Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:35

"Чынында эле ал бир топ карама-каршылыктуу фигура” деп макаласын баштаган “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити Алмаз Атамбаев “оппозицияны кандай жол менен ийге келтирди экен?” деп суроо коюп, айрым бир интернет булактары маалымдагандай Алмаз мырза шайлоого жумшаш үчүн кайсы бирөөлөрдөн 10 млн. доллар алууга убадалашып келген имиш деп жазып чыкты.

“Санжарбек Кадыралиевдин өлтүрүлүшүнө байланыштуу парламентте жасалган “разборка”, “революциядан” кийинки буюртма киши өлтүрүүлөр, акырында элдин кулу деп эсептелип жүргөн бийликтин эч кандай буруу-терүүсүз эле кылмыш дүйнөсүнүн кулу болуп калгандыгы ар кандай ойлорго түртпөй койбойт.

Кеп 2005-жылдагы криминалдык күчтөрдүн көмөгү менен жасалган төңкөрүш, Акаевдин кубаланышы, анан кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы аталган Рыспек Акматбаевдин чаламандын чак түшүндө мамлекеттик органдардан жылуу орун талап кылып аянтта олтурганы, алтургай депутат болуп кала жаздаганында деле эмес, кептин баары мыйзам менен башкарыла турган мамлекетти башкаруу ыкмалары бандиттик ыкмалар менен башкарыла баштаганында болуп жатат.

Бул эч кандай акыл-эске сыйбай турган көрүнүш” деп жазган “МК Кыргызстан” гезитинин кабарчысы Елена Агееванын “Оорукчан “органдар” деп аталган макаласы Кыргызстандагы акыркы кандуу окуяны ар тараптан талдоого алган.

“Ошентип акыры оппозиция эл эсинде өзгөчө ажыдаар жөнүндөгү жомогу менен калган Алмаз Атамбаевди президенттикке талапкер кылып атады. Чынында эле ал бир топ карама-каршылыктуу фигура” деп макаласын баштаган “Московский комсомолец Кыргызстан” гезити Алмаз Атамбаев “оппозицияны кандай жол менен ийге келтирди экен?” деп суроо коюп, айрым бир интернет булактары маалымдагандай Алмаз мырза шайлоого жумшаш үчүн кайсы бирөөлөрдөн 10 млн. доллар алууга убадалашып келген имиш.

Атамбаев өзү бул жолку шайлоо деле таза өтөрүнө ишенбейт, бирок жеңип чыгарына ишенет. Дагы бир белгилеп кете турган жагдай "президенттик күрсү үчүн армиянын генералы Исмаил Исаков да күрөшкө аттанды” деп баяндады.

Гезит андан ары карай президент болгусу келип, жар салып чыккандардын ичинде Ооганстанды оңолгус тозокко салган апийим деген алааматты Кыргызстанга айдагысы келген профессор-нарколог Жеңишбек Назаралиев, президенттикке “түбөлүк” талапкер, Кыргызстандын Малайзия элчилигине сунушталып аткан Турсунбай Бакир уулунун аттарын атап, эпадам Т. Бакир уулуна Жогорку Кеңеш элчиликке жолдомо берип калчу болсо, анын “мусулмандар боюнча” ишенген шакирти Нурлан Мотуев жалгыз калабы?” деп суроо коет.

“Демек логика боюнча Мотуевге да кызмат сунуштоо керек. Мүмкүн Нурлан мырзаны Африка өлколөрүнүн бирине элчи кылып жөнөтүү ылайык болор беле, анткени анын алай-дүлөй түшкөн кызуу кандуу мүнөзү дал ушул аптаптуу Африка өлкөлөрүнө бап келет эле, бирок атаганат анда, элин эриктирбей, маал-маалы менен чыга калып турма Мотуеви жок, бечара Кыргызстанга бир топ эл кыйын болот го” деп жазып чыкты.

Аталган жумалык “Кадыралиевди кантип өлтүрүштү?” деген макалага окурмандардын назарын бурду. Автор: “Эмнегедир депутаттын өлүмү карапайым кыргызстандыктардын арасында уу-дуу сөзгө алынып, анча деле кеп боло бербегендиги кызык. Эч нерсе болбогондой турмуш өз нугунда уланууда. Сыягы 2005-жылдан бери карай депутаттардын биринин артынан биринин атылып өлтүрүлүшү акырындап олтуруп элди да кош көңүл абалга алып келип таштаган окшобойбу. Адамдар алтургай адамдарды чак түштө өлтүрүп кеткенге да көнүп бараткан сяыктанат” деп жазды.

Ушул эле окуяга бүгүн жарык көргөн “Дело №...” гезити да кайрылып, “Санжар соккуну күткөн эмес” деген макала арнады. Ошондой эле Алмаз Атамбаевдин “Акыйкат деген ачуу болот” деген ат менен маектешүүсү окурмандарга сунушталды. Маегинде Атамбаев өкмөт башчылыгына кандай жол менен барып калганын, ал Курманбек Бакиевге алгач ирет киргенде өкмөт башчылыгына Кубатбек Байболов менен Темир Сариевди сунуштаганын, бирок президент аны менен гана иштешем деп көшөрүп койгонун, мына ушулардын баары менен оппозиция мүчөлөрү дайыма жакшы кабардар болуп турганын, эл арасына кийин тарап кеткендей Атамбаев оппозицияны сатып кетпей эле, баары тескерисинче болгонун айтып берген.

Маектешүүнүн аягында “Реформа үчүн” кыймылынын ошол кездеги бийликке койгон 7 пункттан турган талаптары жана кыймыл мүчөлөрүнүн колу коюлган кагазынын ошо кездеги көчүрмөсү кошо басылып чыккан.

Гезит мунун менен бирге эле “Айлык менен жашаса болбойт беле” деген макаласын тартуулап, Кыргызстандын бийлик органдарын кармап туруш үчүн эле мамлекеттик казынадан жылыга 5 млрд. сомдон ашуун акча бөлүнөрүн мисалга тартты. Гезит кабарчысынын жазганы боюнча президент Курманбек Бакиев өз маянасы тууралуу бир да жолу сөз кыла элек. Мүмкүн ал коңшу мамлекет башчыларынын маянасына салыштырганда аз айлык аларына уялып жүргөн чыгаар. Кыргыз президентинин ырасмий айлыгы, анысы-мунусу кошулгандан кийин 60 миң сомдун айланасында.

Игорь Чудинов болсо колуна 24 миң 600 сом аларын ачык айткан жайы бар. Канткен менен Курманбек Бакиевдин маянасы КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын айлыгына караандабай турганы айдан ачык. Ал эми дүйнөдө эң көп маяна алган өлкө башчысы – Сингапурдун премьер-министри. Анын ай сайын ала турган жалыйнасы – 2 млн. 50 миң АКШ долларына барабар. Мурдагы Советтер Союзунун ичинен эң көп маяна алган президент маркум Сапармурад Ниязов болгон. Түркмөнбашы “Президент” деп аталган банк түзгөн. Анын уставдык фонду эле 60 млн. АКШ долларын чапчып турган. Түркмөндөрдүн азыркы президентинин айлыгы интернет булактарынын маалыматы боюнча – 5 миң доллар.

Ал эми профессионал жансакчыларга Кыргызстанда канча төлөшөт? Гезиттин жазганы боюнча бери дегенде 1000 доллар. Ал эми Орусия менен Казакстанда жансакчылар үчүн мындан төлөшөт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG