Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:58

Кыргызстанда 27-июнда парламенттик республика «төрөлдү». Калктын басымдуу бөлүгү референдумда бул түзүлүштү колдоду. БУУ баштаган эл аралык уюмдар добуш берүү тынч өтүп, өлкө мыйзамдуулук мейкиндигине кадам таштаганын колдоп жатышат.

Бир гана Кыргызстандын авторитардык система өкүм сүргөн, же ошого ыктаган мамлекетерге бул анча жага бербегендей болуп калды.

Азамат Чодоев беш жылдан бери Чикаго шаарында жашайт. Кыргызстанда парламенттик республика "төрөлгөн" күнү Азамат уулдуу болду:

- Америкада төрөлүп, кыргыздын атын дүйнөгө таанытсын деген тилек менен уулума Манас деп ат койдук.

Чикагодо турган 400дөн ашык кыргыздар мекениндеги референдумда добуш бере алышкан жок. Вашингтондогу Кыргыз элчилигинен кабарлашып, бирок болжолу бул шаарда добуш берүүнү уюштурууга чамасы жеткен жок.

Дүйнөдө 50 чакты мамлекет бүгүн парламенттик системада жашайт, алардын ичинде Жапония, Монголия, Түркия, Пакистан, Бангладеш сыяктуу өлкөлөр президенттик системадан же монархиядан баш тартып, партиялардын атаандаштыгына жана таасирлүү өкмөт башчысына негизделген башкаруу системасын тандап алышкан. Бирок күчтүү президенттик, көп учурда авторитардык бийликке таянган коңшулар Кыргызстандагы жаңылануудан бүшүркөп жатканы байкалат. Орус президенти Медведев Кыргызстандын мындай система кура алаарынан күмөн санаарын ачык эле айтып чыкты.

Азамат Чодоев Кыргызстандын парламенттик системага өтүп жатышын оң көрүнүш деп баалайт жана Орусия көп партиялуу Кыргызстанды мурдагыдай башкара албай калам деп түйшөлүп жатат деп эсептейт:

Парламенттик республика деген жакшы нерсе. Кыргызстанда эки президент болду, алар өлкөнү кандай абалга келтиргенин көрдүк. Орусияга жакпай жатканы мурда Кремль Кыргызстанды Акаев, Бакиевдер аркылуу башкарчу. Азыр эми орустарга бизди башкарыш кыйындайт. Анткени эми мамлекеттик маселелерди бир киши эмес, парламент чечет.

29 жаштагы чикаголук жердешибиз Бишкектеги Айыл чарба акедемиясын аяктап, Германияда стажировкадан өткөн. Чет жактарда жүргөнүнө 10 жылдан ашкан жаш адис Кыргызстанда Бакиевдин бийлиги кулагандан бери "Бишкекке кайтсам, айыл-чарба тармагында өз алдынча иш ачсам" деген үмүт менен жүрөт. «Мендей кыргыз жаштары көп, паракорлор эле колкодон албаса, Кыргызстанды биз өзүбүз эле өзүбүздүн тапкан-ташыган каражатыбызга тикелеп алабыз» дейт Азамат Чодоев.

Франкфурттагы добуш берүү, Кыргыз консулаты, Деркембаевдин сүрөтү, 27-июн, 2010-ж.

Германия бир партиялуу системадан парламентаризмге Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин 1949-жылы өткөн. Данияр Деркембаев бул өлкөдө 15 жылдан бери жашайт. «Манас» Эл аралык достук уюмун жетектеген Деркембаев парламентаризм бардык көйгөйлөрдү жөнгөрө албаганы менен Кыргызстан үчүн ылайыктуу түзүлүш деп эсептейт:

Парламенттик системаны мен бардык ооруга дары деп санабайм, бирок башка жол жок. Буга чейинки Конституциялар менен бардык бийликти бир киши алып алып, андай башкаруу акыры кайгы менен бүттү.

Деркембаев ыр, повесттерди жазат, анын чыгармалары орус тилинде Кыргызстанда жана Германияда жарык көргөн. Ал кыргыз эли бүгүн улууларды сыйлоо, мекенге кызмат кылуу өңдөнгөн түпнегиз асыл-нарктардын айланасында бириксе гана, өлкөнүн келечегинен үмүт болот деп эсептейт. Бирдиктүү идеянын зарылдыгын ал Германиянын мисалында мындайча түшүндүрдү:

- Германияда абал бир аз башкараак. Мында мыйзамдын үстөмдүгү орногон. Бийликте кайсы партия болбосун, бардыгы биринчи кезекте мыйзамды сыйлайт, Кыргызстанда бул жок.

Данияр Деркембаев референдум күнү Германиянын Франкфурт шаарындагы кыргыз консулатына келип, 400 чакты киши менен кошо добуш берди. 27-июнда күн ачык болуп, дүйнөлүк футбол чемпионатында Германия Англия беттешкен. «Ошого карабастан, көптөгөн кыргыз жарандары жарандык турумун билдирип, таң эртең менен добуш берип жатышты» деп жазды Деркембаев өзүнүн Туиттер (Twitter) алакалашуу сайтындагы «Тынчтык жана туруктуулук үчүн» деген баяндамасында. Шайлоочулар түшкү саат экиде Кыргызстандагы соңку кагылыштарда набыт кеткендердин арбагын бир мүнөт унчукпай туруп эскеришти.

Германиянын Бремен шаарында жашаган крыгызстандыктар үчүн да референдум алыскы мекениндеги соңку окуяларды талкуулап, жердештерине тилектештик билдирүүнүн бир мүмкүнчүлүгү болуп калды. Берлинден келген кыргыз элчилигинин өкүлдөрү бул шаарда жашаган тилчи мугалим Гүлайым Байтерекованын үйүндө чогулган кыргыз жарандары менен жолугушуп, добуш берүү да ушул жерде болду. Бул тууралуу Байтерекова биздин радиого буларды билдирди:

Референдумга, Кыргызстандын келечегине абдан кабатыр болдук. Биздин кыргызстандык студенттер, токмоктук орус балдар, оштук өзбек студенттери келишти. Баарыбыз бир адамдай отуруп, "кудай кыргыз элибизге тынчтык берсин, ынтымак болсун, алдыга койгон максаттар ишке ашсын" деп тилек кылдык.

Ал эми алыскы Жапонияда жашаган Сейтек Качкынбаев референдумга барган жок:

- Мурдагы шайлоолордон жалкып калыптырмын. Добуш берсең да, бербесең да, баары бир эмес беле.

Сейтек Качкынбаев, 201

Бирок чыгыш таануучу, Токио университетинде салыштырмалуу саясат таануу боюнча илимий эмгек жазып жазган Сейтек референдумга барса, парламенттик системаны караган Конституцияны колдомок экендигин билдирди. Ал кыргыздар парламентаризмге даяр эмес деген ырастоого таптакыр кошула албастыгын айтып, өз пикирин мындайча түкшүмөлдөдү:

- Тобо кылдым, кыргыздар парламенттик системага даяр эмес деп жатышат. Даяр эмес экенибизди кайсы критерий, кайсы барометр менен изилдеп көрүшүптүр? Бизде жаманбы, жакшыбы, атуулдук коом деген бар. 19-20 жылда демократиянын даамын таттык. 2007-жылы пропорционалдык система киргизилген. Кандайдыр бир деңгээлде партиялар биригип, саясий атаандаштыкка шарт түзүлдү. Президент бийликке келсе, ал адам тез эле ханга айланып, өзүнүн уулдарын, туугандарын элди башкартып коерун, непотизмди, патрон-клиентализмди күчөтөөрүн көрдүк. Мындан жыйынтык чыгардык. Ушундай оркойгон далилдер турса, анан кантип кыргыздар парламентаризмге даяр эмес деп айтышат? Биз даяр эле болуп турабыз!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG