Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:22

Референдум инвесторго жол ачабы?


Президент Алмазбек Атамбаев Баш мыйзамды өзгөрткөндөн кийин Кыргызстанда бизнеске жакшы шарттар түзүлүп, инвесторлор агылып келерин билдирди. Президенттин жүйөсүндө негизсиз текшерүүлөр азайып, колдоо көбөйөт.

Конституциялык реформадан соң инвесторлор "Кыргызстанда өздөрүн суудагы балыктай эркин сезерин" президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда чет өлкөлөрдүн элчилерин кабыл алууда билдирди.

Президенттин жүйөсү боюнча Баш мыйзамды өзгөртүү укук коргоо органдарын реформалап, инвестор жана ишкерлерди негизсиз текшерүү азаят:

- Конституцияга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр күч тармактарында реформа жүргүзүүнү шарттайт. Бизнести жөнү жок текшерүүлөрдү азайтууну көздөйт. Кыргызстанда ишкерлер үчүн бейиш түзүлөт. Текшерүү азайып, колдоо көбөйөт. 1-январдан тарта мүмкүнчүлүктөр кеңейет. Бул КМШдагы эң жакшы көрсөткүч болот.

Мамлекет башчы Кыргызстан өнөктөштөрдөн реалдуу долбоорлорду күтүп жатканын кошумчалап, Кыргызстан ишкерлер үчүн ыңгайлуу жер болушун кааларын, бул үчүн бардык шарттарды жаратуу аракеттери күчүндө экенин белгиледи. Ишкерликтен улам карапайым калк байыганы - мамлекеттин өнүгүүсү экенин айтты.

Элчилер менен жолугушууда президент Баш мыйзамды өзгөртүүгө токтолуп, конституциялык реформа өлкөдөгү экономикалык абалды кескин жакшыртат дегени коомчулукта эки түрдүү кабыл алынды.

Парламент: Конституция "жоголду"

Парламент: Конституция "жоголду"

Ал эми 2010-жылы кабыл алынган Конституция кол коюуну талап кылган эмес.

Айрымдар президент курч турган маселенин эл жашоосу, экономика үчүн пайдасы болорун айтып, конституциялык реформага байланыштырууга аракет кылды десе, башкалары Конституциянын өзгөрүүсү кантип экономиканы оңдойт деп суроо берип турган учур.

Социал-демократтар фракциясынан депутат Дастан Бекешов президенттин сөзүн эң ириде саясий туруктуулук менен байланыштырат. Депутат Конституцияны өзгөртүү менен бийликтин туруктуулугун камсыз кылууга мүмкүн деп ишенет:

- Конституцияга өзгөртүү өкмөттүн туруктуулугун камсыз кылса, анда экономикалык жаатта жакшы реформаларды ишке ашырса болот. Жаңы Конституцияга ылайык, премьер-министр депутаттык мандатын сактап калса, туруктуулук болот деп үмүт кылып жатабыз. Парламент жана өкмөттүн кызматташтыгы жакшырып, башталган реформаларды аягына чыгарууга мүмкүн болот деп турабыз.

Бекешов буга кошумча сот бийлигинде өзгөрүүлөр болуп, жеке менчикти коргоого шарт түзүлөрүн айтууда.

Кыргызстанда ишкерлер үчүн бейиш түзүлөт. Текшерүү азайып, колдоо көбөйөт.
Алмазбек Атамбаев

Негизи президент Атамбаев айтып жаткан укук коргоо органдарындагы реформаны Коргоо кеңеши быйыл июль айында кабыл алган эле. Анда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети менен Ички иштер министрлигинен экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү функциялары Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына өткөрүлөрү айтылган. Бирок бул жаатта иш жүзүндө өзгөрүү сезиле элек.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиев конституциялык реформа менен экономикалык абал кескин оңолот деген президенттин сөзүнө түшүнбөй турат. Кыргызстанда мыйзамдык деңгээлде ишкерлик жүргүзүүгө, инвесторлорго жакшы шарттар түзүлгөн. Маселенин баары мына ушул мыйзамдарды сактоодо дейт мурдагы өкмөт башчы:

- Конституциянын өзгөрүүсү бизнеске, ишкерлерге эч кандай деле таасири тийбейт. Буга чейин бир катар мыйзамдар кабыл алынган. Ошолорду аткаруу зарыл. Буга кошумча Евразия экономикалык биримдигине кириши менен экономикалык үмүттөр акталбай жатат. Мына ушуларды анализдеп, аны аткаруунун жолдорун караш керек.

Ал эми мурдагы экономика министри, ишкер Эмил Үмөталиев Баш мыйзамды өзгөртүүдө ишкер чөйрөнүн пикири эске алынбай калганын билдирүүдө:

- Эгер Конституция демократиялык жолдо жана демократияны өнүктүрүү үчүн өзгөртүлсө жакшы эле болот эле. Ал эми азыркы учурдагы өзгөрүүлөр демократияны өнүктүрөбү деген суроодо чоң ишенбестиктерди жаратууда.

Кыргызстанда ишкерлерге жакшы шарт түзүп, бизнестин бейишине айлантуу убадасы узактан бери эле айтылып келет. Бирок мындан кескин өзгөрүү байкала элек. Дүйнөлүк банктын ишкерлерге түзүлгөн шарттар боюнча быйыл жарыялаган Doing Business рейтингинде Кыргызстандын позициясы начарлаган. Былтыр 67-сапта турган Кыргызстан быйыл жети тепкичке ылдайлап, 75-орунду алды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

XS
SM
MD
LG