда үй-бүлөдө зордук-зомбулук көргөн аялдарды коргоодо толук негиздер бар. Кордук көргөн аялдар кайрылган кезде бул мыйзам иштеш керек. Бирок тилекке каршы иштебей жатат. Аялын сабап, колу-бутун чыгарып койгон күйөөлөргө минималдык маянага 100-200 сом төлөгөн пункту бар. Мына ушул биздин эң жогорку жаза. Ошондуктан, биринчи учурда парламентке келген аялдар кордук көрүп, зомбулукка кабылган аялдарын укугун коргоп, бул мыйзамга толуктоолорду киргизүүбүз керек.

Бириккен улуттар уюмунун “Аялдарга каршы зомбулукка жок” дейли аттуу компаниясынын алкагында өтүүчү 16 күндүк иш-чара буга чейин бей өкмөт уюмдардын, эл аралык донорлордун демилгеси менен өткөрүлүп келген. Ушул жылы биринчи жолу компанияны өткөрүүнү өкмөт колго алып, демилге көтөрүп жатат. Иш-чаранын алкагында тегерек үстөлдөгү талкуулар, маалымат жыйындар, билим берүү мекемелеринде практикалык сабактар, айрым айылдарда аялдарга укуктук негиздеги түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG