Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:35

Нарында кар көчкүдөн бир адамдын өмүрү кыйылды


21-мартта Казыбек айыл аймагындагы Шырыкты кыштоосунда 1970-жылы туулган адам мал издеп чыгып, кар көчкүнүн алдында калган.

22-мартта каза болгон чабандын туугандары жана малчылар издөө иштерин жүргүзүп, көчкү алдынан анын жансыз денесин табышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын сөөгү Казыбек айыл аймагынын Жаңы-Күч айылындагы жакындарына өткөрүлүп берилди.

Нарында 12-марттан бери калың кардан айрым кыштоо, айылдарга каттоо үзүлүп калган. Аба ырайына байланыштуу Торугарт-Көк-Кыя-Кында жолу жабылып, өрөөндөгү кыштоолорго каттоо үзүлгөн. Жергиликтүү бийлик чабандар менен байланышып турганын, ооруп, кыйналгандар жок экенин маалымдаган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин облустук бөлүмүнүн адистери да жашоочуларга телефондон байланышып жатканы кабарланган. (SDz)

XS
SM
MD
LG