Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:48

Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү эки гезит тең Петровка айылындагы жаңжал тууралуу жазышты.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити аны “Курд жаңжалы” деп атаса, “Дело №...” гезити “Петровкада ташбараң: ким кимге согуш жарыялады?” деп атады.

Чүйдүн Москва районундагы Петровка айылында Орусиянын жаңылыктар агенттиктери маалымдагандай 20 чакты үй эмес, андан да көп түтүн, тагыраак айтканда 10 миңге жакын адам жашарын, анын 3 миңдейи күрт улутандагылар экенин баяндаган “Дело №...” жумалыгы, Петровка айылында акыркы жылдары чындап эле айыл тургундары “биз” жана “алар” деп бөлүнө баштаганын, “алар” дегени күрт диаспорасындагылар экенин, петровдуктардын айтымында күрттарга милийса кызматкерлери жөлөк-таяк боло келгенин кеп кылган. Жаңжалга алып келген окуянын чоо-жайына кеңири токтолгон автор “ким күнөөлүү экенин тишеси барлар текшерсин. Бир гана нерсе айдан ачык: айылдыктар кенедей кызды зордуктады деп күнөөлөп аткан Абдуллага эле эмес, күрт диаспорасына эле эмес, ички иштер кызматкерлерине да нааразы” деп жазды.

“Президенттик шайлоо – 2009”. “Кыргызстандын саясат талаасынын оюнчусу ким?” деп суроо койгон ушул эле гезит белгилүү саясат иликтөөчүлөрдүн ой-жоромолдорун ортого салган. Нур Омаровдун пикиринде Кыргызстандагы президенттик шайлоого АКШ, Орусия, Кытай кызыкдар эмес. Анткени дүйнөлүк державаларды Курманбек Бакиевге окшогон фигура толук канааттандырат. Ошон үчүн Орусия инвестициясын тартып, карыздап акчасын берүүдө. Кытай Кыргызстан аркылуу өтө турган темир жолун салууну пландаштырууда. Омаровдун оюнча Американын аскерий базасы Кыргызстандан чыкпайт. Форматы гана бир аз өзгөрөт. Кабарчынын: “Оппозиция өз добушубузду бул ирет сактап калабыз деп ишенимдүү айтып атпайбы” дегенине саясат иликтөөчү: “Бул деген кургак сөз, куру пафос” деп жооп берди.

Саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеевдин ою боюнча АКШ Кыргызстандагы президенттик шайлоо процессине балким кийлигишет. Анткени анын стратегиялык айдыңы болгон Кыргызстандан ажырап калгысы келбейт. Анын үстүнө “банан республикалары” деп атыккан өлкөлөрдө төңкөрүш жасап, чагым уюштуруп жибермей өнөрү классикалык жолойго айланган. Канткен күндө дагы бул маселе Кыргызстандын жетекчилигинин “Манас” авиабазасына жасай турган ишаратына да көп жагынан байланыштуу болмокчу. Какчекеевдин пикиринде Кыргызстандын мындан аркы өнүгүп-өсүшүнө жардам бере турган өлкө+ жалгыз Орусия.

Политолог Марс Сариевдин пикиринде Кыргызстандагы президенттик шайлоого АКШ дагы, Еврошериктештик дагы кийлигишпейт. Себеп дегенде, күткөн деңгээлдеги бийлик элитасы азырынча өсүп чыгалектигин алар түшүндү. “Кишинев варианты кайталанып кетет деп ойлобойсузбу?” деген суроого саясат иликтөөчү: “Оппозиция шайлоодон кийинки окуяларга ставка жасап жатат. Добуштардын бурмаланышы элдин көчөгө алып чыкканга жакшы жүйө. Анан калса бүгүн оппозициянын кармана турган эч нерсеси калбай калды. Эгер Бакиев дагы ордунда кала турган болсо, бул саясый ишмерлердин саясаттагы жашоосу сяасый аренадан кетүү менен тамам болот. Ошондуктан алар акыр аягына чейин кармашат. Элди гана эки бөлүп албаса болду” деген оюн билдирди.

Орусиялык эксперт Андрей Грозин, “Кыргызстандын шайлоо процессине Орусия тарап кийлигишип жатат дегенге кандай ойдосуз?” деген кабарчынын суроосуна: “Ооба, белгилүү бир өлчөмдө кийлигишип жатат. Карыз акча бергени эле канчага турат. Мындай көлөмдөгү акча кайсы бир долбоорлорго эле эмес болочок шайлоо үчүн да берилет. Ошондуктан президент К. Бакиев үчүн 1-ден админстративдик ресурс иштесе, 2-ден Сталин убагындагыдай шайлоодо добуш бергендер эмес, добушту санагандар утат, демек добушту учурдагы Боршайком мурдагысынан да туура санап берет, 3-дөн Орусия менен Кытай үчүн ар кандай башаламандыкка караганда туруктуулук алда канча маанилүү” деп айтты.

Ошентип эксперттердин байкоосунда Кыргызстан үчүн сырттан коркунуч жок. Коркунуч болсо ичтен болушу ыктымал, аны да кыргызстандыктардын өзүлөрүнөн күтсө болот. Анткени, биз тирукмуш окуяларга бай, эртеңи эмне болорун аңдап билүүгө мүмкүн болбогон өлкөдө жашап турабыз

“МК Кыргызстан”
гезити 2007-жылы Казакстандын Маятас айылындагы ташбараң менен Петровка айылындагы ташбараңды салыштырат. Экөө бири бирине куюп койгондой окшоштугун сөз кылат. Ошо окуяда да Маятас айлынын тургуну бир апта мурун 4 жашар уулун 16 жаштагы күрт улутундагы жигит зордуктап салганын билдирип полицияга кайрылган. Анан жергиликтүү күрттар менен казактар кагылышкан кандуу жаңжал келип чыккан.

Ошондон улам көптөгөн күрт улутундагылар айылдан көчүп кетүүгө аргасыз болгон. Маятас айлында эле эмес, бүтүндөй Шымкентте “Күрттөр жоголсун!” деген чакырыктар илинип турган. Мына ушул окуяны окурмандардын эсине салган гезит: “Бийлик менен оппозиция бири биринин эсебин берүү аракетин көрүп аткан кезде, кайсы бир жерде “ушундай урушка” даярданып жаткандар болбосо экен, лидерлер кризистен чыгуунун реалдуу жолун элге көргөзө албай аткан кезде, өлкөнү башкара албагандар улут маселесин бетине кармап чыга калбаса экен дейсиң” деп жазды.

Ушул эле гезит: “Азырынча бир дагы саясый партия президенттик жарышка өз талапкерин атай элек, бирок элдин добушу үчүн болгон күрөш күжүлдөп күчүнө кирди. Ар качандан бир качан, сөзсүз шайлоо болор алдында улуттук азчылыктар эске түшө калмайын кантесиң” деп, жакында болуп өткөн Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын жыйынын мисалга тартты. Гезит андан ары телекөрсөтүүлөрдүн тили жөнүндөгү мыйзамга токтолуп, “эгер электрондук маалымат каражаттарынын тилинин 50 пайызы мамлекеттик тилге күчтөп өткөрүлө турган болсо, анда ал мыйзамды аткарууга финансылык да , техникалык да мүмкүнчүлүк болбойт, мыйзам иштебей токтоп калат” деп белгиледи.
XS
SM
MD
LG